«Акыл ордо» интеллектуалдык сынагы

27-октябрь күнү Ош мамлекеттик университетинин физика-техника факультетинин 4-курстун студенттери Чербаева Гүлмира жана Турганбаева Анара кесиптик практикада №16 Кесиптик лицейде  тайпалар арасында «Акыл ордо» интеллектуалдык сынагын өткөрүштү. Жалпы 5 тайпадан экиден окуучулар катышышты. Сынак үч турда өттү. Эң көп упай топтогон 2-ШВ-2021 тайпасынын окуучулары I-орун, 4-АС-2021 тайпасынын окуучулары II-орун, 3-АС-2021 тайпасынын окуучулары III-орундарга ээ болушту. Жеңүүчүлөр грамота менен сыйланышты.

Алтын күз сынагы

26-октябрь күнү №16 Кесиптик лицейде тайпалар арасында күз майрамына карата «Алтын күз» сынагы өткөрүлдү. Сынакта окуучулар өзүнүн таланттарын көрсөтүү менен кол өнөрчүлүгүн да тартуулашты. Жеңүүчүлөргө сыйлыктар ыйгарылды.

23-сентябрь “Мамлекеттик тил куну”

Эл аралык эне тил күнүн №16-Кесиптик лицей майрамдык маанайда өткөрдү. Салтанатта окуучулар өздөрүнүн өнөрлөрүн тартуулашты.
Улуттук кийимдер менен шөкөттөлгөн окуучулар көркөм окуу, манас айтуу, макал-лакаптар, акыйнек айтышуу жана ыр бийлер кызуу колдоого алынды.
Лицейдин жетекчилиги тарабынан жылуу пикир, куттуктоо сөз айтылды.

18-сентябрь ишембилик

Бүгүң 18-сентябрь ишембилик күнү болуп өттү. Ишембиликте Касымбеков көчөсүндөгү чоң жолдун эки жагындагы тротуарлар тазаланып, таштандылар алынды. Ошондой эле лицейдин айлана чөйрөсү тазаланып иретке келтирилди. Окуучулар жана мугалимдер ишембиликке активдүү катышты.

15-сентябрь билим күнү

Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейде 2021-2022-жаны окуу жылына карата салтанаттуу линейка өткөрүлдү.

Ал эми лицей окуучулары тарабынан кесип үйрөнүүгө алгачкы кадамын таштап келген окуучулар үчүн чакан программадагы концерт уюштурушту. Кол өнөрчүлүк башкача айтканда тигүүчү кыздар тарабынан тигилген кийимдерди көрсөтүштү.

Келген ата-энелерге, окуучуларга лицей жетекчилиги тарабынан ыраазычылык билдирилди.

Ал эми жалпы биздин окуучуларга талыкпай билим алып, татыктуу кесип алууга үндөп кетти.