«Алтын күздүн адабий обону»: №16 Ош кесиптик лицейинде чыгармачылык кече өттү.

Поэзия, музыка, бий жана сахналык өнөр айкалышкан «Адабий күз» кечеси окуучулардын чыгармачылык жөндөмүн ачып, көрүүчүлөргө өзгөчө маанай тартуулады.
Күз — табияттын алтын түскө боёлуп, адамдын жан дүйнөсүнө өзгөчө көрк жана поэтикалык маанай тартуулаган мезгили. Ушундай керемет мезгилде №16 Ош кесиптик лицейинде орус тили жана адабиятынын айлыгына арналган «Адабий күз» аттуу адабий-музыкалык кече өткөрүлдү.
Иш-чара окуучулардын орус тилине жана адабиятына болгон кызыгуусун арттыруу, көркөм окуу жөндөмүн өнүктүрүү, чыгармачылык шыгын колдоо жана адабият аркылуу руханий дүйнөсүн байытуу максатын көздөдү.
Кече учурунда окуучулар орус адабиятынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн күз мезгилин даңазалаган ырларын көркөм окуп, өздөрүнүн тил билүү деңгээлин, сахна маданиятын жана чыгармачылык жөндөмдөрүн көрсөтүштү. Ар бир чыгарманы аткарууда көркөм сөзгө болгон сүйүү, даярдыктын жогорку деңгээли жана адабий мураска болгон урмат-сый байкалды.
Поэзия, музыка жана бий — бир сахнада
Кеченин көркүн поэзия менен катар музыка жана бий толуктады. «Осенний сон» күүсүнүн коштоосунда 1- жана 2-курстун студенттери назик вальс бийин аткарып, көрүүчүлөргө эстетикалык ырахат тартуулашты.
Ал эми 1-курстун студенти Фатима өз калемине таандык ырларын көркөм окуп берип, көрүүчүлөрдүн көңүлүн өзгөчө бурду. Анын чыгармачылык аракети жаштардын арасында адабиятка, поэзияга жана өз оюн көркөм сөз аркылуу жеткирүүгө болгон кызыгуу бар экенин дагы бир жолу далилдеди.
«Репка» жомогу — жаңыча чечмелөөдө
Иш-чаранын кызыктуу учурларынын бири — орус элинин белгилүү «Репка» («Шалгам») жомогунун заманбап үлгүдө сахналаштырылышы болду. Катышуучулар жомоктун мазмунун бүгүнкү күндүн жаштарына жакын тамашалар, заманбап сөз айкаштары жана шаңдуу кыймылдар менен айкалыштырып, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты.
Бул көрүнүш окуучулардын сахнада эркин иштөө, образ жаратуу, өз ара кызматташуу жана чыгармачылык менен ой жүгүртүү жөндөмдөрүн көрсөттү.
Иван Буниндин чыгармасы аркылуу адам тагдырына саресеп
Орус адабиятынын көрүнүктүү өкүлү Иван Буниндин «Тёмные аллеи» чыгармасынын негизинде даярдалган сахналык көрүнүш кеченин мазмунун тереңдетти. Студенттер Николай Алексеевич менен Надежданын көп жылдардан кийинки жолугушуусун сахналаштырып, адам тагдыры, өткөн өмүр, сүйүү жана өкүнүч темаларын көркөм чагылдырышты.
Каармандардын ички сезимдерин сахна аркылуу жеткирүүгө жасалган аракет көрүүчүлөрдү ойго салып, адабий чыгармалардын адамдын жан дүйнөсүн таанып-билүүдөгү маанисин ачып берди.
Улуттардын маданиятын даңазалаган бийлер
Кеченин шаңын  66-67  тайпаларынын кыздары бийлеген, орус элинин бийлери дагы өзгөчө болду.  Ар бир бий өзүнө мүнөздүү ыргак, кыймыл жана улуттук өзгөчөлүктөрү менен айырмаланып, көрүүчүлөрдүн жылуу кабыл алуусуна ээ болду.

