Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы №200 токтому менен бекитилген 2021–2040-жылдары Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү программасынын негизинде, Билим берүү жана илим министрлиги 2026-жылга карата иш-аракеттер планынын алкагында, ошондой эле “Алтын казык” билим берүү системасын трансформациялоо программасын ишке ашыруу максатында, “Worldskills Kyrgyzstan” жумушчу кесиптер боюнча  үчүнчү чемпионаты уюштурулду. Бул иш-чара жаштар арасында кесиптерди жайылтуу жана жумушчу кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатууга багытталган.

2026-жылдын 30-31–Март күндөрү Ош шаарындагы №12 Кесиптик лицейинде өткөрүлгөн регионалдык WorldSkills Кыргызстан – жумушчу кесиптер чемпионатында №16 Кесиптик лицейдин технология мода боюнча катышуучусу № 48-ПТ-2024 тайпасынын окуучусу Маматжанова Тахмина Мурзажановна I орунду ээлеп, Республикалык турга жолдомо алды. Ширетүү технологиясы боюнча № 53-СВ-2024 тайпасынын окуучусу Тажидинов Ахрорбек Акмалжанович II орунду ээледи.