Күз майрамы

2023-жылдын 23-октябрь күнү Күз жарманкеси жана 27-октябрь күнү №16 Кесиптик лицейде тайпалар арасында Күз майрамына карата «Күзгү бал» сынагы өткөрүлдү. Сынакка окуучулардын жакшы даярдангандыгы аткарган ыр, бий интермедияларынан көрүнүп турду. Сынактын акырында Күз мырзасы жана Күз периси белгиленип жеӊүүчүлөргө грамота жана сыйлыктар тапшырылды.

Мугалимдер күнү

Кесиптик майрамыӊыздар менен!

Мугалим-өнөр ээси үлгү берээр,

Мугалим эрктүү адам баарын жеӊээр.

Шакиртин кыйын таптап өзүнөн да,

Адамдык сапаты артык жоомарт, чебер.

Урматтуу мугалимдер, билим берүү тармагына өмүрүн арнаган агай-эжекелер, Сиздерди бүгүнкү 5-октябрь Мугалимдер күнү менен куттуктайбыз. Ден соолугуӊуздар чыӊ болуп, ишиӊиздерди ийгиликтер коштосун!

№16 Кесиптик лицейде мугалимдер күнү белгиленип окуучулар тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду. Жетекчилик тараптан куттуктоолор айтылып жыйынтыкталды.

Карыялар күнү

2023-жылдын 2- октябрь күнү Ош шаарындагы 16 Кесиптик лицейде адаттагыдай эле «Карыялар күнүнө» карата бир топ жыл үзүрлүү эмгектенген ардагерлерди лицей жетекчилиги куттуктап, аларга ден соолук каалап өттү. Мугалимдик кесипти аркалап сый тапкан биздин кесип ээлерин кызуу куттуктады.

Волейбол боюнча спорттук мелдеш

2023-жылдын 25-26-сетябрь күндөрү Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейде спорттун волебол түрү боюнча тайпалар арасында мелдеш өткөрүлдү. Жеӊүүчүлөр аныкталып жетекчилик тарабынан грамоталар тапшырылды жана облусттук мелдешке жолдомо алышты.

23-сентябрь «Мамлекеттик тил күнү»

2023-жылдын 22-сентябрь күнү Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейде Кыргыз тили мамлекеттик тил деп кабыл алынгандыгына 34 жылдыгын майрамдык иш-чара менен кызуу белгиленди. Анда окуучулар кыргыз тилин даӊазалаган көркөм окуу ырларын, Манас эпосунан үзүндү аткарышты. Ошондой эле кыз-жигит сармердени өткөзүлүп акыйнек, макал-лакап айтышуу, ыр бийлер менен коштолуп турду. Иш –чаранын аягында кесиптик лицейдин жетекчилиги тарабынан куттуктоо сөздөр айтылып кыргыз тилин сактап таза кыргыз тилинде сүйлөөгө чакыруу айтылды. Кыргыз тили майрамына активдүү катышкан окуучуларга ыраазычылык айтылып ардак грамота менен сыйланышты. Майрамдык кече кыргыз тил гимндин жаӊыруусу менен аякталды.

Ички иштер кызматкерлери жана ИДН менен бирдикте жолугушуу өтүлдү

12-сентябрь күнү Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейде окуучулар арасында кылмыштуулукту, зордук зомбулуктун алдын алуу жана окуучулар арасында терроризм тууралуу түшүндүрүү иш чараларын жүргүзүү максатында ички иштер кызматкерлери,

ИДН кызматкери, милициянын ага лейтенанты Эркебаев Дилмурат Жакыпович менен бирдикте жолугушуу өткөрүлдү.

1-сентябрь Билим күнү

Кутмандуу күнүӊүздөр менен!

Бүгүн майрам – Билим күнү! Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейде 2023-2024- жаӊы окуу жылынын башталышы, билим күнүнө карата салтанаттуу линейка өткөрүлдү.

Бардык окууга жаӊы тапшырган студенттерди, бардык мугалимдерди, устаттарды жана студенттерди жаӊы окуу жылы менен куттуктайбыз.

Жалпы ишембилик

10-июнь күнү туристтик сезонго карата даярдык көрүү максатында Ош шаарындагы бардык мекеме-ишканалардын, муниципалдык аймактардын, ички-сырткы көчөлөрүнүн жана имараттардын тазалыгына, жашылдандыруу жумуштары жүргүзүлдү. Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицей да ишембиликке активдүү катышты. Лицейдин айлана чөйрөсү жана Касымбеков көчөсүнүн тротуарларына да тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Мамлекеттик сынак

2023-жылдын 16-июнь күнү кыргыз тили жана орус тили сабактары боюнча мамлекеттик бүтүрүү сынагы болуп өттү. Сынак учурунда окуучулар тестик иш жана жат жазуу жазышты.

2-июнь күнү Кыргыз Республикасында 2022-2023-окуу жылындагы бүтүрүүчүлөргө Кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты сабагынан жазуу түрүндө Мамлекеттик сынак өткөрүлдү.  Кыргыз адабияты сабагынан өткөрүлгөн эссесинде үч теманын негизинде окуучулар эркин ой жүгүртүп жазышты. Эссенин талаптарын так аткарышты.

2 июня по всему КР был письменный экзамен по русской литературе и русскому языку(эссе).
Выпускники с волнением ждали задания и для них были неожиданностью темы эссе, это творческое мышление учащихся ,,Поэзия Расула Гамзатова, Время жить , Баллада о счастье,,.
Порой на первый взгляд темы актуальные, полезные, дают повод для размышлений.
Ученикам трудно было изначально выбрать, но многие написали эссе на тему ,,Время жить,,.
Порой казалось, что эти молодые люди не смогут так глубоко вникнуть в суть темы, но читая некоторые эссе прошибали слезы, порой вчерашние непослушные мальчишки написали так проникновенно, так глубоко, так откровенно, так круто, так душевно!
А, впереди ещё предстоят другие экзамены.
И хочется им пожелать только светлых дорог и успехов!

7-июнь күнү лицейдин бүтүрүүчүлөрү «Алгебра жана анализдин башталышы» сабагынан экзамен тапшырышты.