Абитуриент

Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейи 2021-2022-окуу жылына окуучуларды кабыл алууну жарыялайт.

Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицей Кыргыз Республикасынын түштүк регионундагы жалпы билим берүүчү жана кесиптик борбор болуп эсептелет.

Биздин лицей мыкты адистерди даярдоодо жогорку потенциалга ээ. Урматтуу мектеп бүтүрүүчүлөрү, эгер сиздер эмгек рыногунда керектүү кесипкөй адис болуп ийгиликтүү болгуңуз келсе, биз сиздерди Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейинде күтөбүз.