Адабий ийрим. Литературный кружок.

Адабий ийрим

«Убакыт башкарылбайт», Ч.Айтматовдун «Кызыл алма.

Менин Пушкиним – Евгений Онегин жана Татьяна, Онегин поэмасынын негизинде.

 Заббара жана Раданын сүйүүсү, М. Горькийдин алгачкы аңгемелери боюнча ,, Макар Чудра ,,

Адабий ийримди №16 Кесиптик лицейинин орус тили жана адабияты мугалими Джорабаева Анара Асанкановна уюштурган.

Литературный кружок ,,Время неподвластно,, провел Литературный вечер по мотивам произведений Ч.Айтматова ,,Красное яблоко.

Мой Пушкин-Евгений Онегин и Татьяна, по поэме Онегин.
Любовь Забарра и Рады,по ранним рассказам М. Горького,,Макара Чудры,,
Литературный кружок организован преподавателем русского языка и литературы Профессионального Лицея 16 А Джорабаевой.

Поэзия кечеси

Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата лицейде поэзия кечеси өткөрүлдү. Кечеде окуучулар тарабынан даярдалган көркөм окуулар, Айтматовдун чыгармаларынан көрүнүштөр жана видеороликтер көрсөтүлдү. Лицейдин администрациясы тарабынан ыраазычылык билдирилди.

Викторина

Ош шаарындагы 16- кесиптик лицейде англис тили сабагы боюнча викторина болуп өттү, викторинанын  максаты студенттерди англис тилине болгон кызыгуусун арттыруу, сөз байлыгын жана ой жүгүртүүсүн өстүрүү .

Викторинада интерактивдүү методдорду колдонуу менен студенттер активдүү катышышты.

 

Спорттук мелдеш

Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейде 2021-жылдын 20-21-октябрь күндөрү тайпалар арасында волейбол жана футбол спорттун түрлөрү боюнча  мелдеш өткөрүлдү. Иш-чаранын сонунда, орундарга ээ болгон командалар жана оюнчулар грамоталар менен сыйланышты.

7-8-ноябрь “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү” күндөрү

7- 8- ноябрь Тарых жана Ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейдин жамааты жана жергиликтүү башкаруунун жетекчилери менен биргеликте мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун эстелигине барышып, саясий ишмер басып өткөн жолун, жетекчилик кызматта аркалап жүргөн учурун, азыркы кездеги мамлекеттик жетекчилер үчүн үлгү боло тургандыгы жана анын элеси, мамлекет үчүн жасап кеткен жумушу эч качан унутулбай тургандыгын айтып, эскерип, гүл чамбар коюшту

«Акыл ордо» интеллектуалдык сынагы

27-октябрь күнү Ош мамлекеттик университетинин физика-техника факультетинин 4-курстун студенттери Чербаева Гүлмира жана Турганбаева Анара кесиптик практикада №16 Кесиптик лицейде  тайпалар арасында «Акыл ордо» интеллектуалдык сынагын өткөрүштү. Жалпы 5 тайпадан экиден окуучулар катышышты. Сынак үч турда өттү. Эң көп упай топтогон 2-ШВ-2021 тайпасынын окуучулары I-орун, 4-АС-2021 тайпасынын окуучулары II-орун, 3-АС-2021 тайпасынын окуучулары III-орундарга ээ болушту. Жеңүүчүлөр грамота менен сыйланышты.

Алтын күз сынагы

26-октябрь күнү №16 Кесиптик лицейде тайпалар арасында күз майрамына карата «Алтын күз» сынагы өткөрүлдү. Сынакта окуучулар өзүнүн таланттарын көрсөтүү менен кол өнөрчүлүгүн да тартуулашты. Жеңүүчүлөргө сыйлыктар ыйгарылды.

23-сентябрь “Мамлекеттик тил куну”

Эл аралык эне тил күнүн №16-Кесиптик лицей майрамдык маанайда өткөрдү. Салтанатта окуучулар өздөрүнүн өнөрлөрүн тартуулашты.
Улуттук кийимдер менен шөкөттөлгөн окуучулар көркөм окуу, манас айтуу, макал-лакаптар, акыйнек айтышуу жана ыр бийлер кызуу колдоого алынды.
Лицейдин жетекчилиги тарабынан жылуу пикир, куттуктоо сөз айтылды.

18-сентябрь ишембилик

Бүгүң 18-сентябрь ишембилик күнү болуп өттү. Ишембиликте Касымбеков көчөсүндөгү чоң жолдун эки жагындагы тротуарлар тазаланып, таштандылар алынды. Ошондой эле лицейдин айлана чөйрөсү тазаланып иретке келтирилди. Окуучулар жана мугалимдер ишембиликке активдүү катышты.

15-сентябрь билим күнү

Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейде 2021-2022-жаны окуу жылына карата салтанаттуу линейка өткөрүлдү.

Ал эми лицей окуучулары тарабынан кесип үйрөнүүгө алгачкы кадамын таштап келген окуучулар үчүн чакан программадагы концерт уюштурушту. Кол өнөрчүлүк башкача айтканда тигүүчү кыздар тарабынан тигилген кийимдерди көрсөтүштү.

Келген ата-энелерге, окуучуларга лицей жетекчилиги тарабынан ыраазычылык билдирилди.

Ал эми жалпы биздин окуучуларга талыкпай билим алып, татыктуу кесип алууга үндөп кетти.