2025-жылдын 2-июль күнү Ош шаарындагы №16 кесиптик лицейинде салтанаттуу аттестат тапшыруу аземи болуп өттү. Бул өзгөчө күндө лицейди ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчүлөргө билим алгандыгы тууралуу расмий аттестаттар салтанаттуу түрдө ыйгарылды.
Иш-чарага лицейдин жетекчилиги, окутуучулар жамааты, ата-энелер жана коноктор катышып, бүтүрүүчүлөргө жүрөктөн чыккан ак тилектер айтылды. Бүтүрүүчүлөр мугалимдерине терең ыраазычылыгын билдиришти.
№16 кесиптик лицейи өзүнүн бүтүрүүчүлөрүнө келечекте зор ийгиликтерди, асыл максаттарына жетүүлөрүн жана өз кесибинин мыкты адиси болушун каалайт. Алар кайда жүрбөсүн, лицейдин атын бийик көтөрүп, мекенге татыктуу кызмат кылаарына терең ишенет!
2025-жылдын 16-июнь күнү Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейинде бүтүрүүчү курстагы окуучулар үчүн кыргыз тили жана орус тили сабагы боюнча мамлекеттик бүтүрүү экзамени өткөрүлдү.
2025-жылдын 5-июнь күнү Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейинде бүтүрүүчү курстагы окуучулар үчүн алгебра сабагы боюнча мамлекеттик бүтүрүү экзамени өткөрүлдү.
2025-жылдын 2-июнь күнү Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейинде бүтүрүүчү курстагы окуучулар үчүн кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты сабактары боюнча мамлекеттик бүтүрүү экзамени ийгиликтүү өткөрүлдү.
Бул маанилүү күнү лицейдин бүтүрүүчүлөрү алган билимдерин тастыктап, өздөрүнүн жетишкендиктерин көрсөтүштү. Экзамен белгиленген тартипке ылайык өткөрүлдү.
Мамлекеттик жыйынтыктоочу экзаменди лицейдин директору Абжалиева Нематхон Токобековна ачып берип, бүтүрүүчүлөрдү экзамен күнү менен куттуктап, алдыдагы экзамендерди ийгиликтүү тапшырып алууну жана келечекте мындан чоң-чоң ийгиликтерди багынтуусуна тилектеш экендигин билдирди.
Мамлекеттик экзамен — бул окуучулардын билим сапатын текшерүү менен катар алардын жоопкерчилигин жана келечекке болгон даярдыгын көрсөтүүчү маанилүү баскыч болуп саналат.
2025-жылдын май айында Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейинде салтанаттуу “Акыркы коңгуроо” аземи болуп өттү. Бул майрамдык иш-чарага лицейдин жетекчилиги, мугалимдер жана устаттар, бүтүрүүчү окуучулар, алардын ата-энелери жана меймандар катышышты.
Салтанатты лицейдин директору ачып, бүтүрүүчүлөргө жүрөктөн чыккан куттуктоо сөздөрүн айтып, алардын келечектеги иштерине ийгиликтерди каалады. Ошондой эле, окуу процессинде өзгөчөлөнгөн, жетишкендиктери менен айырмаланган алдыңкы бүтүрүүчүлөргө ардак грамоталар жана ыраазычылык баракчалары тапшырылды.
Майрамдык иш-чара окуучулар тарабынан даярдалган концерттик программа менен уланды. Концертте ырлар, бийлер жана куттуктоо сөздөрү көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулады.
Салтанаттын жүрүшүндө бүтүрүүчүлөр жана алардын ата-энелери мугалимдерге жана устаттарга терең ыраазычылыгын билдирип, жылуу сөздөрүн айтып, гүлдестелерди тапшырышты. Алардын алкыш сөздөрү чыныгы майрамдык атмосфераны түздү.
Бул унутулгус күн бүтүрүүчүлөрдүн эсинде өмүр бою сакталат деген ишеничтебиз. “Акыркы коңгуроо” ар бир бүтүрүүчү үчүн жаңы турмуштун башаты, жаңы үмүттөрдүн жана максаттардын башталышы болуп эсептелет.
2025-жылдын 21- майында, саат 10:00дө Кара-Суу райондук маданият үйүндө Кыргыз Республикасынын социалдык өнүктүрүү министрлигинин Карасуу шаардык Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы жана билим берүү мекемелери, иш берүүчүлөр менен биргеликте «Бош орундардын жана билим жарманкесин» өткөрдү.
