Билимдүүлүк- көп билгенде эмес, колдоно билгенде.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Республикалык илимий-методикалык борбору тарабынан уюштурулган башталгыч кесиптик билим берүү системасынын кесиптик лицейлердин арасында «Мыкты кесиптик лицей» Республикалык кароо сынагы болуп өттү.

Сынакта окуу-методикалык иштери жана кесиптик-педагогикалык чеберчиликти жакшыртууга, окутуучулардын жана өндүрүштүк окутуу устаттардын кесипкөйлүк деңгээлин аныктоого, чыгармачыл дараметин өнүктүрүүгө, билимдерин жогорулатууга түрткү берүүгө окуу жайлардын таланттуу жана жогорку кесипкөй инженердик-педагогикалык кызматкерлерин колдоого жана көтөрмөлөөгө багытталган.

Сынак 3 этаптан өткөрүлөт: тандоо, облустук, республикалык.

№16 Кесиптик лицейдин кесиптик-педагогикалык жамааты өз билимдерин, чеберчиликтерин, иштеп жаткан эмгегин мыкты көрсөтүүдө, теориялык жана өндүрүштүк окутуу сабактарын, методикалык иштерин, өздүк нормативдик документтерин, ошондой эле өндүрүштүк материалдык-техникалык базасын жогорку деңгээлде көрсөтүү менен сынактын тандоо турунан 467 балл менен I орунга ээ болду.

Экинчи кароо сынагына катышып, ар бир берилген критерийлерине таянып айтылган суроо талаптар боюнча так, жигердүү аткарышып, ар бир сабак жана лицей документтери, видеороликтери мыкты даярдалып облустук турунан 498 балл менен I орунга ийгиликтүү жетишти.

Кийинки боло турган Республикалык сынакка жолдомо берилди.

Өнөргө ээ болосуң окуу менен,

Аз болсо да билимде пайда кенен.

21.05.2022-жыл

2022-жылдын 21-май күнү Ош шаарында жайгашкан №16 кесиптик лицейге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Байсалов Эдил Жолдубаевич, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Мамбетакунов Уланбек Эсенбекович, Ош шаарынын вице –мэри Рыскулова Венера Кадышевна келип жалпы өндүрүштүк окуу базалары менен таанышты.

Андан соң мугалимдер жамааты менен жолугуп, №16 Кесиптик лицейдин директору Абжалиева Нематкан Токобековна жалпы жаамат менен тааныштырып, эң жогорку жетишкендиктерге жетишип, талыкпай эмгектенгендигин, ошону менен катар лицейдин көйгөйлүү маселелерин белгилеп кетти.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Мамбетакунов Уланбек Эсенбекович акыркы учурда кесиптик окуу жайларга көңүл бурулуп жаткандыгын жана ушул көйгөйлүү маселелерди карап иштешип жаткандыгын айтты.

Жолугуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Байсалов Эдил Жолдубаевич билим берүү тармагына көңүл бөлүнөрү, келечек ээлерине жана учурда өсүп келе жаткан муундарга билим алууда шарттарды түзүп берүүнү ошондой билим деңгээлин жогорулатууга, бүтүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнө өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи. Лицейдин коллективинин иштерине ийгилик каалап, талыкпай эмгектенүүгө чакырды.

Бош жумуш орундар жарманкеси

Ош шаарындагы Токтогул атындагы Ош сейил багында 2022-жылдын 29-апрель күнү КРнын эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги тарабынан уюштурулган «Бош жумуш орундар» жарманкеси болуп өттү.

Жарманкеде жумушсуз жүргөндөргө жакынкы жана алыскы мамлекеттерде бюджеттик билим берүүгө чакыруу, буклеттери берилди.

Бул иш-чарага №16 Кесиптик лицейдин окуучулары жана эмгек жамааты активдүү катышты. Лицейдин окуучулары кол өнөрчүлүгүн тартуулашты.

Окуучулар тарабынан жасалган улуттук кийимдер, буюмдар, кездемелерди көргөзүштү.