Мындан тышкары, мугалимдер менен студенттердин биргелешип катышуусунда кызыктуу конкурстар уюштурулуп, залда күлкү, кубаныч жана жагымдуу маанай өкүм сүрдү. Мындай иш-чаралар окутуучулар менен студенттердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү бекемдеп, жамааттык ынтымакты чыңдоого өбөлгө түзөт.
«Мыкты» деген наамдан да жогору — чыгармачылык жана биримдик
Кечеде өзүнчө «мыкты катышуучу» наамын аныктоочу сынак өткөрүлгөн жок. Анткени бул иш-чаранын башкы максаты жеңүүчүнү тандоо эмес, ар бир катышуучуга өзүнүн жөндөмүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берүү, чыгармачылыкты колдоо жана биргелешкен эмгектин баалуулугун даңазалоо болду.
Иш-чаранын ар бир катышуучусу өзүнүн аракети, таланты жана даярдыгы менен кеченин ийгилигине салым кошту.
«Орус үйүнүн» өкүлүнөн жылуу пикир.
Кечеге ардактуу конок катары «Орус үйү» — билим берүү жана маданият борборунун башкы адиси Валентина Викторовна катышты. Ал лицейдин жамаатына ыраазычылык билдирип, орус тилин үйрөнүүгө жана жайылтууга багытталган иштердин маанилүүлүгүн белгиледи.
Өз сөзүндө ал:
«Эмне демекчимин, азаматсыздар! Абдан сонун! Лицейде орус тилин өнүктүрүп, жайылтып жатканыңыздар үчүн чоң рахмат!» — деп, иш-чаранын уюштуруучуларына жана катышуучуларына жылуу пикирин билдирди.
Анын бул сөздөрү лицейдин педагогикалык жамаатынын эмгегине берилген жакшы баа болуп, мындан аркы чыгармачылык иштерге дем-күч берди.
Жыйынтык
«Адабий күз» кечеси — тилди үйрөнүү, адабиятты таануу, чыгармачылыкты өнүктүрүү жана маданий баалуулуктарды урматтоо бир максатка бириккен мазмундуу иш-чара болду.
Бул кеченин ийгилигине салым кошкон орус тили жана адабияты мугалимдерине, даярдык көргөн студенттерге, чыгармачылык өнөрүн тартуулаган катышуучуларга жана ардактуу конокторго терең ыраазычылык билдиребиз.
Өнөрлүү жаштарыбыздын шыгы өркүндөп, билимге болгон кызыгуусу артып, чыгармачылык жолдору ийгиликтерге бай болсун!
№16 Ош кесиптик лицейи — билимге, өнөргө жана келечекке умтулган жаштардын ордосу!

№16 кесиптик лицейинде «Ата-эне — лицей — окуучу: биргелешкен жоопкерчилик жана ийгилик» аттуу жалпы ата-энелер чогулушу болуп өттү.

Быйылкы окуу жылында №16 кесиптик лицейинде 1 жана 2-курстун студенттеринин ата-энелери үчүн эки күнгө созулган масштабдуу жалпы ата-энелер чогулушу жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Иш-чаранын башкы максаты – ата-энелер менен лицейдин кызматташтыгын бекемдөө, студенттердин билим алуусу, тартиби, кесиптик даярдыгы жана коопсуздугу боюнча биргелешкен жоопкерчиликти күчөтүү.
Ата-энелерди лицейдин кире беришинен эле мугалим-устаттар жылуу тосуп алып, каттоодон өткөрүп, жагымдуу маанай тартуулашты. Айрыкча 2-курстун сулуу кыздары улуттук меймандостукту көрсөтүп, ысык чай, кофе жана даамдуу таттуулар менен тосуп алганы келген конокторго өзгөчө жагымдуу сезим тартуулады.
Чогулуштун расмий бөлүгү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни менен башталды. Андан соң лицей жөнүндө видеоролик көрсөтүлүп, лицейдин таланттуу жаш агай-эжекелер, окуучу кыздары тарабынан даярдалган сонун концерттик программа тартууланып, келген коноктордун маанайын көтөрдү.
Иш-чараны лицейдин директору Абжалиева Нематхон Токобековна куттуктоо сөзү менен ачып, катышкан ата-энелерге терең ыраазычылык билдирди.
Чакырылган кадырлуу коноктор жана маанилүү маселелер
Бул жолугушуу өзгөчө мааниге ээ болуп, окуучулардын коопсуздугун жана социалдык абалын көзөмөлдөө максатында шаардык мекемелердин атайын өкүлдөрү чакырылды:
Кулуева Гүлбара Сабиралиевна – Ош шаарынын мэриясынын алдындагы тармактык «Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү борборунун» директору;
Абсадыкова Элиза Абдыкасымовна –  Ош шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын «Үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн» башкы адиси;
Орозбеков Бехзат Орозбекович – Ак-Буура милиция бөлүмүнүн Тергөө кызматынын башчысы;
Капарова Алтынай Абдыкадыровна – Ак-Буура милициясынын Жашы жете электердин иштери боюнча инспекциясынын улук тескөөчүсү, милициянын майору;
Досматов Бактыбек Болушбаевич – Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн жашы жете электер боюнча инспектору, милициянын улук лейтенанты.
Күн тартибиндеги негизги багыттар:
Үй-бүлөдө ата-эненин орду жана балага болгон мамиле – Кулуева Г. С.
Укук бузуулардын алдын алуу жана укуктук жоопкерчилик – ЖЖИ( ИДН) кызматкерлери.
Балдардын билим алуусу, тарбиясы, кесиптик даярдыгы жана келечеги үчүн лицей менен кызматташууну бекемдөө, туура багыт көрсөтүү – лицейдин директору Абжалиева Н. Т.
Окуу-методикалык иштер, сабакка катышуу жана өздөштүрүү көрсөткүчтөрү — окуу-методикалык иштер боюнча директордун орун басары Нышанова К.
Билим сапаты, ЖРТ жана «Электрондук күндөлүк» – окуу бөлүмүнүн башчысы Жылчыева Г.
Лицейдин ички тартиби, коопсуздук эрежелерин сактоо, адептүүлүк жана ата-энелер менен тыгыз кызматташуу –  тарбия иштери боюнча директордун орун басары Байтикова Н.
Окуудагы жетишкендиктер жана стипендия төлөө тартиби –  усулчу Каримова А.
Өндүрүштүк окутуу жана өндүрүштүк практикага жайгаштыруу –  улук устат Шааболотов А.
Жатаканадагы тартип жана жашоо шарттары — жатакана жетекчиси Жалалова М.
Чогулуштун соңунда ата-энелер уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, өздөрүн кызыктырган суроолорду узатып, тиешелүү жоопторду алышты. Мындай жолугушуулар мугалим, окуучу жана ата-эне ортосундагы байланышты бекемдеп, балдардын жаркын келечеги үчүн чоң кадам болоруна ишенебиз.

