Ош шаарындагы №16 кесиптик лицейинин өндүрүштүк окутуунун устаттары жана кенже кызматкерлери тарабынан лицей аймагындагы урап түшкөн арыктарды оңдоо жана кайра калыбына келтирүү иштери жүргүзүлдү. Иштин жүрүшүндө арыктар тазаланып, керектүү жерлерге жаңы трубалар орнотулду. Бул иштердин максаты — окуу жайдын аймагындагы суу агымын жөнгө салуу, айлана-чөйрөнүн тазалыгын жана коопсуздугун камсыздоо болуп саналат. Мындай демилгелүү иштер лицейдин материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана окуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө чоң салым кошот.
2025-жылдын 3–4-октябрь күндөрү Ош шаарындагы №16 кесиптик лицейинде ата-энелер конференциясы уюштурулду. Бул иш-чаранын негизги максаты – окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу, алардын окууга үзгүлтүксүз катышуусун жакшыртуу жана ата-энелер менен тыгыз кызматташтыкты чыңдоо болду.
Конференциянын ишин лицейдин директору Нематкан Токтобековна Абжалиева ачып берип, ата-энелерге маанилүү маселелер боюнча кайрылуу жасады. Өз сөзүндө ал жаш өспүрүмдөрдүн тагдыры коомдо ар кандай жагымсыз кырдаалдар менен коштолуп жатканын белгилеп, төмөнкүдөй чакырык таштады:
«Бүгүнкү күндө жаш эле балдарыбыздын тагдыры аянычтуу окуялар менен аяктап жаткан учурлар арбын кездешет. Урматтуу ата-энелер, сырттан келип окуп жаткан балдарыңызды сабактан кийин да көзөмөлдөп туруңуздар. Класс жетекчилер жана устаттар менен тыгыз байланышта болуп, ар бир кадамында колдоо көрсөтүңүздөр. Балдардын тагдырына кайдыгер мамиле кылбайлы. Чет жакка окуусун бүтүрүп, колуна диплом же аттестат алгандан кийин гана жөнөтүү туура. Азыр жашы жетпей туруп, убактылуу жумушка арзыбаган айлыкка иштетүү – алардын келечегин жок кылууга барабар. Балдар – биздин келечегибиз. Алардын билим алып, кесип үйрөнүүсүнө шарт түзүү – ар бирибиздин ыйык милдетибиз».
Конференциянын жүрүшүндө ата-энелер да өз ойлорун билдиришти. Алардын бири:
«Менин балам лицейдин 2-курсунда окуйт. №16 кесиптик лицейдин жетекчилигине жана мугалимдерине ыраазычылык билдирем. Ар дайым балдардын кызыкчылыгын эске алып, билим берип, кесипке үйрөтүп келатасыздар. Ошондой эле педагогикалык жамаатты кесиптик майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм» – деп өзүнүн ыраазычылыгын билдирди.
Иш-чаранын алкагында окуучулар тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланып, ыр-бий жана ар түрдүү чыгармачыл көрсөтүүлөр катышуучуларга жагымдуу маанай тартуулады. Ошондой эле көргөзмө бурчтары уюштурулуп, ата-энелер лицейдин окуучуларынын ийгиликтери менен таанышты.
Жыйынтыгында лицейдин жамааты конференцияга келип катышкан бардык ата-энелерге чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, мындан ары да мындай жолугушуулар үзгүлтүксүз улантылаарын белгиледи.
