№16-Кесиптик техникалык окуу жайы 1964-жылы 8-августа №175 буйруктун негизинде түзүлгөн жана ошол эле жылдын 29-декабрында эксплуатацияга берилген.

  • Мастердин жардамчысы;
  • Токуучу;
  • Ийирүүчү;
  • Түрүүчү;
  • Жабдыктарды оңдоочу кесиптерине жумушчу кадрларды даярдаган.

1967-жылы Оштогу пахтадан кездеме токуу комбинаты курулуп ишке киргизилгенден төмөнкү адистиктерге жаш жумушчу кадрларды даярдай баштаган:

  • Токуучу;
  • Ийирүүчү;
  • Тегиздөөчү;
  • Түрүүчү;
  • Даяр продукцияларды текшерүүчү;
  • Электрик;
  • Мастердин жардамчысы

           

Окуу жайдын окуучулары Ош шаарындагы комбинаттарда эле эмес Союздун бир канча шаарларында, атап айтсак Фрунзе, Воронеж, Туймазы, Андижан, Ленинград, Рига шаарларындагы женил  өнөр жайларда практикада болушкан.

1993-жылы 6-августта аталган окуу жай №01/170. буйрук менен   1993-ж.6-августта Ош шаарындагы №16 Кесиптик Лицей болуп кайра түзүлгөн .

Биздин окуу жай ушул мезгилге чейин түрдүү адистиктерге 24 минден ашуун жумушчу кадрларды даярдап келүүдө.Азыркы мезгилде 9 кесип боюнча адистерди даярдайт;

Бүгүнкү күндө оку жайда 862  окуучу билим алып, тандаган кесибинде үйрөнүп жатышат. Бардык окуучулар акысыз тамак-аш менен камсыз болушат, жакшы окуган окуучулар стипендия алышат. 9-класстын базасында тапшырган окуучуларга лицейди бүткөндөн кийин орто билими жөнүндө аттестат, адистиги  боюнча диплом берилет.

Окуу жайдын жамааты бүгүнкү күндө 104  инженер-педагогикалык жана техникалык кызматкерлерден турат:

  1. Административдик башкаруу курамы – 6
  2. Окутуучулар – 34
  3. Устаттар – 30
  4. Тарбиячылар -3
  5. Бухалтерлер -3
  6. Техникалык ж-а кенже тейлөөчү кызматкерлер -28

Анын ичинен кесиптик билим берүүнүн мыктылары -12