ОКУУЧУЛУК ДООРДУН ЭҢ ТАТТУУ КҮНДӨРҮ — №16 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙДИН «ЖАШТЫК» ЖАТАКАНАСЫНДА!

 
Окуучулук жылдар — адам өмүрүнүн эң унутулгус, кайталангыс жана кубанычка толгон баракчасы. Ал эми бул таттуу көз ирмемдердин борбору — №16 кесиптик лицейдин «Жаштык» студенттик жатаканасы! 
Бул жер жөн гана баш калкалоочу жай эмес, бул — жаштарыбыздын достугу бекемделген, кесиптик чеберчиликке үйрөнүп, келечекке ишенимдүү кадам таштаган куттуу очогу.
«Жаштык» жатаканасынан орун алган заманбап шарттар жана мүмкүнчүлүктөр:
Жатакана атайын секцияларга бөлүнүп, кыздарга жана балдарга өзүнчө ыңгайлаштырылган. Бөлмөлөрдө жумшак керебет (диван), заманбап эмеректер бар жана кышкысын абдан жылуу, таза.
Атайын тамак даярдоочу жай: Муздаткычтар (холодильник), плиталар жана керектүү тиричилик шаймандары менен камсыздалып, окуучулар каалаган тамактарын даярдап жешет.
Жыйын залы: Ар кандай тарбиялык иш-чараларды, уюштуруу чогулуштарын өткөрүүгө ылайыкталган кенен зал.
Кол өнөрчүлүк канасы: Окуучулардын чыгармачылыгын өстүрүүгө, чеберчиликке үйрөнүүгө жана бош убактысын пайдалуу өткөрүүгө арналган атайын бөлмө.
Эс алуу бөлмөсү: Сабактан кийин окуучулардын эркин эс алуусу жана жаңылыктарды, берүүлөрдү көрүүсү үчүн телевизор орнотулган жайлуу зона.
Тазалык жана гигиена шарттары: Ар дайым ысык-муздак суусу бар заманбап душ бөлмөлөрү жана кир жуучу машиналар менен толук камсыздалган.

Жатаканада ар бир окуучу өзүн коопсуз жана үйдөгүдөй сезүүсү үчүн тажрыйбалуу жатакана башчысы Жалалова Махабат эжеке жана тарбиячылар күн сайын камкордук менен иш алып барышат.
Окуучулардын тарбиясына, жашоо шартына жана коопсуздугуна лицейдин директору Нематхон Токобековна Абжалиева өзгөчө көңүл буруп, жатакананын абалын дайыма колдоосунда жана жеке көзөмөлүндө кармайт.
Окуучулук доордун эң таттуу күндөрү — №16 кесиптик лицейде!

