«Ачык эшиктер күнү»

Бүгүн 27-апрель Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейинде «Ачык эшиктер күнү» өткөрүлдү. Лицейге Ош облусундагы жана Ош шаарындагы мектептердин бүтүрүүчүлөрү класс жетекчилер менен биргеликте катышты. Иш чара алгач лицейдин материалдык-техникалык базасы менен тааныштыруудан башталып, маданий музыкалык борборунда уланды. Анда лицейдин окуу-тарбия жана социалдык маселелер боюнча директордун орун басары Ахунбаева Назгүл Раимжановна  «Кесип тандоо, турмуш тандоого тете» экендигин баса белгилеп, туура чечим кабыл алууга чакырды.

Лицейде билим жана кесип алууга бардык мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгилеп кетти. Лицейдин окуучулары тарабынан келген конокторго концерттик программа даярдалып жана жагымдуу маанай тартууланды.

Окуучуларды жетектеп келген КР Эмгек социалдык камсыздоо министрлигинин Ош шаарындагы башкармалыгынын башкы адистери Абдыкадырова Роза Айратовна, Ибрагимова Наргиза Сейтбековна, Раимберди уулу Сайназар жана жалпы конокторго ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

“Эч ким, эч нерсе, эч качан унутулбайт!”

Бүгүн 27- апрель күнү №16 Кесиптик лицейдин I- курсунун 2-ШВ-2021-тигүүчү тайпасына “Эч ким, эч нерсе, эч качан унутулбайт!” аттуу Жеңиш күнүнө арналган эскерүү сабагы болуп өттү. Сабакты «Убакыт башкарылбайт» адабий ийриминин жетекчиси, орус тили жана адабияты мугалими Анара Джорабаева алып барды. Сабакка Ооган жана Баткен окуясынын ардагерлери,  Шералиев Манас, Ражапов Тажибай, Орунбаев Орозали чакырылган, азыркы мезгилде алар Ош гарнизгнунун аскердик госпиталынын кызматкерлери.

Көп жылдардан бери лицей Ош шаарындагы «Россия кызматташтыгы» агентствосунун  «Орус үйү» Россия илим жана маданият борбору менен кызматташып, лицейде өткөрүлгөн иш чараларга катышып келет.

Бул сапар да  Орус үйүнүн куратору Кунанбаева Елена Георгиевна, Россия мугалими, Эл аралык конкурстардын катышуучусу  Бучнева Светлана Валентиновна, Орус үйүнүн директорунун милдетин аткаруучу Ангелина Владиславовна, оператор Максим мейманда болушту жана лицейдин администрациясы болушту.

 Алардын баары алыскы аймактардан келип, орус тилин туура үйрөнүп жаткан балдар жөнүндө жылуу пикирлерин айтышты.

Адабий ийримдин жетекчиси А.А.Джорабаева орус тилин жана адабиятын студенттер арасында жайылтуу үчүн ыраазычылык кат менен сыйланды.

Ооган жана Баткен окуяларынын ардагерлери аскер кызматкерлеринин татаал жолу, салгылашуулар, Ата-Мекенди коргоо жөнүндө айтып, жаштарды курман болгондордун элесине таазим этип, татыктуу болууга чакырышты.

Алар азыр да кызмат өтөп жатканын, бирок ал жылдарды, курман болгон жоокерлерди эч качан унутпай турганын айтышты.

 

В Профессиональном лицее №16  прошел урок памяти, посвященный дню Победы , «Ничто не забыто, никто не забыто».

Урок прошел в группе 2-ШВ-2021 по профессии швеи, первого курса.

Урок провела руководитель литературного кружка , «Время неподвластно», учитель русского языка и литературы Анара Джорабаева.

  На урок приглашены ветераны Афганских и Баткенских событий:

Шералиев Манас, Ражапов Таджибай, Орунбаев Орозали, в данное время они являются сотрудниками военного госпиталя Ошского гарнизона.

В течении многих лет лицей сотрудничает с Русским Домом г. Оша, они являются частыми гостями в лицее, участвуют на различных мероприятиях.

Бучнева Светлана Валерьевна исполняющий обязанности директора Русского Дома, куратор Елена Георгиевна Кунанбаева, учитель из России, участник международного конкурса Ангелина Владиславовна, оператор Максим пришли с отличным настроем к детям.

 Все они тепло отзывались о детях, которые приехав из дальних районов учатся говорить правильно на русском языке.