Иш-чаранын максаты – билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, эмгек рыногунда алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, жумушсуз жарандарды ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү.
Бош орундар жана билим жарманкесине иш берүүчүлөр, кесиптик лицейлер, жеке билим берүү борборлору жана бейөкмөт уюмдар катышты.
Биздин лицейдин Ө/о устаттары жана окуучулары да барып активдүү катышып келди.
Ош мамлекеттик университетинин Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунун Филологиялык билим берүү технологиялары кафедрасы тарабынан уюштурулган «Студенттер күндөлүгү» аттуу мотивациялык-семинарга Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейдин студенттери активдүү катышып кайтышты.
Семинарды белгилүү акын, жазуучу, педагог, Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча атайын долбоордун башкы адиси, Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин окутуучусу Бектурали Исамидин уулу алып барды.
Иш-чаранын жүрүшүндө Бектур мырза заманбап жашоодогу креативдүүлүктүн мааниси, ааламдашууда адамдын орду, маалымат булагы катары колдонулган телефон жана анын пайдасы менен зыяны тууралуу терең ой бөлүштү. Ошондой эле, кеп чеберчилиги, күндөлүк жазуу маданияты жана анын жашоодогу ролу жөнүндө таасирдүү баяндама жасады. Айрыкча, күндөлүк жазууда ой-тилек, максат жана жетишкендиктерди кагаз бетине түшүрүү адамга чоң мотивация бере турганын белгилеп, жеке тажрыйбасынан мисалдар менен бөлүштү.
Семинардын жүрүшүндө студенттер менен жандуу пикир алышуу болуп, катышуучулар ар түрдүү суроолорду берип, пайдалуу жоопторду алышты. Өзгөчө активдүүлүк көрсөткөн жана суроолорго туура жооп берген студенттерге белектер тапшырылып, дем берүүчү жагымдуу атмосфера түзүлдү.
Бул семинар студенттер үчүн терең таасир калтырган, мотивация жана ой жүгүртүү жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган маанилүү иш-чара болду. Катышуучулар жаңы билимге, чыгармачылыкка жана максаттуу жашоого шыктанышып, чоң таасир менен кайтышты
2025-жылдын 29-апрелинде С. Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театрында бош жумуш орундар жана кесиптер жарманкеси болуп өттү. Иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Салтанат Аманова, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Азатович Сабиров, JIA бизнес-ассоциациясынын өкүлдөрү, жергиликтүү ишкерлер жана жогорку окуу жайлардын студенттери катышышты.
Жарманкеде 40тан ашуун тармакта иш алып барган алдыңкы компаниялар тарабынан 2000ден ашуун бош жумуш орундары сунушталып, катышуучулар үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.
Бул иш-чарага Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейдин жамааты да активдүү катышты.
23-апрель – Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата лицейде тез окуу боюнча конкурс өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты – окуучулардын китепке болгон кызыгуусун арттыруу, окурмандык маданиятын өнүктүрүү жана тез, түшүнүктүү окуу көндүмдөрүн жакшыртуу болду. Конкурска ар тайпадан активдүү окуучулар катышып, өздөрүнүн окуу ылдамдыгы жана түшүнүү жөндөмдүүлүгү боюнча күч сынашты.
Жыйынтыгында мыкты көрсөткүчкө жетишкен жеңүүчүлөр грамота менен сыйланышты. Бул иш-чара лицейдин маданий-агартуучулук ишмердүүлүгүндө маанилүү орунду ээлеп, окуучулар арасында китеп окууга болгон кызыгууну дагы бир жолу күчөттү.
2025-жылдын 25-апрель күнү Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейде «Ачык эшик» күнү өткөрүлүп, көптөгөн кызыктуу жана маанилүү иш-чаралар уюштурулду. Кесиптик лицейге мектептен келген конокторду лицей жамааты шаӊдуу музыка жана жылуу маанай менен көӊүлдүү тосуп алышты. Бул иш-чаранын негизги максаты — лицейдин ишмердүүлүгүн жана окутулуп жаткан кесиптер, материалдык-техникалык базасы менен кеңири тааныштыруу.
Ачык эшиктер күнү боюнча лицей окуучулары өз колдору менен жасаган кол өнөрчүлүк иштерин көрсөтүштү. Коноктор аларды кызыгуусу менен карап, баалашты. Жарманкеде жасалган буюмдар жана чыгармачыл иштер, келечектеги адистердин эмгегинин жыйынтыгы болуп, мектеп окуучуларынын шыктарын ачууга жакшы мүмкүнчүлүк түздү.