Ош шаарында «2026–2030-жылдарга өнөкөт бөйрөк оорусун профилактикалоо, диагностикалоо жана дарылоо системасын өркүндөтүү» мамлекеттик программасын ишке ашыруу алкагында №16 кесиптик лицейде атайын иш-чара өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №618 токтомун жана Ош шаарынын мэриясынын тиешелүү чечимдерин ишке ашыруу алкагында, №16 кесиптик лицейинде жаштардын жана эмгек жамаатынын саламаттыгын чыңдоого багытталган өзгөчө жана абдан пайдалуу кездешүү болуп өттү.

Иш-чарага атайын чакыруу менен медицина тармагынын тажрыйбалуу адистери — Мирсаитов Чингиз Булатович (уролог, бөйрөк оорулары боюнча мыкты адис) жана Турдубай кызы Нуржамал (ден-соолукту чыңдоо боюнча атайын адис) келип катышты.
​Кездешүүдө эмнелер айтылды?
Дарыгерлер өнөкөт бөйрөк ооруларынын алдын алуу, организмди ашыкча туз, шекер жана зыяндуу адаттардан коргоо, ошондой эле күнүмдүк турмушта туура тамактануу менен суу балансын сактоонун маанилүүлүгүн интерактивдүү форматта түшүндүрүп беришти.
​«Өз убагында жасалган профилактика — келечектеги чың ден-соолуктун кепилдиги!» — деген башкы кайрылуу менен адистер катышуучуларды өз ден-соолугуна кайдыгер карабоого жана үзгүлтүксүз текшерилип турууга чакырышты.
​Катышуучулар өздөрүн кызыктырган көптөгөн суроолорго дарыгерлерден түз жана профессионалдуу жоопторду алышты. Андан сырткары, лицейдин медайымы, «Коопсуз сергек жашоо мүнөзү» сабагы боюнча мугалими Топчубаева Майрамкан эже аягында жыйынтыктап, оорунун алдын алуу боюнча кеңири маалымат берип кошумчалады.
​Биздин лицей ар дайым сергек жашоо образын жана жаштардын аң-сезимдүү келечегин колдойт!

№16 кесиптик лицейде киберкылмыштуулуктун жана дропперликтин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

​№16 кесиптик лицейде жаштар арасында киберкылмыштуулуктун алдын алуу, интернеттеги коопсуздукту камсыздоо жана «дропперлик» (мыйзамсыз акча каражаттарын айлантууга катышуу) сыяктуу укук бузууларга бөгөт коюу максатында атайын жолугушуу уюштурулду.
​Иш-чаранын алкагында «Жаштык» жатаканасында жашаган окуучулар үчүн укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда маанилүү түшүндүрүү жана алдын алуу лекциясы өткөрүлдү.
​Жолугушууга чакырылган коноктор:
​Мирланбек уулу Азизбек — Ош ШИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн Киберкылмыштарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук ыкчам өкүлү, милициянын капитаны;
​Аликулов Азамат Маматмусаевич — Ош ШИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн Киберкылмыштарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам өкүлү, милициянын капитаны;
​Досмотов Бакыт Болушбаевич — Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнүн ЖПКПнын улук лейтенанты.
​Иш-чарада каралган негизги маселелер:
​Жолугушуунун жүрүшүндө адистер окуучуларга азыркы санариптик доордо кеңири жайылып жаткан интернет-шылуундуктун түрлөрү, социалдык тармактардагы коопсуздук эрежелери жана банктык карталар аркылуу жасалган кылмыштар боюнча кеңири маалымат беришти.
​Өзгөчө көңүл «дропперликке» бөлүндү. Тагыраагы, жеңил акча табуу убадаларына азгырылып, өзүнүн банктык карталарын же электрондук капчыктарын чоочун адамдарга колдонууга берүү оор кылмыш болуп саналаары жана ал үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганы эскертилди.
​Окуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алып, интернеттеги шектүү сунуштардан кантип сактануу керектиги боюнча пайдалуу кеңештерди алышты.

«Русский дом» (Ош шаарындагы Россотрудничество) жетекчилиги менен жолугушуу.