Ош шаарынын конокторуна жана тургундарына вице-мэр Рыскулова Венера Кадышевна, эмгек министрлигинин бөлүм башчысы Абдуллаев Куттубек Абдибакыевич

төмөнкүлөргө токтолду.

Бул иш-чара жыл сайын өткөрүлүп, жумушсуздарга жумуш орундарын камсыз кылып берүүгө жана кошумча билим алууга мүмкүнчүлүк түзүп берерин айтып өттү.

Табигый предметтердин илимий жумалыгы

№16 Кесиптик лицейдин табигый предметтердин усулдук бирикмесинин жалпы мүчөлөрү өзүнүн предметтеринин (физика, математика, биология, география, химия) негизинде иш чара уюштурулду. Мында ар бир мугалимдер өздөрүнүн чеберчилиги менен «Ачык сабактар», «Акыл ордо», «Математикалык викторина» өткөрүштү. Студенттер сабактарга активдүү катышып, ардак грамоталар менен сыйланышты.

Математикалык викторина

«Ачык эшиктер күнү»

Бүгүн 27-апрель Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейинде «Ачык эшиктер күнү» өткөрүлдү. Лицейге Ош облусундагы жана Ош шаарындагы мектептердин бүтүрүүчүлөрү класс жетекчилер менен биргеликте катышты. Иш чара алгач лицейдин материалдык-техникалык базасы менен тааныштыруудан башталып, маданий музыкалык борборунда уланды. Анда лицейдин окуу-тарбия жана социалдык маселелер боюнча директордун орун басары Ахунбаева Назгүл Раимжановна  «Кесип тандоо, турмуш тандоого тете» экендигин баса белгилеп, туура чечим кабыл алууга чакырды.

Лицейде билим жана кесип алууга бардык мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгилеп кетти. Лицейдин окуучулары тарабынан келген конокторго концерттик программа даярдалып жана жагымдуу маанай тартууланды.

Окуучуларды жетектеп келген КР Эмгек социалдык камсыздоо министрлигинин Ош шаарындагы башкармалыгынын башкы адистери Абдыкадырова Роза Айратовна, Ибрагимова Наргиза Сейтбековна, Раимберди уулу Сайназар жана жалпы конокторго ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

“Эч ким, эч нерсе, эч качан унутулбайт!”

Бүгүн 27- апрель күнү №16 Кесиптик лицейдин I- курсунун 2-ШВ-2021-тигүүчү тайпасына “Эч ким, эч нерсе, эч качан унутулбайт!” аттуу Жеңиш күнүнө арналган эскерүү сабагы болуп өттү. Сабакты «Убакыт башкарылбайт» адабий ийриминин жетекчиси, орус тили жана адабияты мугалими Анара Джорабаева алып барды. Сабакка Ооган жана Баткен окуясынын ардагерлери,  Шералиев Манас, Ражапов Тажибай, Орунбаев Орозали чакырылган, азыркы мезгилде алар Ош гарнизгнунун аскердик госпиталынын кызматкерлери.

Көп жылдардан бери лицей Ош шаарындагы «Россия кызматташтыгы» агентствосунун  «Орус үйү» Россия илим жана маданият борбору менен кызматташып, лицейде өткөрүлгөн иш чараларга катышып келет.

Бул сапар да  Орус үйүнүн куратору Кунанбаева Елена Георгиевна, Россия мугалими, Эл аралык конкурстардын катышуучусу  Бучнева Светлана Валентиновна, Орус үйүнүн директорунун милдетин аткаруучу Ангелина Владиславовна, оператор Максим мейманда болушту жана лицейдин администрациясы болушту.

 Алардын баары алыскы аймактардан келип, орус тилин туура үйрөнүп жаткан балдар жөнүндө жылуу пикирлерин айтышты.

Адабий ийримдин жетекчиси А.А.Джорабаева орус тилин жана адабиятын студенттер арасында жайылтуу үчүн ыраазычылык кат менен сыйланды.

Ооган жана Баткен окуяларынын ардагерлери аскер кызматкерлеринин татаал жолу, салгылашуулар, Ата-Мекенди коргоо жөнүндө айтып, жаштарды курман болгондордун элесине таазим этип, татыктуу болууга чакырышты.

