2022-2023-жаӊы окуу жылынын башталышында белгиленген кыргыз тилинин бир айлык иш чарасынын алкагында 4-октябрь күнү №16 Кесиптик лицейинде тайпалар ортосунда «Туура сүйлөп, туура жазганыӊ, эне тилге болгон урматыӊ» деген темада ток шоу болуп өттү.
Мындагы максат окуучуларды өз тилинде туура сүйлөөгө жана туура жазууга үндөө. Ток шоунун жүрүшүндө көчөлөрдө илинген көрнөк-жарнактардагы кетирилген кемчиликтер, интернет желесиндеги туура эмес жазылган сөздөр жана өлкөбүзгө сырттан келген жарандарга өз тилибизде кайрылуу жөнүндөгү бир топ маселелер каралып, катышуучулар өз ойлорун кенен айтышты.
27-сентябрь Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейде Аракетчил – жөндөмдүүлүк долбоору тарабынан “ИШ БАР FEST” жумуш издеген жарандар үчүн, бош жумуш орундар жарманкеси болуп өттү.
Жарманкеде кыска мөөнөтөгү курстарды бүтүргөн лицейлердин бүтүрүүчүлөрүнө ашпозчу, сантехник, кондитер жана офистик программаларды колдонуучу кесиптер боюнча мастер класстар, викторина өткөрүлдү.
Жаӊы окуу жылынын башталышы менен кыргыз тилинин бир айлык иш чарасы жарыяланып анын негизинде 14-сентябрь күнү лицейибизде «Сабаттуу бол» деген чакырыктын жүрүшү менен тайпалар арасында «Өз үйүндө өгөйлөнгөн эне тил» деген темада дил баян жазышты. Дил баянды жаздыруудагы негизги максат окуучулардын сабаттуулугун жакшыртуу, эне тилге болгон сүйүүсүн арттыруу жана патриоттуулукка үндөө. Жарыяланган теманы мыкты жазган окуучуларга линейкада алкыш айтып, башкаларды үлгү алууга чакырды.
23-сентябрь мамлекеттик тил күнү №16 Кесиптик лицейинде салтанаттуу линейка менен баштап, тил гимн жаӊыртып окуучулардын эне тилине болгон сүйүүсүн дагы бир жолу ойготту. Лицей жетекчилиги тарабынан мамлекеттик тил күнүнүн урматына жылуу сөздөр айтылды. Кыргыз тили мугалими тилдин тарыхы, учурдагы абалы, келечеги жөнүндө баяндама окулуп, окуучулар кеӊири түшүнүк алышты. Жылдагыдан айырмаланып өлкөнүн учурдагы кырдаалына байланыштуу иш чарабыздын программасы Ата-Мекенге жана эне тилине болгон патриоттук сезимдерин чагылдырган видеороликтерди ар бир тайпа жасап көрсөтүштү. Тайпалардан чыккан лидер окуучулар тил жөнүндө берилген суроолорго жооп берип өздөрүнүн мамлекеттик тил күнүнө арналган баяндамаларын окуп беришти. Көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынды, ар бир окуучунун жүрөгүндөгү Мекенге жана эне тилине болгон ыйык сезими көздөрүнөн байкалып турду.
2022-жылдын 29- август күнү Юнисеф, Инициатива «Луч света» жана «ДИА» коомдук фонду тарабынан уюштурулган кызыктуу экскурсиялык иш чаранын алкагында Кара-Суу жана Өзгөн районундагы мектеп окуучулары Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейине келип кетишти. Окуучулар лицейдин материалдык-техникалык базасын көрүшүп, лицей боюнча кызыккан суроолорун берип маалымат алып кетишти.
Ош Мамлекеттик Университетинин Индустриалдык-педагогикалык колледжи менен №16 Кесиптик лицей биргеликте 2019-жылдан тарта “Меморандум” уюштуруп келе жатат.
Лицейдин өндүрүштүк окутуунун устаттары 6 айлык кошумча педагогикалык курсту өтөп келишти. Ал эми ИПКнын “Тигүү” кесибинин студенттери лицейде практика өтөп кетишти.
2022-жылдын 11-июнь күнү “Кесиптер фестивалы” аттуу иш чара Ош Мамлекеттик Университеттин башкы корпусунда өткөрүлдү. Иш чарага №16 Кесиптик лицейнен “Авто унаа каражаттарын оңдоочу жана тейлөөчү слесарь” жана “Тигүүчү” тайпалары устаттары менен биргеликте катышып келишти.
2022-жылдын 9-июнь күнү №16 Кесиптик лицейде бүтүрүүчү студенттер үчүн салтанаттуу аземи өткөрүлдү.
Салтанаттуу аземди лицейдин директору Абжалиева Нематкан Токобековна ачып берип, мамлекеттик сынактарды тапшыруу алдында турган бүтүрүүчү студенттерге ийгилик каалап, келечектеги кесиптеринин мыкты адиси болууга чакырып өттү.
Окуудагы жана иштеги алдыңкы жетишкен студенттерге жана мугалимдерге ардак грамота, ата-энелерине жана мектептерине ыраазычылык баракчалары тапшырылды.
Иш-чара концерттик программа менен коштолуп мугалимдер жана студенттер куттуктоо сөздөрү менен бүтүрүүчүлөргө ак жол каалашты.