Башталгыч кесиптик билим берүү тармагынын 80 жылдыгына жана Республикалык “Эмгек резерви”дене тарбия жана спорт борборунун 75 жылдык мааракесине карата №16 Кесиптик лицейде 64-спартакиаданын II -туру учурда облусубуздун лицейлер арасында башталды.
Анда спорттун волейбол, футбол, ордо, тогуз коргоол, шахмат жана стол тенниси түрлөрү боюнча мелдеш өткөрүлүүдө.
Ош шаарындагы Султан Ибраимов атындагы драма театрында 2022-жылдын 18-октябрь күнү «Жакшы жашоо жакшы жумуштан башталат» аттуу бош иш орундар жарманкесине №16 Кесиптик лицейдин окуучулары катышып келишти.
Кыргыз тилинин 3 айлык иш чарасынын негизинде жана
Кесиптик билим берүүнүн 80 жылдыгына карата
Кармышак Ташбаев атындагы Ош шаардык борборлоштурулган китепкана тармагынын №3-филиалына экскурсия жасалды. Мындагы негизги максат жаштардын китепке болгон кызыгуусун арттыруу көркөм чыгармаларды окуу менен сөз байлыгын өстүрүү.
Окуучулар сабактан кийин китепкананын каттоо бөлүмүнө катталып, өздөрү каалаган адабий чыгармаларды жана газета журналдарды пайдалана алышат.
«Таза мурас» улуттук өнөктүгүнүн Республикалык ишембилигинин негизинде Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицей жамааты активдүү катышып шаарыбыздын тазалыгы үчүн өз салымдарын кошту. Лицей мугалимдери жана окуучулары Манас-Ата кичи районунда жайгашкан Касымбеков көчөсүндөгү Манас эстелигине чейинки жол четтерин тазалашты.
Проснувшись однажды утром после беспокойного сна, Грегор Замза обнаружил, что он у себя в постели превратился в страшное насекомое.
Өлкө боюнча Башталгыч кесиптик билим берүү тармагынын 80 жылдыгына карата №16 Кесиптик лицейде 64-спартакиаданын I-туру учурда тайпалар ортосунда өткөрүлүүдө.
Анда спорттун волейбол, футбол, ордо, тогуз коргоол, шахмат жана стол тенниси түрлөрү боюнча мелдеш өткөрүлүүдө.
Мелдештин ачылышында лицей жетекчилиги тарабынан окуучуларга алдыӊкы мелдешке карата куттуктоолор жана жылуу сөздөр айтылды.
2022-2023-жаӊы окуу жылынын башталышында белгиленген кыргыз тилинин бир айлык иш чарасынын алкагында 4-октябрь күнү №16 Кесиптик лицейинде тайпалар ортосунда «Туура сүйлөп, туура жазганыӊ, эне тилге болгон урматыӊ» деген темада ток шоу болуп өттү.
Мындагы максат окуучуларды өз тилинде туура сүйлөөгө жана туура жазууга үндөө. Ток шоунун жүрүшүндө көчөлөрдө илинген көрнөк-жарнактардагы кетирилген кемчиликтер, интернет желесиндеги туура эмес жазылган сөздөр жана өлкөбүзгө сырттан келген жарандарга өз тилибизде кайрылуу жөнүндөгү бир топ маселелер каралып, катышуучулар өз ойлорун кенен айтышты.
27-сентябрь Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейде Аракетчил – жөндөмдүүлүк долбоору тарабынан “ИШ БАР FEST” жумуш издеген жарандар үчүн, бош жумуш орундар жарманкеси болуп өттү.
Жарманкеде кыска мөөнөтөгү курстарды бүтүргөн лицейлердин бүтүрүүчүлөрүнө ашпозчу, сантехник, кондитер жана офистик программаларды колдонуучу кесиптер боюнча мастер класстар, викторина өткөрүлдү.