Таза мурас өнөктүгү

«Таза мурас» улуттук өнөктүгүнүн Республикалык ишембилигинин негизинде Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицей жамааты активдүү катышып шаарыбыздын тазалыгы үчүн өз салымдарын кошту. Лицей мугалимдери жана окуучулары Манас-Ата кичи районунда жайгашкан Касымбеков көчөсүндөгү Манас эстелигине чейинки жол четтерин тазалашты.

64-спартакиаданын I-туру

Проснувшись однажды утром после беспокойного сна, Грегор Замза обнаружил, что он у себя в постели превратился в страшное насекомое.

Өлкө боюнча Башталгыч кесиптик билим берүү тармагынын 80 жылдыгына карата №16 Кесиптик лицейде 64-спартакиаданын I-туру учурда тайпалар ортосунда өткөрүлүүдө.

Анда спорттун волейбол, футбол, ордо, тогуз коргоол, шахмат жана стол тенниси түрлөрү боюнча мелдеш өткөрүлүүдө.

Мелдештин ачылышында лицей жетекчилиги тарабынан окуучуларга алдыӊкы мелдешке карата куттуктоолор жана жылуу сөздөр айтылды.

Мугалимдер жана устаттар арасындагы волейбол оюну

КТББ системасынын 80 жылдыгына карата №16 Кесиптик лицейде мугалимдер жана устаттар арасында спорттун “Волейбол” түрү боюнча мелдеш өткөрүлдү.

Туура сүйлөп туура жазганыӊ, эне тилге болгон урматыӊ.

2022-2023-жаӊы окуу жылынын башталышында белгиленген кыргыз тилинин бир айлык иш чарасынын алкагында 4-октябрь күнү №16 Кесиптик лицейинде тайпалар ортосунда «Туура сүйлөп, туура жазганыӊ, эне тилге болгон урматыӊ» деген темада ток шоу болуп өттү.

Мындагы максат окуучуларды өз тилинде туура сүйлөөгө жана туура жазууга үндөө. Ток шоунун жүрүшүндө көчөлөрдө илинген көрнөк-жарнактардагы кетирилген кемчиликтер, интернет желесиндеги туура эмес жазылган сөздөр жана өлкөбүзгө сырттан келген жарандарга өз тилибизде кайрылуу жөнүндөгү бир топ маселелер каралып, катышуучулар өз ойлорун кенен айтышты.

5-октябрь Мугалимдер күнү

Урматтуу агай – эжекелер сиздерди кесиптик майрамыӊыздар менен куттуктайбыз!

Сиздерге чыӊ ден соолук, узун өмүр, иштериӊиздерде албан-албан ийгиликтерди жана үй бүлөӊүздөрдө бакубат жашоо каалайбыз!

“ИШ БАР FEST” бош жумуш орундар жарманкеси

27-сентябрь Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейде Аракетчил – жөндөмдүүлүк долбоору тарабынан “ИШ БАР FEST” жумуш издеген жарандар үчүн, бош жумуш орундар жарманкеси болуп өттү.

Жарманкеде кыска мөөнөтөгү курстарды бүтүргөн лицейлердин бүтүрүүчүлөрүнө ашпозчу, сантехник, кондитер жана офистик программаларды колдонуучу кесиптер боюнча мастер класстар, викторина өткөрүлдү.

Жеӊүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.

Кыргыз тилинин бир айлык иш чарасы

Жаӊы окуу жылынын башталышы менен кыргыз тилинин бир айлык иш чарасы жарыяланып анын негизинде 14-сентябрь күнү лицейибизде «Сабаттуу бол» деген чакырыктын жүрүшү менен тайпалар арасында «Өз үйүндө өгөйлөнгөн эне тил» деген темада дил баян жазышты. Дил баянды жаздыруудагы негизги максат окуучулардын сабаттуулугун жакшыртуу, эне тилге болгон сүйүүсүн арттыруу жана патриоттуулукка үндөө. Жарыяланган теманы мыкты жазган окуучуларга линейкада алкыш айтып, башкаларды үлгү алууга чакырды.

23-сентябрь мамлекеттик тил күнү №16 Кесиптик лицейинде салтанаттуу линейка менен баштап, тил гимн жаӊыртып окуучулардын эне тилине болгон сүйүүсүн дагы бир жолу ойготту. Лицей жетекчилиги тарабынан мамлекеттик тил күнүнүн урматына жылуу сөздөр айтылды. Кыргыз тили мугалими тилдин тарыхы, учурдагы абалы, келечеги жөнүндө баяндама окулуп, окуучулар кеӊири түшүнүк алышты. Жылдагыдан айырмаланып өлкөнүн учурдагы кырдаалына байланыштуу иш чарабыздын программасы Ата-Мекенге жана эне тилине болгон патриоттук сезимдерин чагылдырган видеороликтерди ар бир тайпа жасап көрсөтүштү. Тайпалардан чыккан лидер окуучулар тил жөнүндө берилген суроолорго жооп берип өздөрүнүн мамлекеттик тил күнүнө арналган баяндамаларын окуп беришти. Көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынды, ар бир окуучунун жүрөгүндөгү Мекенге жана эне тилине болгон ыйык сезими көздөрүнөн байкалып турду.

Экскурсия

2022-жылдын 29- август күнү Юнисеф, Инициатива «Луч света» жана «ДИА» коомдук фонду тарабынан уюштурулган кызыктуу экскурсиялык иш чаранын алкагында Кара-Суу жана Өзгөн районундагы мектеп окуучулары Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейине келип кетишти. Окуучулар лицейдин материалдык-техникалык базасын көрүшүп, лицей боюнча кызыккан суроолорун берип маалымат алып кетишти.