Бүгүн Ош шаарындагы №16 кесиптик лицейде 2-курстун окуучуларынын Россиянын билим берүү жана маданият борбору — «Русский домдун» жетекчилиги менен жолугушуусу болуп өттү.
«Русский домдун» жетекчиси Дмитрий Николаевич Авраам лицейдин окуучуларын жана кызматкерлерин жылуу маанайда тосуп алып, куттуктады. Ошондой эле «Литературный диктант» сынагынын жеңүүчүлөрүнө дипломдорду тапшырды.

Борбордун жетектөөчү адиси Валентина Викторовна да окуучуларды куттуктап, мындай диктанттардын маанилүүлүгү тууралуу айтып берди. Ал орус тилинин Кыргызстанда өнүгүшүнө, жаш муундардын тилге болгон кызыгуусун арттырууга жана орус тилин жаштар арасында жайылтууга багытталган иш-чаралардын маанисин белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө окуучуларга Россияга иштөө же окуу максатында баруу үчүн зарыл болгон документтер, жолугушу мүмкүн болгон кыйынчылыктар жана Россия Федерациясынын мыйзамдарын билүүнүн маанилүүлүгү тууралуу кызыктуу видеоматериалдар көрсөтүлдү. Ошондой эле Россия менен Кыргызстандын ортосундагы өз ара кызматташтык, коомдук жайларда жана транспортто өзүн туура алып жүрүү, жүрүм-турум маданиятын сактоо эрежелери жөнүндө маалымат берилди.
Жолугушуунун алкагында «Русский домдун» жетекчиси лицейге окуу китептерин жана окуучулар менен окутуучулар үчүн көркөм адабияттарды белекке тапшырды.

Мындан тышкары, коноктор лицейдин китепкана фонду менен таанышып, китепкананын башчысы Хакимова Феруза Фанилевна менен маектешишти. Алар Россияда китепкана кызматкерлери үчүн өткөрүлүүчү семинарлар жана окуу курстары тууралуу маалымат берип, Феруза Фанильевнага алардын өткөрүлүү мөөнөттөрүнө байланыштуу жаңылыктарга көз салып турууну сунушташты.
Лицейдин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Нурайым эжеке «Русский домдун» жетекчилигине лицей менен тыгыз кызматташып, орус тили жана адабияты мугалимдерин колдоп, билим берүү тармагына салым кошуп келе жаткандары үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди.
Жолугушууда 2-курстун окуучулары Жаныл Мырза жана Абдулло да өз ойлорун бөлүшүп, «Русский домго» болгон ыраазычылыктарын билдиришти. Алар борбордун ишмердүүлүгү менен жакшы тааныш экендиктерин, анын иш-чараларына үзгүлтүксүз катышып келишерин белгилешти. Ошондой эле экинчи жылдан бери сынактардын катышуучулары жана жеңүүчүлөрү катары сертификаттарды жана дипломдорду алып жатышканына кубанычтарын билдиришти.

Лицейдин окуу методикалык иштери боюнча директордун орун басары Нишанова Кайыргүл эжеке лицейдин администрациясынын атынан конокторго жылуу сөздөрүн айтып, ыраазычылыгын билдирди.
Жолугушуу жылуу маанайдагы чай үстүндө уланды.
Бул жолугушуу билим берүү мекемелери ортосундагы достук мамилени бекемдеп, окуучулардын билимге, тил үйрөнүүгө жана маданияттар аралык байланыштарга болгон кызыгуусун арттырган маанилүү иш-чара болду.
№16 кесиптик лицейдин жамааты «Русский домдун» жетекчилигине мазмундуу жолугушуу, көрсөткөн колдоосу жана баалуу белектери үчүн терең ыраазычылык билдирет!
Баарыбызга тынчтык, ынтымак, достук жана жакшылык каалайбыз!

Келечекке кадам: Кесиптик лицейдин окуучулары Т.Сатылганов атындагы Ош облусттук китепканасында болушту.


​Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Ош областтук китепканасы атайын келишимдин жана кызматташуунун алкагында №16 Кесиптик лицейдин жигердүү окуучуларын кучак жайып тосуп алды.
​ «Китепканада элдин үзгүлтүксүз билим алууга жана өнүгүүгө мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү» долбоорунун алкагында саамалык жогорку деңгээлде уюштурулду.
​ Иш-чаранын негизги учурлары:
​Ысык салам жана ачылыш: Китепкананын директору Бапиева Динара Сапарбаевна катышуучуларды куттуктап, китепкананын заманбап мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди.
​Даяр буюмдардын презентациясы: «Мурас» инновациялык колледжи, YOUTH OSH жана «Мүмкүнчүлүктөр дүйнөсү» борбору тарабынан даярдалган эмгектердин көрсөтүүсү өттү.
​Пайдалуу мастер-класстар:
​Улуттук кол өнөрчүлүк: сайма саюунун жаңы идеялары жана улуттук оймо-чиймелер;
​Бычуу жана тигүү: кездемелер менен иштөө, токуу ыкмалары;
​Санариптик сабаттуулук: Киберкоопсуздук эрежелери;
​Экологдук демилгелер: Климатты сактоо боюнча («Экоплаза») маалыматтар.

Мындай иш-чаралар жаштарга практикалык көндүмдөрдү калыптандырууга, өз ара тажрыйба алмашууга жана келечектеги кесибинде жаңы ийгиликтерге жетишүүгө чоң өбөлгө түзөт.

Жаштардын билимге, өнөр үйрөнүүгө болгон умтулуусу өлкөбүздүн өнүгүшүнө кошулган чоң үлүш! 

Таалим-тарбиянын булагы болгон ардактуу мугалимдер, майрамыңыздар куттуу болсун!

Кесиптик лицейбизде кесиптик майрам — Мугалимдер күнүнө карата окуучулар тарабынан даярдалган өзгөчө концерттик программа болуп өттү. Иш-чара абдан жогорку деңгээлде өтүп, жылуу маанайга жана кубанычка бөлөндү.
​Концерттин жүрүшүшүндө окуучулар мугалимдер жана устаттарына деген терең ыраазычылыгы чагылдырылды. Жаш өнөрпоздордун аткаруусундагы соонун ырлар, көркөм окуп берүүлөр жана улуттук каада-салтты чагылдырган бийлер көрүүчүлөрдүн маанайын көтөрүп , алкыштарга татыды. Жылмайган жүздөр, ыраазычылык сөздөр жана майрамдык маанай бүтүндөй окуу жайыбызды курчады.
​Лицейдин жамааты жана окуучулары бардык ардактуу мугалимдерди кесиптик майрамы менен чын жүрөктөн куттуктап, келечек муунду тарбиялоодогу түйшүктүү жана аруу эмгегине терең таазим этет. Сиздерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана ишиңиздерге чоң ийгиликтерди каалайбыз!

№16 Кесиптик лицейдин окуучулары музейлерге экскурсияга барышты.


​Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин буйругунун негизинде, ошондой эле билим алуучулардын улуттук сыймык сезимин жана тарыхый-маданий баалуулуктарын чыңдоо максатында №16 Кесиптик лицейдин окуучулары үчүн таанышуу экскурсиясы уюштурулду.
​Экскурсиянын алкагында окуучулар:

 Ош шаарында жайгашкан «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексине;
 Тургунбай Садыков  атындагы көркөм сүрөт музейге барышты.
​ Экскурсия учурунда окуучулар:
 Байыркы бабаларыбыздын тарыхы, музейдеги уникалдуу скульптуралар жана көркөм сүрөт эмгектери менен таанышышты;
 Улуттук искусствонун тарыхы жана өнүгүү жолу тууралуу кызыктуу маалыматтарды алышты;
 Кыргыз элинин түпкүлүгү, басып өткөн жолу жана бай маданий мурастары, баалуу экспонаттар менен жакындан таанышып, эстетикалык табити менен маданий көрөңгөсүн байытышты.
​Мындай тарыхый-маданий объекттерге баруу окуучулардын мекенчилдик сезимин чыңдап, дүйнө таанымын кеңейтүүгө чоң өбөлгө түзөт. Жаштарыбызды улуттук баалуулуктарга, искусствого жана Мекенди сүйүүгө тарбиялаган мындай иш-чаралар мындан ары да улантылмакчы! 

23-сентябрь Мамлекеттик тил күнү!

Бүгүн №16 Кесиптик лицейде Кыргыз тили күнүнө арналган салтанаттуу линейка болуп өттү. Таланттуу окуучуларыбыз бул күндү белгилөө үчүн атайын иш-чара даярдашты. Программада бийлер, ырлар, ыр саптарын көркөм окуу, ошондой эле «Манас» эпосунан үзүндү жана акындардын чыгармаларын аткаруу камтылды.

Линейканын максаты — эне тилдин маанилүүлүгүн эске салуу жана мекенге, улуттук маданиятка жана тарыхка болгон патриоттук сезимдерди ойготуу болду.