Ош шаары, 1-октябрь, 2025-жыл. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан «Иш берүүчү – кесиптик билим берүү жана жумушка орноштуруу системасынын негизги өнөктөшү» аттуу тегерек стол уюштурулду. Иш-чарага Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейи да активдүү катышты. Иш-чаранын негизги максаты – кесиптик билим берүү мекемелери менен иш берүүчүлөрдүн ортосундагы кызматташууну чыңдоо жана бүтүрүүчүлөрдү жумушка орноштуруунун натыйжалуу жолдорун талкуулоо болду. Тегерек столго мамлекеттик органдардын, жеке сектордун өкүлдөрү, аймактык инвестициялык кеңештердин координаторлору, кесиптик лицейлердин жетекчилери жана Швейцария Өкмөтүнүн “Чебер: Кыргызстанда көндүмдөрдү өнүктүрүү” долбоорунун өкүлдөрү катышты. Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов өз сөзүндө өлкө боюнча 93 башталгыч кесиптик окуу жай иштеп жатканын, 2025–2026-окуу жылында 28 миңге жакын окуучу билим алып жатканын жана дуалдык билим берүү системасы кеңири киргизилип жатканын белгиледи. Тегерек столдун жүрүшүндө төмөнкү баяндамалар сунушталды: • «Иш берүүчү – окуу жай менен эмгек рыногунун ортосундагы көпүрө» – Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейинин директору Абжалиева Нематхон Токобековна иш берүүчүлөрдүн маанилүү ролун белгилеп, мамлекеттик окуу жайлардын материалдык-техникалык базасын жаңылоонун зарылдыгын айтты. • «Окуу процессинде иш берүүчүнүн ролу» – «Арсенал» ИТБнын директору Базаров Александр Александрович, №16 Кесиптик лицейинин бүтүрүүчүсү өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, лицейдин окуучулары өндүрүшкө бат ыңгайлашарын баса белгиледи. • «Башталгыч кесиптик окуу жайлары менен иш берүүчүнүн өз ара аракеттенүүсү» – «Барс Групп» ЛТДнын директору Самаган Локенов окуу программаларын биргеликте иштеп чыгуу жана практикалык окутуу боюнча кызматташууну баяндады. Ошондой эле, «Жаңы Араван Текстиль» ЖЧК, «Арсенал» МТБ ЖЧК жана «Барс Групп» ЖЧК сыяктуу ишканалардын жетекчилери кесиптик билим берүү мекемелери менен кызматташуудагы ийгиликтүү тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Катышуучулар иш берүүчүлөрдү билим берүү программаларын жана кесиптик стандарттарды түзүү процессине активдүү тартуу зарылдыгын белгилешти. Бул кадам бүтүрүүчүлөрдү эмгек рыногунда талап кылынган көндүмдөр менен камсыз кылууга өбөлгө болуп, кесиптик билим берүү тармагындагы реформаларды натыйжалуу ишке ашырууга шарт түзөт.
Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейинин 2-курсунун «Электр-газ менен ширетүүчү» кесибинин окуучулары өндүрүштүк окуу сабагынын жүрүшүндө чоң эмгек жасашты. Алар үч окуу канаасына арналып 30 даана окуучулар үчүн блок жана 5 даана мугалим үчүн стол даярдашып, окуу жайдын материалдык базасын чыңдоого өз салымдарын кошушту. Бул жетишкендик жетекчиликти кубандырды.
Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейде Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Иш-чаранын алкагында лицейдин таланттуу окуучулары кыргыз элинин руханий мурастарын даңазалап, ар түрдүү концерттик номерлерди тартуулашты. Концерттик программада жүрөктү козгой турган обондуу ырлар, улуттук мурас болгон комуз күүлөрү, поэзия дүйнөсүн ачкан көркөм окуулар, кызыктуу интермедиялар жана улуттук бийлер көрүүчүлөргө чоң таасир калтырды.
Салтанаттуу кеченин максаты – мамлекеттик тилди урматтап, жаштардын аң-сезиминде эне тилге болгон сыймыкты жана сүйүүнү арттыруу болду. Окуучулардын чыгармачылыгы менен коштолгон бул иш-чара мамлекеттик тилдин баркын көтөрүп, көпчүлүктү биримдикке жана тилге кам көрүүгө үндөдү.
Ошондой эле лицей жамааты бардык кыргызстандыктарды 23-сентябрь – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү менен чын дилинен куттуктап, ар бир жаранды эне тилди сактап, өнүктүрүүгө өз салымын кошууга чакырат.
2025-жылдын 20-сентябрында өткөн Жалпы республикалык ишембиликтин алкагында Ош шаарындагы №16 кесиптик лицейдин окуучулары жана кызматкерлери ишембиликке катышышты. Иш-чара учурунда лицейдин аймагындагы таштандылар тазаланып, айлана-чөйрө иретке келтирилди.
Ош шаарындагы №16 кесиптик лицейинде 2024–2025-окуу жылын аяктаган бүтүрүүчүлөргө арналган диплом тапшыруу аземи салтанаттуу түрдө болуп өттү.
