Ош шаарында №16 Кесиптик лицейинде 2024-жылдын 4-декабрында DARYA SCAFFOLD карталар топтому боюнча семинар болуп өттү.

Семинарга Ош облусундагы кесиптик лицейлерден төмөнкү категориядагы кызматкерлер катышты:

  • 1 өндүрүштүк окутуунун устаты
  • 1 предметтик мугалим
  • 1 атайын технология мугалими

Жалпы катышуучулардын саны — 42 адам.

Семинарда DARYA SCAFFOLD карталар топтому боюнча теориялык жана практикалык темалар талкууланып, кесиптик билим берүүнү жакшыртуу, жаңы методикаларды жана технологияларды колдонуу боюнча билим берүү жана тажрыйба алмашуу болуп өттү.