Руководитель литературного кружка Джорабаева А.А была отмечена благодарственным письмом за продвижения русского языка и литературы среди учеников.

Ветераны Афганских и Баткенских событий рассказывали о трудном пути военных, о боях, о защите Отечества, они призывали молодежь чтить память павших и быть достойными.

Говорили о том, что и сейчас продолжают службу ,но никогда не забывают те годы и павших бойцов.

Зам директора лицея Евсюкова Р.Н поблагодарила всех присутствующих

  за память, за подвиги ,а учеников поблагодарила, что они помнят ,чтят и вспоминают ветеранов.

Завуч лицея поблагодарила за урок, гостей за воспоминания, за наказы данные ими ученикам.

Сотрудники Русского дома тепло поблагодарили всех и пожелали дальнейшего сотрудничества с лицеем.

Билимдүү болсоң озосуң

Ош шаарынын мэриясы Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети тарабынан уюштурулган Ош шаарында орто окуу жайларындагы студенттер арасында «Жаз жарыгы» аттуу интеллектуалдык оюнунда №16 Кесиптик лицейдин студенттери активдүү катышып «Мыкты команда» деген дипломго ээ болушту

Бүтүрүүчүлөрдүн ийгиликтери

№ 16 Кесиптик лицейдин 2021-2022-окуу жылындагы бүтүрүүчүлөрү практика учурунда ар бир кесиптин ээлери  кесиптерин өздөштүрүүдө  өз чеберчилигин өркүндөтүп көрсөтө алды. Атап айтсак: «Тигүүчү» кесибиндеги студенттер өндүрүштүк практика учурунда кесиптин мыктысы деген диплом жана ардак грамоталарга ээ болушту. Мындан тышкары республикалык сынактарга жана спорттук иш чараларында мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөтүштү.

8-ШВ-2021-тайпасынын студенти Акылбек кызы Айпери “Мухаммед-Умар”  коомдук бирикмеси жана “Kitep_kg” дүкөнү уюштурган “Мекенди сүйүү-ыймандан” аттуу республикалык көркөм окуу сынагына катышып, 3060катышуучунун арасынан 3-орунду ээледи.

Дагы Улан Эгизбаев атындагы коомдук жаштар бирикмеси уюштурган  республикалык  сынакка “Келечек өз колубузда ” деген темада эссе жазып  жалпы 700 катышуучунун эссесинин ичинен 3-орунду алды.

Тигүүчү тайпасында ачык сабак

2022-жылдын 30-март күнү өндүрүштүк окутуунун устаттары Мамырова Бүкалча Маматовна жана
Каниетова Турганбү Тополоңовна тарабынан I-курстун 1-ШВ-2021-тайпасына Кокетканын түрлөрү.
Түз бычылган кокетканы иштетүү темасы боюнча ачык сабак өткөрүлдү.

Кут толгон Нооруз майрамы

Жаз да келип жер уйкудан жанданат,

Көңүлдөргө майрам шаңы башталат.

Жаркыраган жаздын мындай келиши,

Санжыралуу Нооруз деп аталат.

Ынтымак болуп элибизде,

Достуктун туусу желбиресин жерибизде.

Тынчтыктын көгүчкөнү бийик учуп,

Ырыскы-таалай, бакыт келсин жерибизге.

Нооруз мусулман элинин жаңы жылы болуп эсептелет. Миңдеген жылдар өтсө да майрамдын формасы менен маңызы болгону болгондой сакталып, чыныгы элдик майрам бойдон калууда. Нооруз майрамында жакшы тилек, ой санаалар айтылып Умай эненин аластоо жөрөлгөсү жакшылыктан кабар берет. «Нооруз» – «Жыл башы», «Жаңы жылдын башы» майрамы.

2022-жылдын 18-мартында лицейибизде Нооруз майрамы өткөрүлдү. Майрамдын жүрүшүндө студенттер тарабынан оюн-зоок, ыр-бий, ошондой эле улуттук тамактардын жарманкеси көрсөтүлдү. Лицей директору өз куттуктоо сөзүндө Нооруз эли-жерибизге жалаң гана жакшылыктарды, токчулук-молчулукту, ыйман-ырысты, ынтымак берекени алып келүүсүн каалады.

 Ак калпак күнү

Асманда жарык көрсөң жылдыз деп бил,

Ак калпак кийгендерди кыргыз деп бил.