Иш-чараны лицейдин директору Абжалиева Нематхон Токобековна ачып, бүтүрүүчүлөргө жүрөк толкуткан каалоо-тилектерин билдирди. Өз сөзүндө ал мындай деди: – «Бүгүн сиздер жашооңуздарда жаңы баракты ачып, чоң жолго кадам таштап жатасыздар. Лицейде алган билим жана дипломдор сиздерге дайыма жакшылыктарды алып келип, ийгиликтерге жол ачсын. Ар дайым алдыңкы сапта жүрүп, өз кесибиңиздердин мыкты адиси болуңуздар».
Салтанаттын жүрүшүндө бүтүрүүчүлөргө кесиптик дипломдор тапшырылып, аларга ак жол каалоо жана ак баталар айтылды.
Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейинде 1-сентябрь Билим күнүнө карата салтанаттуу линейка болуп өттү. Салтанаттуу линейканы окуу жайдын директору Н. Т. Абжалиева ачып берип, окуучуларды жана педагогикалык кызматкерлерди жаңы окуу жылы менен куттуктады.
Урматтуу мугалимдер, ата-энелер жана окуучулар!
Бүгүн – жаңы билим жолунун башаты, жаңы үмүттөрдүн жана ийгиликтердин күнү. Ар бир балага билимдин ачкычы болуп, келечекке ишенимдүү кадам таштоого шарт түзгөн улуу күн.
Жаңы окуу жылы сиздерге чыдамкайлык, зор ийгиликтер жана кубаныч тартууласын! Ар бир күн билимге умтулуу менен, жаңы табылгалар менен, жаркын келечекке ишеним менен коштолсун.
Окуучуларга – изденүүнүн жана билимин өркүндөтүүнүн жогорку чокуларына жетүүнү, мугалимдерге – чыгармачыл шыктанууну жана сабырдуулукту, ата-энелерге – балдарынын жетишкендиктерине сыймыктанууну каалайм.
2025-жылдын 2-июль күнү Ош шаарындагы №16 кесиптик лицейинде салтанаттуу аттестат тапшыруу аземи болуп өттү. Бул өзгөчө күндө лицейди ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчүлөргө билим алгандыгы тууралуу расмий аттестаттар салтанаттуу түрдө ыйгарылды.
Иш-чарага лицейдин жетекчилиги, окутуучулар жамааты, ата-энелер жана коноктор катышып, бүтүрүүчүлөргө жүрөктөн чыккан ак тилектер айтылды. Бүтүрүүчүлөр мугалимдерине терең ыраазычылыгын билдиришти.
№16 кесиптик лицейи өзүнүн бүтүрүүчүлөрүнө келечекте зор ийгиликтерди, асыл максаттарына жетүүлөрүн жана өз кесибинин мыкты адиси болушун каалайт. Алар кайда жүрбөсүн, лицейдин атын бийик көтөрүп, мекенге татыктуу кызмат кылаарына терең ишенет!
2025-жылдын 16-июнь күнү Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейинде бүтүрүүчү курстагы окуучулар үчүн кыргыз тили жана орус тили сабагы боюнча мамлекеттик бүтүрүү экзамени өткөрүлдү.
2025-жылдын 5-июнь күнү Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейинде бүтүрүүчү курстагы окуучулар үчүн алгебра сабагы боюнча мамлекеттик бүтүрүү экзамени өткөрүлдү.
2025-жылдын 2-июнь күнү Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейинде бүтүрүүчү курстагы окуучулар үчүн кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты сабактары боюнча мамлекеттик бүтүрүү экзамени ийгиликтүү өткөрүлдү.
Бул маанилүү күнү лицейдин бүтүрүүчүлөрү алган билимдерин тастыктап, өздөрүнүн жетишкендиктерин көрсөтүштү. Экзамен белгиленген тартипке ылайык өткөрүлдү.
Мамлекеттик жыйынтыктоочу экзаменди лицейдин директору Абжалиева Нематхон Токобековна ачып берип, бүтүрүүчүлөрдү экзамен күнү менен куттуктап, алдыдагы экзамендерди ийгиликтүү тапшырып алууну жана келечекте мындан чоң-чоң ийгиликтерди багынтуусуна тилектеш экендигин билдирди.
Мамлекеттик экзамен — бул окуучулардын билим сапатын текшерүү менен катар алардын жоопкерчилигин жана келечекке болгон даярдыгын көрсөтүүчү маанилүү баскыч болуп саналат.