№16-Кесиптик техникалык окуу жайы 1964-жылы 8-августа №175 буйруктун негизинде түзүлгөн жана ошол эле жылдын 29-декабрында эксплуатацияга берилген.
- Мастердин жардамчысы;
- Токуучу;
- Ийирүүчү;
- Түрүүчү;
- Жабдыктарды оңдоочу кесиптерине жумушчу кадрларды даярдаган.
1967-жылы Оштогу пахтадан кездеме токуу комбинаты курулуп ишке киргизилгенден төмөнкү адистиктерге жаш жумушчу кадрларды даярдай баштаган:
- Токуучу;
- Ийирүүчү;
- Тегиздөөчү;
- Түрүүчү;
- Даяр продукцияларды текшерүүчү;
- Электрик;
- Мастердин жардамчысы
Окуу жайдын окуучулары Ош шаарындагы комбинаттарда эле эмес Союздун бир канча шаарларында, атап айтсак Фрунзе, Воронеж, Туймазы, Андижан, Ленинград, Рига шаарларындагы женил өнөр жайларда практикада болушкан.
1993-жылы 6-августта аталган окуу жай №01/170. буйрук менен 1993-ж.6-августта Ош шаарындагы №16 Кесиптик Лицей болуп кайра түзүлгөн .
Биздин окуу жай ушул мезгилге чейин түрдүү адистиктерге 24 минден ашуун жумушчу кадрларды даярдап келүүдө.Азыркы мезгилде 9 кесип боюнча адистерди даярдайт;
Бүгүнкү күндө оку жайда 862 окуучу билим алып, тандаган кесибинде үйрөнүп жатышат. Бардык окуучулар акысыз тамак-аш менен камсыз болушат, жакшы окуган окуучулар стипендия алышат. 9-класстын базасында тапшырган окуучуларга лицейди бүткөндөн кийин орто билими жөнүндө аттестат, адистиги боюнча диплом берилет.
Окуу жайдын жамааты бүгүнкү күндө 104 инженер-педагогикалык жана техникалык кызматкерлерден турат:
- Административдик башкаруу курамы – 6
- Окутуучулар – 34
- Устаттар – 30
- Тарбиячылар -3
- Бухалтерлер -3
- Техникалык ж-а кенже тейлөөчү кызматкерлер -28
Анын ичинен кесиптик билим берүүнүн мыктылары -12