8-март Аялдардын Эл аралык майрамы

Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейде 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү.

Иш чарада лицейдин директору мугалим эжекелерди жана окуучу кыздарды майрамы менен куттуктап, майрамга карата кыздар арасында спорттун волейбол түрү боюнча өткөрүлгөн мелдештин жеңүүчүлөрүнө грамоталарды тапшырды. Окуучулар тарабынан уюштурулган концерттик программа тартууланды.

Брейн-ринг интеллектуалдык акыл-таймашы

Ош мамлекеттик университетинин физика-техника факультетинин ФЕ(б)-1-20 тайпасынын студенттери:

Абдулмажи кызы Каныкей

Калмаматова Жумагүл

Апсаматова Тумариза

Сталбек кызы Айзат

Тунубек кызы Нуркыз

29-январдан 9-мартка чейин Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейде практика өтөштү.

Практика учурунда 5-март күнү Брейн-ринг интеллектуалдык акыл-таймашын өткөрүштү.

Мамлекеттик туу жана Ак калпак күнү

Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейде Мамлекеттик туунун кабыл алынгандыгынын 32 жылдыгы, Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү салтанаттуу белгиленди. Салтанаттуу иш чарада окуучулар тарабынан концерттик программа тартууланды. Майрам улуттук кийим кийип, колуна туу көтөргөн окуучулардын жөө жүрүшү менен аякталды.

21-февраль бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү

2024-жылдын 21 – февраль күнү лицейде бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүн белгилөө максатында чакан иш чара уюштурулуп өттү . Окуучулар тарабынан улуттук тилдерди даңазалоо максатында “Тилибиз-биздин дилибиз”аттуу концерттик программа уюштурулуп таланттуу окуучулардын өнөрлөрүнө күбө болушту.

23-февраль «Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата

Урматтуу Ата Мекенди коргоочулар! Сиздерди 23-февраль – Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Жергебизде ар дайым тынчтык өкүм сүрүп, гүлдөп өсө берсин! Сиздерге бекем ден-соолук, узун өмүр, бакубат турмуш каалап, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө арналган кызматыңыздарда ийгиликтер арта берсин. Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейдин окуучу кыздары 23-февраль Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата майрамдык маанай тартуулашты.

23-февраль «Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата 16-17- февраль күндөрү №16 Кесиптик лицейде тайпалар арасында спорттун волейбол түрү боюнча спорттук мелдеш өткөрүлдү. Жеӊүүчүлөр аныкталып, сыйлыктар тапшырылды.

Химия жана ден соолук генетиканын бузулушу

2024-жылдын 15-февраль күнү №16 Кесиптик лицейде химия мугалимдери Юсупова Элнура жана Муктаров Абдыганы тарабынан Химия жана ден соолук генетиканын бузулушу аттуу темада иш чара өткөрүлдү.

Иш чаранын максаты: учурда колдонулуп жаткан химиялык каражаттардын ден-соолукка тийгизген терс жактары, ошондой эле экологиянын бузулушу, психотроптук заттардын адам өмүрүнө коркунуч алып келиши тууралуу түшүндүрүп жеткирүү.

Иш чаранын жүрүшүндө ар бир катышуучу тайпа өздөрүнө бөлүнгөн тапшырмаларды коргоп айтып беришти.

Уюштуруучулар тарабынан суроо жооп берилип эӊ жакшы жооп берген окуучулар белектерди алышты. Иш чаранын соӊунда жетекчилик тарабынан жылуу сөздөр айтылды.

 

Эки мамлекет ортосундагы кызматташуу

Бүгүн 2024-жылдын 15-февраль күнү Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейи, Кыргызстан жана Кореянын Геоиже Университети менен эки тараптын ортосундагы достук мамилелерди чыӊдоо максатында, өз мамлекеттердин суверенитетинин жана теӊ укуктуулугунун кызматташтыкты чыӊдоо максатында меморандуму түзүлдү.

“Кыргыз Текстиль”ге экскурсия

Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейинин  “Тигүүчү, тигүү жабдууларынын оператору” кесибинин 31-ШВ-2023 тайпасы Ош шаарындагы Кен-Сай массивинде жайгашкан “Кыргыз Текстиль ЛТД” ЖЧК тигүү фабрикасына өндүрүштүк окуу сабагы учурунда экскурсияга чыгып, өздөрүнүн билим куржунуна керектүү  маалыматтарды алып келишти.

Академиялык мобилдүүлүк

Ош шаарындагы 16 Кесиптик лицейинин “Тигүүчү, тигүү жабдууларынын оператору” кесибинин 1-курстун  окуучулары 2019-жылы түзүлгөн Меморандумдун негизинде  “Академиялык мобилдүүлүк” боюнча Ош шаарындагы 12-Кесиптик лицейинде тажрыйба алмашууда

Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылышынын 35 жылдыгына карата

2024-жылдын 15-февраль күнү Ош шаарындагы Токтогул атындагы сейил багында Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылышынын 35 жылдыгына карата Ооган согушунда курман болгон аскерлердин эстелигине гүл коюу аземи болуп өттү. Бул иш чарага №16 Кесиптик лицейдин мугалимдери жана окуучулары активдүү катышып келишти.