Күбөлүк/ Свидетельство

Лицензия

Сертификаттар/Сертификаты

Паспорт

Толук аталышы: №16 Кесиптик лицей

Кыскартылган аталышы: № 16 КЛ.

Уюштурулган жылы: 1964 г.

Юридикалык дареги: Ош шаары, С. Касымбеков көчөсү 4.

Байланыш телефондор: (03222) 8-49-18,  Fax 8-49-15.

E-mail pi16@list.ru

Негиздөөчү:

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министлиги

Уставы: 

2009 жылдын 06 август №1/326 токтому менен негиздөөчү   тарабынан бекитилген жана Кыргыз Республикасынын юстициясы тарабынан 2009жылдын 17 августта №ГПР 0081577 кайра каттоодон өткөн.

Миссия

  • Мамлекеттик стандарттын негизинде, эмгек рыногунун жана жумуш берүүчүлөрдүн  талаптарына дал келген  компетенттүү өз ишмердүүлүгүндө атаандаштыкка туруштук бере алган жумушчу кадрларды даярдоо;
  • Жаштарды адеп-аклахга ,маданияттуулукка жана жалпы адамзат баалуулуктарын сактоого тарбиялоо менен бирге өлкөбүздөгү алдынкы окуу жайлардын катарын толуктоо.

 

Негизги максаты:

  • Эмгек рыногунун талаптарына ылайык жогорку квалификациялуу жумушчу кадрларды даярдоодо алдыңкы окуу жай болуу.
  • Кыргыз Республикасынын экономикасынын өсүп өнүгүшүнө салым кошуу.

Негизги милдеттери:

  • Материалдык техникалык базаны чыңдоо.
  • Билим берүүнүн сапатын камсыздоо.
  • Инженердик-педагогикалык курамдын квалификациясын жогорулатуу.
  • Студенттердин инсандык жана кесиптик сапаттарын, толеранттуу дүйнө таанымын жана патриоттуулугун калыптандыруу.

Лицейдин ички жана тышкы рыноктордон гранттарды алууда ар кандай конкурстарга жана долбоорлорго катышуу.

Маалымат

  •           Азыркы учурда 9-класстын базасында төмөнкү кесиптер боюнча адистерди даярдоо жүргүзүлөт:
    • Автоунаа жабдыктарын оңдоочу жана тейлөөчү автослесарь;
    • Электр жана газ менен ширетүүчү;
    • Электр жабдууларын оңдоочу жана тейлөөчү электромонтер;
    • Тигүүчү, тигүү жабдууларынын оператору;
    • Кургак курулуш адиси.

        11-класстын базасында төмөнкү кесиптер боюнча адистерди даярдоо жүргүзүлөт:

    • Автоунаа жабдыктарын оңдоочу жана тейлөөчү автослесарь;
    • Электр жана газ менен ширетүүчү;
    • Электр жабдууларын оңдоочу жана тейлөөчү электромонтер;
    • Тигүүчү, тигүү жабдууларынын оператору;
    • Кургак курулуш адиси;
    • Web сайт түзүүчү;
    • Компьютер жана офистик техниканы оңдоочу жана тейлөөчү адис;
    • Слесарь-сантехник.

    №16 кеситпик лицейдин базасында Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы жана КӨФ көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду тарабынан жумушсуз жарандарга эмгек рыногуна керектүү кыска мөөнөттүү курстарды уюштуруп окутууга, адистерди даярдоого толук шарт түзүлгөн.

    Кыска мөөнөттө төмөнкү кесиптер боюнча окуу жүргүзүлөт:

    • Тигүүчү;
    • Электрогазширетүүчү;
    • Электромонтер;
    • Автоэлектрик;
    • Автослесарь.

           2017- жылы №16 Кесиптик лицей мамлекеттик аккредитациядан өтүп жана бир  канча кесиптер боюнча окутууга сертификатка ээ болгон.     №16 Кесиптик лицейдин алдындагы «Жаштык» жатаканасы 200 окуучуну кабыл алып келет. Жатаканада  окуучуларга билим алганга жана жашаганга толук шарттар түзүлгөн. Ошондой эле лицейде ашкана иштеп окуучуларды үч маал тамак менен камсыздап берет.  

      Кесиптик лицейдин педагогикалык жамааты талаптарга толук жооп берет: мугалимдер жогорку билимдүү, устаттар кесиби боюнча билимге ээ жана тажрыйбалуу. Кесиптик лицейде окуучулар өз билимин толуктоого жана жөндөмдөрүн өркүндөтүүгө толук шарттар түзүлгөн. Лицейдин окуучулары шаардык олимпиадаларга,  лицейлер аралык спорттук мелдештерге катышып байгелүү орундарга жетишип келишет . Ошондой эле бүтүрүүчүлөр ЖРТ га катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан. Лицейде майрамдар жана даталуу күндөрдө тайпалык мелдештер жана конкурстар окуучулардын катышуусунда кызуу өткөрүлүп турат.  Алыскы райондордон келген окуучуларга лицей жатаканасында толук шарттар түзүлгөн. Лицей окуучулары үч маал тамак менен камсыздалган.    

    1. №16 Кесиптик лицейдин МТБсы

     Кесиптик лицейдин 1-окуу корпусунда  23 теориялык окуу кааналары, электрондук доска жана  3 компьютердик кааналары, 1 компьютердик лаборатория, окуу залы менен китепкана , усулкана жайгашкан.

  • 2-окуу корпусунда : 4 тигүү өнөрканалары, 2 ширетүүчү устаканалары, 1 электромонтер кесиби боюнча лаборатория жана окуу полигону, 2 устакана автоунаа оңдоочу адистиги боюнча, 1-сантехник кесибинин устаканасы, 2 кургак курулуш адистиктин устаканалары  жайгашкан.      Лицейде 2спорт зал, 200 орундуу жатакана жана ашкана менен камсыздалган.   

    1. №16 Кесиптик лицейдин ИПКнын сапаттык курамы:

     Жалпы билим берүүчү предметтер боюнча  Ош областык билим өркүндөтүү институтунан 12 мугалим квалификациясын жогорулатты; РИМБ тарабынан 2 мугалим жана 5 өндүрүштүк окутуунун устаттары квалификациясын жогорлатуудан өтүштү. 

    1. №16 Кесиптик лицейдин окуучулары тууралуу маалымат:

       Кесиптик лицейде окуу жылы 1- сентябрда башталып 30- июнда аяктайт. Лицей тайпалары үчүн сабактар бир сменада саат 8:30 башталып, 13:30 аяктайт, алты күн жүргүзүлөт. Кесиптик лицейде күндүзгү бөлүмдө 848 окуучу билим алышат;Кыска мөөнөтүү курстарда 144 окуучу окушат.

Билим берүү сапаты

Проснувшись однажды утром после беспокойного сна, Грегор Замза обнаружил, что он у себя в постели превратился в страшное насекомое.

Билим берүү концепциясын өнүктүрүү боюнча иш планы

Стратегиялык план 2019-2022-год

Лицейдин сыйлыктары