Күзгү балл

Ош шаарындагы N16-Кесиптик лицейинде Күзгү балл болуп өттү! 1-орунду “Золотой закат” командасы грамота жана “Лаваш” борборуна 2 кишилик жолдомо жана “Күз периси” жана “Күз мырзасы” болду 2-орунду “Фантазия” командасы “Ак буура” эс алуу борборуна 2 кишилик жолдомо, ал эми 3-орунду “Сары жалбырак” командасы ээлеп “Galaxy” кинотеатрына 2 кишилик жолдомо утуп алышты

IT-Кыздар долбоору

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен өткөрүлгөн “IT кыздар” пилоттук долбоору тууралуу маалымат берилген. Долбоорго өлкө боюнча кесиптик лицейлерден тандалып алынган окуучуларды окутуу “Wildberries” компаниясынын өкүлдөрү тарабынан өткөрүлүп, 2,5 ай бою дизайн жана HR жаатында сабактар берилип, эксперттер катышкан.

Ош облусунан долбоорго  катышкан лицейлердин арасынан №16 Кесиптик лицейинин №31 “Тигүүчү” тайпасынын окуучусу Тополонова Дөөлөткан, ал долбоорду ийгиликтүү аяктап, 2024-жылдын 11-октябрында Бишкек шаарында өткөрүлгөн “IT кыздар” пилоттук долбоорунун сыйлоо аземине катышып, сертификат, ноутбук жана башка баалуу сыйлыктар тапшырылды.

FASHION HACKATHON-2024 кароо сынагы!

 

Текстилди өнүктүрүү борбору тарабынан уюштурулган Fashion хакатон-2024 кароо сынагында Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейдин «Тигүүчү, тигүү жабдууларынын оператору» кесибинин 2-курсунун окуучулары Токонова Самара жана Оморова Зияда FASHION HACKATHON-2024 кароо сынагынын финалдык туруна катышышты. Алар Бишкек шаарынын Политехникалык колледжинде кийимди конструкциялоо боюнча САПР программасын бекер окууга жолдомо утуп алышты жана сертификат менен сыйланышты жана  “Евразия групп” тигүү фабрикасы менен №16 Кесиптик лицейи кызматташуу келишимине кол коюшту.

Бул жеңиш жаш кесипкөйлөр үчүн келечектеги карьерасын өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзүп, өлкөнүн текстиль жана тигүү өнөр жайында таланттарды колдоо боюнча маанилүү.

Мугалимдердин кесиптик майрамы

Ош шаарындагы N16-Кесиптик лицейинин окуучулары 5-октябрь мугалимдердин кесиптик майрамы менен окуу жайдын окуучулары кызуу куттуктап, лицейдин педагогикалык жамаатына кофе-брейк жана концерттик программа уюштурулду. Майрамдык маанай уланып, кече оюн-зоок менен коштолду. Мындан сырткары лицейдин өсүп-өнүгүшүнө салым кошкон мугалим-устаттарга грамоталар тапшырылды

Кесиптик кароо сынак

Ош шаарындагы N16-Кесиптик лицейинин “Тигүүчү, тигүү жабдууларынын оператору” кесибинин 2-курстарынын арасында Текстилди өнүктүрүү борбору тарабынан уюштурулган “FASHION HACKATHON-2024” аттуу мелдешинин тандоо туру болуп өттү! Анда жалпы 11 окуучу катышып, анын ичинен 2 окуучу тандалып алынып, жогорудагы аталган мелдешке катышууга мүмкүнчүлүк алды

23 – сентябрь Мамлекеттик тил күнү

Ош шаарындагы 16 Кесиптик лицейинде 2024 -жылдын 23 – сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата иш чара болуп өттү. Иш чаранын жүрүшүндө Манас айтуу менен башталып , көркөм ырлар, кыргыз бийлери ,макал – лакаптар, акыйнек менен коштолуп жыйынтыкталды. Ар бир тайпа Мамлекеттик тил күнүн даңазалап стенгазета тартышты.

Фасадды оңдоп-түздөө

Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейинде окуу корпусунун сырткы фасадын оңдоп-түзөө иштери бүгүнкү күндө кызуу жүрүүдө.
Кызматкерлердин жана окуучулардын коопсуздугун сактоо, окуу процессин үзгүлтүккө учуратпай, иш-чараларды өз убагында уюштуруу үчүн лицейдин жетекчилиги учурда иш алып барууда.

14-сентябрь жалпы ишембилик!

2024-жылдын 14-сентябрында КРнын баардык аймактарында республикалык ишембилик. Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейдин окуучулары жана инженердик-педагогикалык кызматкерлери да ишембиликке катышышты. Лицейдин айланасында ошондой эле Касымбеков көчөсүнүн жол жээктеринде таштандылардан тазалоо иретке келтирүү иш-чарасы өткөрүлдү.

Билим күнү!

1-Сентябрь Билим күнү!

Биздин лицейде да бүгүн майрам. Салтанаттуу майрамды лицейдин жетекчиси Нематкан Токобековна ачып, окуучуларды жаңы окуу жылы менен куттуктады, жаңы окуу жылына жаңы дем күч менен билим алууга, кесипкөй инсан болууга, ошондой эле мугалим устаттарга чыгармачылык ийгилик каалады. Окуучулар тарабынан чакан концерттик номерлер аткарылды.

Квалификациялык экзамен

2024-жылдын 21-26-июнь күндөрү бекитилген график боюнча лицейде «Тигүүчү, тигүү жабдууларынын оператору», «Автоунаа каражаттарын оңдоочу слесарь»,  «Электр жабдууларын оңдоо жана тейлөө боюнча электромонтер», «Электр жана газ менен ширетүүчү», «Кургак курулуш адиси», «Веб жана мультимедиялык тиркемелерди иштеп чыгуучу», «Компьютерди жана кенсе техникаларын оңдоочу жана тейлөөчү устат» «Сантехника слесары» адистиктери боюнча квалификациялык сынактар ​​өткөрүлүп жатат.