Ак калпак байыртан эле кыргыз эркектеринин улуттук баш кийими, ата-бабаларыбыздын мурасы катары саналып, өзүнө терең философияны камтыйт. Формасы, оймо-чиймелери, өзгөрбөстөн муундан муунга өтүп келген.

Ош шаарында Ак калпак күнүнө карата калаанын Токтогул Сатылганов атындагы сейил багында Ак калпак инсталияциясы ачылды. Ага лицейибиздин студенттери да барып массалык жөө жүрүш жана ошондой эле Ак калпак инсталияциянын ачылышына катышып келишти.

Бүгүнкү 5-март Ак калпак күнүнө карата лицейде салтанаттуу линейка өткөрүлдү. Анда лицейдин администрациясы тарабынан куттуктоолор жана жылуу сөздөр айтылды. Кыргыздын мырзаларынын акылы тунук, абийри таза, башы бийик жана көрөңгөсү улуу болсун.

Ак калпак күнүңүздөр менен куттуктайбыз!

Гуляй Масленица

2022-жылдын 3-март күнү лицейибизде орус тили жана адабияты мугалими Пиримкулова Дамира Мадаминовна тарабынан орус элинин кыш узатуу жана жазды тосуп алуу « Масленица» майрамына карата класстан тышкаркы иш чара өткөрүлдү.

Катышкан окуучулар өздөрүнүн ыр, бий жана кол өнөрчүлүктөрүн көрсөтүштү. Мугалимдер жана окуучулар эң жакшы маанайда кабыл алышты.

Дүйнөдө желбирей бер кыргыз туусу!

1992-жылы 3-март Кыргыз Республикасынын

кызыл Туусунун күнү.

Бул 1991-жылы 31-августта Кыргызстандын

 эгемендүүлүккө ээ болгон күн.

Эгемен мамлекеттин өз алдынчалыгын

далилдеген негизги белгилер:

Мамлекеттик Туу, Герб жана Гимн.

3-март Кыргыз Туусунун түзүлгөндүгүнүн 30 жылдык мааракесине карата лицейибизде салтанаттуу линейка болуп өттү. Анда мамлекет үчүн Туунун мааниси, аткарган кызматы, анын ыйыктыгы, желектин бир түстүү кызылдыгы эрдиктин тайманбастыктын символу, аалам катары дүйнөнү алда канча кеңири түшүнүүдө бир айлампага бириктирилген кырк нур байыркы кырк уруунун бирдиктүү Кыргызстанга бириккендигин айгинелегендиги жөнүндө студенттерге кеңири маалымат берилди.

Ошондой эле тарыхчы мугалимдер тарабынан Кыргыз Туусу күнүнө карата класстык саат өткөрүлдү. Анда Туунун түзүлгөндүгү анын авторлору жана башкалар кеңири түшүндүрүлдү. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунда күн менен айкалыштырылган түндүк Кыргыз Республикасында – тоолуу өлкөдө ынтымактуу жашаган баардык элдердин биримдигин билдирет.

Желек туудан бөлүнбөй,

Жердин жүзү көрүнбөй.

Асаба туудан бөлүнбөй,

Асман чаңдан көрүнбөй.

Бай Жакыптын кызыл туу,

Байкаганга сөзү бу:

Кыргыздын кыйла тобунан,

Алыс жерден калган туу.

Башкы атасы Бабыркан,

Андан калган ушул туу.

Дайыма асманыбыз ачык болуп желбирей бер Кыргыз Туусу!

Көктөм жыттанган жаз

Бүгүн 26-февраль №16 Кесиптик лицейде Ош шаарынын Мэриясы тарабынан уюштурулган «Өз дарагыңды отургуз» акциясына биздин лицейдин мугалимдери жана студенттери тарабынан окуу жайдын айланасына Өзбекстан Республикасынан алынып келинген Кут дарагы отургузулду.

Аты айтып тургандай эле Кут дарагы шаарыбызга кут алып келсин, шаардын көркүнө көрк кошуп экологияга жакшы таасирин тийгизип көп жылдык дарактардан болсун.

Шымаланып эмгекчилер эринбей,

Жатып ичкен жалкоолукка берилбей.

Жердин бети жыбыраган аракет,

Калганы жок эмгек жакка теминбей.

Көчөттөрдүн бак болуп жетилүүсүнө лицейдин жамааты жана студенттери өз салымын кошуп аяр мамиле кылсак окуу жайдын көркү дагы да ачылат.