№16 Кесиптик-техникалык окуу жайы 1964-жылдын 8-августунда №175 буйруктун негизинде түзүлүп, ошол эле жылдын 29-декабрында пайдаланууга берилген. Окуу жай алгачкы жылдары жеңил өнөр жай тармагына керектүү жумушчу кадрларды даярдоону баштаган.
Баштапкы мезгилде төмөнкү кесиптер боюнча адистер даярдалган:
- мастердин жардамчысы;
- токуучу;
- ийирүүчү;
- түрүүчү;
- жабдыктарды оңдоочу.
1967-жылы Ош шаарында пахтадан кездеме токуу комбинаты ишке киргизилгенден кийин окуу жай жаш жумушчу кадрларды төмөнкү адистиктер боюнча даярдай баштаган:
- токуучу;
- ийирүүчү;
- тегиздөөчү;
- түрүүчү;
- даяр продукцияларды текшерүүчү;
- электрик;
- мастердин жардамчысы.
Окуу жайдын окуучулары Ош шаарындагы ишканаларда гана эмес, мурдагы Союздун бир катар шаарларында — Фрунзе, Воронеж, Туймазы, Андижан, Ленинград, Рига шаарларындагы жеңил өнөр жай ишканаларында өндүрүштүк практикадан өтүшкөн. Бул тажрыйба алардын кесиптик чеберчилигин арттырып, жогорку деңгээлдеги адис болуп калыптанышына өбөлгө түзгөн.
1993-жылдын 6-августунда №01/170 буйруктун негизинде окуу жай кайра түзүлүп, Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицей болуп атала баштаган.
Учурда лицей 9 кесип боюнча адистерди даярдайт.
Азыркы мезгилде окуу жайда 816 окуучу билим алып, тандаган кесиби боюнча теориялык жана практикалык билимдерди өздөштүрүп жатышат. Бардык окуучулар акысыз тамак-аш менен камсыз болушат. Жакшы окуган жана коомдук иштерге активдүү катышкан окуучуларга стипендия берилет.
9-класстын базасында кабыл алынган окуучулар лицейди аяктагандан кийин жалпы орто билим жөнүндө аттестат жана тандаган адистиги боюнча мамлекеттик үлгүдөгү диплом алышат.
Окуу жайдын жамааты 104 инженер-педагогикалык жана техникалык кызматкерлерден турат:
- административдик башкаруу курамы – 6;
- окутуучулар – 34;
- өндүрүштүк окутуунун устаттары – 30;
- тарбиячылар – 3;
- бухгалтерлер – 3;
- техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкерлер – 28.
Жамааттын курамында кесиптик билим берүүнүн мыктылары болгон 12 педагог эмгектенет.
№16 Кесиптик лицей бүгүнкү күндө заман талабына ылайык материалдык-техникалык базасын чыңдап, атаандаштыкка жөндөмдүү, эмгек рыногунда талап кылынган адистерди даярдоону улантып келет.
