2022-жылдын 21-май күнү Ош шаарында жайгашкан №16 кесиптик лицейге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Байсалов Эдил Жолдубаевич, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Мамбетакунов Уланбек Эсенбекович, Ош шаарынын вице –мэри Рыскулова Венера Кадышевна келип жалпы өндүрүштүк окуу базалары менен таанышты.
Андан соң мугалимдер жамааты менен жолугуп, №16 Кесиптик лицейдин директору Абжалиева Нематкан Токобековна жалпы жаамат менен тааныштырып, эң жогорку жетишкендиктерге жетишип, талыкпай эмгектенгендигин, ошону менен катар лицейдин көйгөйлүү маселелерин белгилеп кетти.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Мамбетакунов Уланбек Эсенбекович акыркы учурда кесиптик окуу жайларга көңүл бурулуп жаткандыгын жана ушул көйгөйлүү маселелерди карап иштешип жаткандыгын айтты.
Жолугуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Байсалов Эдил Жолдубаевич билим берүү тармагына көңүл бөлүнөрү, келечек ээлерине жана учурда өсүп келе жаткан муундарга билим алууда шарттарды түзүп берүүнү ошондой билим деңгээлин жогорулатууга, бүтүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнө өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи. Лицейдин коллективинин иштерине ийгилик каалап, талыкпай эмгектенүүгө чакырды.