Ош облустук Рыспай Абдыкадыров атындагы филармониянын акындары Шамырбек Тургунбаев , Торобай Арзыбаев жана белгилүү ырчы Курманбек Карабаев №16 Кесиптик лицейдеги окуучулар менен жолугушуу кечесин өткөрүштү. Жолугушуу кечеде окуучуларга концерттик программасын тартуулашты. Акын Шамырбек Тургунбаев “Бутун турсун жер шаары” аттуу китебинин бет ачарын өткөрдү.
ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжи менен түзүлгөн меморандумдун негизинде Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейде №16, №12, №112, №113-Кесиптик лицейлердин техникалык билими бар атайын предмет мугалимдери жана өндүрүштүк окутуунун устаттары педагогикалык билим алууда.
Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейдин ширетүүчү тайпаларынын окуучуларына Ош шаарындагы “Кыргыз мед.тех.стандарт” ишканасынын устаты Жетибаев Мухаммед аргон менен ширетүү боюнча мастер-класс өтүп берди жана келечек муунду тарбиялоодо, мыкты ширетүүчүлөрдү даярдоодо тыгыз иш алып барууга көмөктөшө турганын билдирип кетти.
Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейде педагогикалык жамаатка педогагогикалык окуу жүрүп жатат. Педагогикалык окуу учурунда жалпы мугалим-устаттар заманбап мугалимдин талаптарына туура келген маалыматтар, инновациялык усулдар менен болүшүүдө. Педагогикалык жамаат үчүн педагогикалык окуу жемиштүү өтүлүүдө.
Учурдун актуалдуу көйгөйү болуп турган маселелердин бири зордук-зомбулук.
№16 Кесиптик лицейинде зордук-зомбулукка каршы акциясына карата тарых мугалими Айткулова Ибарат “Зордук-зомбулуксуз жашоо” деген темада II-курстун студенттери менен дебат өтүп, окуучулар арасында
Өспүрүм балдардын рекеттик зордук-зомбулукка кабылуусу жөнүндө талкуу болду.
Үй-бүлөдөгү зордук зомбулуктун балдарга тийгизген таасири талкууланды.
Дебатта окуучулар өз ой-пикирлерин эркин айтып талкуулашып зордук-зомбулуксуз жашоого биргеликте, ынтымактуулук менен жетишебиз деген бүтүмгө келишти.
Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан кыргыздын залкар жазуучусу Чынгыз Төрөкулович Айтматов көзү тирүү болгондо быйыл 12-декабрь күнү 95 жашка чыкмак.
Жазуучубуздун 95 жылдыгына карата Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейинде орус тили жана адабияты мугалимдери тарабынан Чынгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгына арналган лицейдин I- курсунун студенттеринин арасында интелектуалдык оюн өткөрөлдү.
2023-жылдын 8-декабрь күнү №16 Кесиптик лицейинде ата-энелер конференциясы болуп өттү. Конференцияда окуу жайдын жетекчилиги тарабынан лицейде жүргүзүлүп жаткан окуу-өндүрүштүк процесстердин өзгөчөлүктөрү, жаӊы киргизилген өзгөрүүлөр, жаштардын тарбиясындагы актуалдуу маселелер кеӊири айтылды. Ошондой эле лицейдеги материалдык-техникалык базанын өнүгүүсүн , окуучулардын кесип үйрөнүүгө шарттар дагы да жакшырганын слайд аркылуу ата-энелерге тааныштырылды.
Жаштардын билимин, тарбиясын туура багытта жүргүзүү максатында мугалимдер ата-энелер менен биргеликте иш алып баруусу зарыл экендигин баса белгиленди.
Ата-энелер лицей жетекчиликчилигинин сөздөрүн колдоп ыраазычылык билдиришти. Конференциянын аягында Ата энелер суроолорун, сунуштарын беришип жана жоопторду алышты. Негизинен ата-энелер конференциясы натыйжалуу болду жана лицей жетекчилиги балдарынын келечегине кайдыгер болбой келген ата-энелерге ыраазычылык билдирип кетти.
Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейинде СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата Ош облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана АИВ -инфекциясынын эпидемиология бөлүмүнүн башчысы Бурканов А.А окуучуларга «ВИЧ/СПИД жөнүндө маалымат» темасында лекция окуду. Лицейде тайпалар арасында дубал гезит жана сүрөт көргөзмөсү өткөрүлдү.