Кыргыз Республикасынын башталгыч кесиптик билим берүү тармагында окуган уландар арасында АЧД боюнча Республикалык спартакиаданын алкагында, КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин 11.04.2023-ж. №1856/1 буйругун аткаруу максатында «Улуу Ата-Мекендик согуштун жеӊишинин 78 жылдыгына карата» Ош областынын кесиптик окуу жайларда окуган уландар арасында 2023-жылдын 15-16-апрель күндөрү Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейинде облустук спартакиаданын II-этабы өткөрүлдү. Мында Ош областындагы жалпы кесиптик лицейлер катышып, жогорку деӊгээлде өттү
Спартакиаданын жыйынтыгында:
I-орун №16 Кесиптик лицей
II-орун №58 Кесиптик лицей
III-орун №59 Кесиптик лицей
01003 аскер бөлүгүнүн командачылыгына жана 36806 аскер бөлүгүнүн командачылыгына №16 Кесиптик лицейдин курама командасын спартакиадага даярданууга жакындан жардам берип көмөк көрсөткөндүгү үчүн окуу жайдын жетекчилиги ыраазычылык билдирет.
2023-жылдын 31-март күнү Ош МУнун ФТФнын 3-курсунун студенттери Абдумажит кызы Каныкей, Абдылдаева Мырзайым, Калмаматова Жумагүл, Тунубекова Нуркыз өндүрүштүк практика мезгилинде лицейде окуган кыздарга тарбия, адеп, маданият, кыздардын жүрүм туруму, зордук-зомбулук темаларын камтыган тарбиялык саат өтүштү.
Бүгүн 4-апрель күнү №16 Кесиптик лицейде окуучулар үчүн USAID уюмунун адистери тарабынан коопсуз миграция темасында семинар болуп өттү. Семинар учурунда окуучулар өздөрүнө пайдалуу маалыматтарды алышты жана турмуш жолунда туура жолду тандоого үйрөнүп кетишти.
2023-жылдын 17-18-март күндөрү Эмгек резерви жана дене тарбия, спорт борборунун бөлүм башчысы Т. Сыдыковдун демилгеси менен областтагы кесиптик лицейлердин окуучулары үчүн спорттун волейбол түрү боюнча Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейдин базасында мелдеш өткөрүлдү. Мелдештин жыйынтыгында №16 Кесиптик лицейдин балдар командасы I-орунду, кыздар командасы II-орунду багындырышты.
2023-жылдын 18-март күнү Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейдин инженердик-педагогикалык кызматкерлери жана окуучулары өлкө боюнча жарыяланган ишембиликке активдүү катышып лицей ичиндеги бак дарактарды сырдоо, айлана чөйрөсүн тазалоо, көчөттөрдү отургузушту. Ошону менен бирге Касымбеков көчөсүн тазалоо иштерине да активдүү катышышты.
16-март күнү өндүрүштүк окутуунун устаты Раимберди кызы Перизат тарабынан өндүрүштүк окуу боюнча 2-ШВ-2021 тайпасына “Жаш кыздардын көйнөгүнүн моделин тандоо, өлчөм алуу, үлгү даярдоо” атту темада ачык сабак өткөрдү.
Бүгүн №16 Кесиптик лицейде Ак калпак күнү белгиленди жана ошондой эле лицейдин устаттары окуучулар менен биргеликте шаардык майрамдык иш чарага катышып келишти.
Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейде 2023-жылдын 3-март күнү Мамлекеттик Туу күнүн белгилөө максатында салтанаттуу линейка өткөрүлдү. Линейкада лицей жетекчилиги мамлекеттик туу күнү менен кызуу куттуктады. Иш чаранын жүрүшүндө лицейдин тарых мугалими мамлекеттик туунун түптөлүшү жөнүндөгү тарыхый маалыматтарды айтып өттү. Окуучуларды патриоттук сезимин ойготуучу сөздөрдү айтып мекенди сүйүүгө чакырды.