Ош шаарында №16 Кесиптик лицейинде 2024-жылдын 4-декабрында DARYA SCAFFOLD карталар топтому боюнча семинар болуп өттү.
Семинарга Ош облусундагы кесиптик лицейлерден төмөнкү категориядагы кызматкерлер катышты:
1 өндүрүштүк окутуунун устаты
1 предметтик мугалим
1 атайын технология мугалими
Жалпы катышуучулардын саны — 42 адам.
Семинарда DARYA SCAFFOLD карталар топтому боюнча теориялык жана практикалык темалар талкууланып, кесиптик билим берүүнү жакшыртуу, жаңы методикаларды жана технологияларды колдонуу боюнча билим берүү жана тажрыйба алмашуу болуп өттү.