3-март Кыргыз Туусунун түзүлгөндүгүнүн 30 жылдык мааракесине карата лицейибизде салтанаттуу линейка болуп өттү. Анда мамлекет үчүн Туунун мааниси, аткарган кызматы, анын ыйыктыгы, желектин бир түстүү кызылдыгы эрдиктин тайманбастыктын символу, аалам катары дүйнөнү алда канча кеңири түшүнүүдө бир айлампага бириктирилген кырк нур байыркы кырк уруунун бирдиктүү Кыргызстанга бириккендигин айгинелегендиги жөнүндө студенттерге кеңири маалымат берилди.
Ошондой эле тарыхчы мугалимдер тарабынан Кыргыз Туусу күнүнө карата класстык саат өткөрүлдү. Анда Туунун түзүлгөндүгү анын авторлору жана башкалар кеңири түшүндүрүлдү. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунда күн менен айкалыштырылган түндүк Кыргыз Республикасында – тоолуу өлкөдө ынтымактуу жашаган баардык элдердин биримдигин билдирет.
Желек туудан бөлүнбөй,
Жердин жүзү көрүнбөй.
Асаба туудан бөлүнбөй,
Асман чаңдан көрүнбөй.
Бай Жакыптын кызыл туу,
Байкаганга сөзү бу:
Кыргыздын кыйла тобунан,
Алыс жерден калган туу.
Башкы атасы Бабыркан,
Андан калган ушул туу.
Дайыма асманыбыз ачык болуп желбирей бер Кыргыз Туусу!
Бүгүн 26-февраль №16 Кесиптик лицейде Ош шаарынын Мэриясы тарабынан уюштурулган «Өз дарагыңды отургуз» акциясына биздин лицейдин мугалимдери жана студенттери тарабынан окуу жайдын айланасына Өзбекстан Республикасынан алынып келинген Кут дарагы отургузулду.
Аты айтып тургандай эле Кут дарагы шаарыбызга кут алып келсин, шаардын көркүнө көрк кошуп экологияга жакшы таасирин тийгизип көп жылдык дарактардан болсун.
Шымаланып эмгекчилер эринбей,
Жатып ичкен жалкоолукка берилбей.
Жердин бети жыбыраган аракет,
Калганы жок эмгек жакка теминбей.
Көчөттөрдүн бак болуп жетилүүсүнө лицейдин жамааты жана студенттери өз салымын кошуп аяр мамиле кылсак окуу жайдын көркү дагы да ачылат.
Сиздерди 23-февраль Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен чын дилден куттуктайбыз. Эч качан майтарылбаган, кайраттуу, күч кубаттуулугуңуздардан жазбастан, Мекенди коргоодо сыймыгыбыз болуп журө беришиңиздерди каалап өтөбүз. Үй- бүлөлүк бакыт менен биргеликте бекем ден соолукта жана тайманбас эр жүрөк болуп, элибиздин намысын коргоп, Ала-Тоонун бейпилдиги үчүн аман болушуңуздарга тилектешбиз.
№16 Кесиптик лицейдин кыздары тарабынан 23-Февраль Ата мекенди коргоочулар күнүнө карата уюштурулган “Мекенди коргоо – ыйык милдет ” аттуу патриоттук музыкалык кечеси өткөрүлдү.
Бүгүн 16-февраль Ош шаарындагы № 16- Кесиптик лицейинде Республикада жүрүп жаткан «Китеп куржун» эстафеталык жүрүшү болуп өттү. Лицей окуучуларына китеп куржунун өткөрүп берүү үчүн Ош шаардык мэриясынын социалдык өнүктүрүу бөлүмүнүн бөлүм башчысы Айдарбекова Максуда Апсаматовна келип куттуктоо сөзүн сүйлөп китеп куржунду салтанаттуу түрдө тапшырды.
Лицейдин окуучулары тарабынан чакан концерттик программа тартууланды. Анда катышуучулар китепти даңазалап анын түгөнбөс байлыгы экендигин ыр, бий, күү, сахналык көрүнүштөрү аркылуу чагылдырып беришти.
Өткөрүлгөн иш чара жогорку деңгээлде болуп окуучулардын китепке болгон кызыгуусу артып китеп акылдын, илимдин, дүйнөнүн ачкычы экенин түшүнүп билимге умтулуп жаткандары жүздөрүнөн байкалып турду.
Адамдын акыл эсин, билим деңгээлин, ой жүгүртүүсүн китеп аркылуу жогорулатсак болот. Азыркы учурда техника өнүккөн сайын китеп окуган студенттердин саны азайып бара жаткандай.
Китеп окууну адатка айлантуу. Баарынан мурда китепке болгон көз карашыбызды, ниетибизди туурулашыбыз керек. Адамды өстүрбөй, ылдый тарткан жаман ойлордон кутулуу зарыл.
Окуу жайда болуп өткөн «Китеп куржун» эстафеталык кербенинин жыйынтыгында студенттер китеп окуп анын мазмунун жана максатын айтып беришти. Жыйынтыгында студенттердин китепке болгон кызыгуусу, көз карашы жана ой жүгүртүүсү байкалып турду. Дүйнө тагыраак айтканда аалам бир эле нерсеге баш ийет, ал да болсо илим, илим кайда десе ал китепте. Баарыңыздарды китеп окууга чакырабыз.
2022-жылдын 2-февраль күнү лицейдин «Жаштык» жатаканасында студенттер арасында «Ата журтум – асыл мекеним» аттуу конкурс өткөрүлдү. Конкурста жатаканада жашаган студенттер туулуп өскөн жерин, өз мекенин даңазалап ыр ырдашып, көркөм окуу жана бийлерин көрсөтүштү.
Менин Пушкиним – Евгений Онегин жана Татьяна, Онегин поэмасынын негизинде.
Заббара жана Раданын сүйүүсү, М. Горькийдин алгачкы аңгемелери боюнча ,, Макар Чудра ,,
Адабий ийримди №16 Кесиптик лицейинин орус тили жана адабияты мугалими Джорабаева Анара Асанкановна уюштурган.
Литературный кружок ,,Время неподвластно,, провел Литературный вечер по мотивам произведений Ч.Айтматова ,,Красное яблоко.
Мой Пушкин-Евгений Онегин и Татьяна, по поэме Онегин. Любовь Забарра и Рады,по ранним рассказам М. Горького,,Макара Чудры,, Литературный кружок организован преподавателем русского языка и литературы Профессионального Лицея 16 А Джорабаевой.
Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата лицейде поэзия кечеси өткөрүлдү. Кечеде окуучулар тарабынан даярдалган көркөм окуулар, Айтматовдун чыгармаларынан көрүнүштөр жана видеороликтер көрсөтүлдү. Лицейдин администрациясы тарабынан ыраазычылык билдирилди.
Ош шаарындагы 16- кесиптик лицейде англис тили сабагы боюнча викторина болуп өттү, викторинанын максаты студенттерди англис тилине болгон кызыгуусун арттыруу, сөз байлыгын жана ой жүгүртүүсүн өстүрүү .
Викторинада интерактивдүү методдорду колдонуу менен студенттер активдүү катышышты.
Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейде 2021-жылдын 20-21-октябрь күндөрү тайпалар арасында волейбол жана футбол спорттун түрлөрү боюнча мелдеш өткөрүлдү. Иш-чаранын сонунда, орундарга ээ болгон командалар жана оюнчулар грамоталар менен сыйланышты.