Алар азыр да кызмат өтөп жатканын, бирок ал жылдарды, курман болгон жоокерлерди эч качан унутпай турганын айтышты.

 

В Профессиональном лицее №16  прошел урок памяти, посвященный дню Победы , «Ничто не забыто, никто не забыто».

Урок прошел в группе 2-ШВ-2021 по профессии швеи, первого курса.

Урок провела руководитель литературного кружка , «Время неподвластно», учитель русского языка и литературы Анара Джорабаева.

  На урок приглашены ветераны Афганских и Баткенских событий:

Шералиев Манас, Ражапов Таджибай, Орунбаев Орозали, в данное время они являются сотрудниками военного госпиталя Ошского гарнизона.

В течении многих лет лицей сотрудничает с Русским Домом г. Оша, они являются частыми гостями в лицее, участвуют на различных мероприятиях.

Бучнева Светлана Валерьевна исполняющий обязанности директора Русского Дома, куратор Елена Георгиевна Кунанбаева, учитель из России, участник международного конкурса Ангелина Владиславовна, оператор Максим пришли с отличным настроем к детям.

 Все они тепло отзывались о детях, которые приехав из дальних районов учатся говорить правильно на русском языке.

Руководитель литературного кружка Джорабаева А.А была отмечена благодарственным письмом за продвижения русского языка и литературы среди учеников.

Ветераны Афганских и Баткенских событий рассказывали о трудном пути военных, о боях, о защите Отечества, они призывали молодежь чтить память павших и быть достойными.

Говорили о том, что и сейчас продолжают службу ,но никогда не забывают те годы и павших бойцов.

Зам директора лицея Евсюкова Р.Н поблагодарила всех присутствующих

  за память, за подвиги ,а учеников поблагодарила, что они помнят ,чтят и вспоминают ветеранов.

Завуч лицея поблагодарила за урок, гостей за воспоминания, за наказы данные ими ученикам.

Сотрудники Русского дома тепло поблагодарили всех и пожелали дальнейшего сотрудничества с лицеем.

Билимдүү болсоң озосуң

Ош шаарынын мэриясы Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети тарабынан уюштурулган Ош шаарында орто окуу жайларындагы студенттер арасында «Жаз жарыгы» аттуу интеллектуалдык оюнунда №16 Кесиптик лицейдин студенттери активдүү катышып «Мыкты команда» деген дипломго ээ болушту

Бүтүрүүчүлөрдүн ийгиликтери

№ 16 Кесиптик лицейдин 2021-2022-окуу жылындагы бүтүрүүчүлөрү практика учурунда ар бир кесиптин ээлери  кесиптерин өздөштүрүүдө  өз чеберчилигин өркүндөтүп көрсөтө алды. Атап айтсак: «Тигүүчү» кесибиндеги студенттер өндүрүштүк практика учурунда кесиптин мыктысы деген диплом жана ардак грамоталарга ээ болушту. Мындан тышкары республикалык сынактарга жана спорттук иш чараларында мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөтүштү.

8-ШВ-2021-тайпасынын студенти Акылбек кызы Айпери “Мухаммед-Умар”  коомдук бирикмеси жана “Kitep_kg” дүкөнү уюштурган “Мекенди сүйүү-ыймандан” аттуу республикалык көркөм окуу сынагына катышып, 3060катышуучунун арасынан 3-орунду ээледи.

Дагы Улан Эгизбаев атындагы коомдук жаштар бирикмеси уюштурган  республикалык  сынакка “Келечек өз колубузда ” деген темада эссе жазып  жалпы 700 катышуучунун эссесинин ичинен 3-орунду алды.

Тигүүчү тайпасында ачык сабак

2022-жылдын 30-март күнү өндүрүштүк окутуунун устаттары Мамырова Бүкалча Маматовна жана
Каниетова Турганбү Тополоңовна тарабынан I-курстун 1-ШВ-2021-тайпасына Кокетканын түрлөрү.
Түз бычылган кокетканы иштетүү темасы боюнча ачык сабак өткөрүлдү.