Азыркы учурда 9-класстын базасында төмөнкү кесиптер боюнча адистерди даярдоо жүргүзүлөт:- Автоунаа жабдыктарын оңдоочу жана тейлөөчү автослесарь;
- Электр жана газ менен ширетүүчү;
- Электр жабдууларын оңдоочу жана тейлөөчү электромонтер;
- Тигүүчү, тигүү жабдууларынын оператору;
- Кургак курулуш адиси.
11-класстын базасында төмөнкү кесиптер боюнча адистерди даярдоо жүргүзүлөт:
- Автоунаа жабдыктарын оңдоочу жана тейлөөчү автослесарь;
- Электр жана газ менен ширетүүчү;
- Электр жабдууларын оңдоочу жана тейлөөчү электромонтер;
- Тигүүчү, тигүү жабдууларынын оператору;
- Кургак курулуш адиси;
- Web сайт түзүүчү;
- Компьютер жана офистик техниканы оңдоочу жана тейлөөчү адис;
- Слесарь-сантехник.
№16 кеситпик лицейдин базасында Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы жана КӨФ көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду тарабынан жумушсуз жарандарга эмгек рыногуна керектүү кыска мөөнөттүү курстарды уюштуруп окутууга, адистерди даярдоого толук шарт түзүлгөн.
Кыска мөөнөттө төмөнкү кесиптер боюнча окуу жүргүзүлөт:
- Тигүүчү;
- Электрогазширетүүчү;
- Электромонтер;
- Автоэлектрик;
- Автослесарь.
2017- жылы №16 Кесиптик лицей мамлекеттик аккредитациядан өтүп жана бир канча кесиптер боюнча окутууга сертификатка ээ болгон. №16 Кесиптик лицейдин алдындагы «Жаштык» жатаканасы 200 окуучуну кабыл алып келет. Жатаканада окуучуларга билим алганга жана жашаганга толук шарттар түзүлгөн. Ошондой эле лицейде ашкана иштеп окуучуларды үч маал тамак менен камсыздап берет.
Кесиптик лицейдин педагогикалык жамааты талаптарга толук жооп берет: мугалимдер жогорку билимдүү, устаттар кесиби боюнча билимге ээ жана тажрыйбалуу. Кесиптик лицейде окуучулар өз билимин толуктоого жана жөндөмдөрүн өркүндөтүүгө толук шарттар түзүлгөн. Лицейдин окуучулары шаардык олимпиадаларга, лицейлер аралык спорттук мелдештерге катышып байгелүү орундарга жетишип келишет . Ошондой эле бүтүрүүчүлөр ЖРТ га катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан. Лицейде майрамдар жана даталуу күндөрдө тайпалык мелдештер жана конкурстар окуучулардын катышуусунда кызуу өткөрүлүп турат. Алыскы райондордон келген окуучуларга лицей жатаканасында толук шарттар түзүлгөн. Лицей окуучулары үч маал тамак менен камсыздалган.
- №16 Кесиптик лицейдин МТБсы
Кесиптик лицейдин 1-окуу корпусунда 23 теориялык окуу кааналары, электрондук доска жана 3 компьютердик кааналары, 1 компьютердик лаборатория, окуу залы менен китепкана , усулкана жайгашкан.
2-окуу корпусунда : 4 тигүү өнөрканалары, 2 ширетүүчү устаканалары, 1 электромонтер кесиби боюнча лаборатория жана окуу полигону, 2 устакана автоунаа оңдоочу адистиги боюнча, 1-сантехник кесибинин устаканасы, 2 кургак курулуш адистиктин устаканалары жайгашкан. Лицейде 2спорт зал, 200 орундуу жатакана жана ашкана менен камсыздалган.
- №16 Кесиптик лицейдин ИПКнын сапаттык курамы:
Жалпы билим берүүчү предметтер боюнча Ош областык билим өркүндөтүү институтунан 12 мугалим квалификациясын жогорулатты; РИМБ тарабынан 2 мугалим жана 5 өндүрүштүк окутуунун устаттары квалификациясын жогорлатуудан өтүштү.
- №16 Кесиптик лицейдин окуучулары тууралуу маалымат:
Кесиптик лицейде окуу жылы 1- сентябрда башталып 30- июнда аяктайт. Лицей тайпалары үчүн сабактар бир сменада саат 8:30 башталып, 13:30 аяктайт, алты күн жүргүзүлөт. Кесиптик лицейде күндүзгү бөлүмдө 848 окуучу билим алышат;Кыска мөөнөтүү курстарда 144 окуучу окушат.