Мектеп окуучулары жана окуучулар менен кошо келген мугалимдер жана ата-энелер кызыккан суроолоруна жооп алуу үчүн экскурсияга катышып, лицейдин кеңири жана заманбап шарттары менен таанышты. Лицейдин материалдык базасы, жабдыктары жана жаңы окуу куралдары алардын көптөгөн суроолорун жоопко алып, жалпы билим берүү процесси жөнүндө түшүнүктөрүн кеңейтти.
Иш-чаранын аягында кесиптик лицейдин жетекчилери жана мугалимдери мектеп бүтүрүүчүлөрүнө өз насааттарын айтып, аларды келечектеги ийгиликтерине шыктандырып, жакшы тилектерди арнады. Бул ачык эшик күнү, чындыгында, мектеп жана лицей ортосундагы байланышты чыңдап, окуучуларды келечектеги кесиптик тандоолоруна түрткү болду.
Мектептен келген мугалимдерге, окуучуларга жана баласынын келечегине кызыккан ата-энелерге ыраазычылык билдиребиз. Бул иш-чара мектеп жаштары үчүн кызыктуу жана пайдалуу болду, ошондой эле лицейдин эмгекке жана билимге болгон мамилесин көрсөттү.
SCAFFOLD Мониторинг: Сабактардын эффективдүүлүгүнө баа берүү
2025-жылдын 17-апрелинде Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейинде SCAFFOLD карталар топтому боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттердин жүрүшүнө жана сабактардын эффективдүүлүгүнө мониторинг жүргүзүү максатында Республикалык илимий-методикалык борбордун директору А.Д. Карабаев жана бөлүм башчысы А.Т. Дондошов окуу жайга келишти.
Алар жеринен өндүрүштүк жана теориялык сабактарга катышып, жүргүзүлүп жаткан иштерге күбө болушуп, өздөрүнүн оң баасын жана сунуш-пикирлерин билдиришти.
Мониторингдин жыйынтыгында, аткарылган иштер жана жөнөтүлгөн отчеттун негизинде Жылчыева Гулиза Каныбековнага жогорку даражадагы жетишкендиги үчүн значок жана эл аралык тренер наамы ыйгарылды.
№16 Кесиптик лицейдин билим берүүдөгү биримдиги: Ош МУнун конференциясындагы жыйынтыктар.
Ош мамлекеттик университетинин Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун Филологиялык билим берүү технологиялары кафедрасы тарабынан уюштурулган “Кыргыз тили жана адабиятын окутууда актуалдуу маселелер” аттуу эл аралык илимий-педагогикалык конференцияга №16 Кесиптик лицейдин директору Абжалиева Нематхон Токобековна жана кыргыз тили жана адабияты мугалими Байтикова Нурайым Батырбековна чакырылып, активдүү катышып келишти.Иш-чарага жогорку окуу жайлардын, орто кесиптик билим берүү уюмдарынын, мектептердин жана №16 Кесиптик лицейинин жетекчилери менен мугалимдери катышты. Конференция жогорку деңгээлде өтүп, учурдагы билим берүү багытындагы актуалдуу маселелер, сунуштар жана ойлор талкууланды.Конференция алкагында жети секция иш алып барып, алардын ар биринде өзүнчө темалар каралды. Айрыкча, кыргыз тили жана адабиятын окутуу, жаңы технологияларды колдонуу жана заманбап окутуу ыкмаларын киргизүү боюнча баяндамаларга өзгөчө көңүл бурулду.Бул иш-чарага 150дөн ашык кесиптештер катышып, өз ара тажрыйба алмашуу, пикир бөлүшүү жана жаңы идеяларды талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.№16 Кесиптик лицейдин директору Абжалиева Нематхон Токобековна лицейдин өнүгүүсү үчүн көптөгөн окуу жайлар жана мекемелер менен кызматташтык келишимдерин түзүп, активдүү иш алып барууда.Конференциянын жыйынтыгында Ош мамлекеттик университетинин Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун Филологиялык билим берүү технологиялары кафедрасы менен №16 Кесиптик лицейдин ортосунда расмий кызматташтык келишими түзүлдү.Жыйынтыктоочу бөлүгүндө уюштуруучулар катышуучуларды келечекте да ынтымакта, максаттуу иштерди улантууга чакырышып, ыраазычылык каттары жана сертификаттар менен сыйлашты.