DARYA SCAFFOLD Ош

Түштүк региону боюнча Ош мамлекеттик университетине караштуу Индустриялык-педагогикалык колледжде Darya Scaffold карточкалар методикасы менен иштөө боюнча семинар-тренинг өткөрүлдү. Иш-чараны IT тармагы боюнча проректор Молдояров Уларбек Дүйшөбекович ачып берди. Семинарга №16 Кесиптик лицейинен мугалим-устаттар Айтиева Алтынай, Алимбаева Гүлбарчын жана Кудайбердиева Айзада катышып, квалификацияларын жогорулатып кайтышты.

SCAFFOLDду колдонуу

Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейи билим берүү процессинде инновациялык методдорду ишке ашыруу иштерин улантууда. Лицейдин мугалимдери пилоттук долбоорлордун алкагында SCAFFOLD методикасын активдүү өздөштүрүп, аны теориялык жана практикалык сабактарда колдонуп башташты.

Жакында химия мугалими Юсупова Элнура SCAFFOLD методикасынын негизги аспаптарынын бири болгон SCAFFOLD карталар топтомун колдонуп, ачык сабак өткөрдү. Сабактын жүрүшүндө окуучулар татаал темаларды өз алдынча өздөштүрүү үчүн уюшкан жана натыйжалуу ыкмалар менен иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Бул сабак инновациялык ыкмалардын натыйжалуулугун жана окуучулардын сабакка кызыгуусун арттыра тургандыгын көрсөттү. SCAFFOLD карталары окуучулардын түшүнүгүн тереңдетүү, аналитикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү жана өз алдынча иштөө көндүмдөрүн жакшыртуу үчүн пайдалуу курал катары өзүн далилдеди.

DARYA SCAFFOLD Бишкек

Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейинин мугалим устаттарынын Бишкек шаарында жайгашкан Республикалык Илимий Методикалык Борборунда (РИМБ) өткөрүлгөн пилоттук билим берүү мекемелеринде SCAFFOLD методикасын ишке ашыруу боюнча семинарга активдүү катышып, мугалимдерди SCAFFOLD методикасын колдонуу боюнча теориялык жана практикалык көндүмдөр менен камсыз кылуу, алардын педагогикалык ишмердүүлүгүндө инновациялык ыкмаларды ишке ашыруу боюнча тренер деген сертификатка ээ болушту.

 

1-декабрь СПИДке каршы күрөшүү күнү

Ош шаарындагы №16-Кесиптик лицейинде 1-декабрь “СПИД”ке каршы күрөшүү күнүнө карата “Новый Ритм” коомдук уюму тарабынан окуучуларга ВИЧ СПИДдин жугуу жолдору жана алдын алуу боюнча толук маалымат берилип, суроо-жооп активдүү катышкан окуучуларга кызыктыруучу белектер берилди.

Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейдин 48-ШП-2024 тайпасынын окуучулары 2024-жылдын 13-декабрь күнү «Кыргыз Республикасында ВИЧ-инфекциясына каршы күрөшүү максаттарына жетүү жана эпидемияны көзөмөлдөө боюнча иш-чараларды улантуу» темасында “Новый Ритм” коомдук уюму уюштурган “Калкалайм” аттуу форумга активдүү катышып келишти.

Кайра даярдоо курсу

Ош шаарындагы №16-Кесиптик  лицейинин жана Ош МУнун индустриалдык-педагогикалык колледжи менен социалдык өнөктөштүк боюнча түзүлгөн мемерандумдун негизинде  аталган окуу жайдын инженердик-техникалык 21 окутуучусу кайрадан даярдоо курсун аяктап, “Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү тармагында педагог”  квалификациясына ээ болушту. Мындан тышкары эки окуу жайдын ортосунда программалоо, КМТШ дизайн адистиктери боюнча  өз ара кызматташуу болуп турат жана мындан ары кызматташтык уланат. Бизге жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзгөндүгү үчүн АБРдин интуристтик билим берүү долбооруна жана Ош МУнун индустриалдык-педагогикалык колледжинин алдыңкы тажрыйба борборуна ыраазычылык билдиребиз.

Ата-энелер конференциясы

Ош шаарындагы №16-Кесиптик лицейинде 2024-жылдын 2-ноябрь күнү “Ата-энелер” конференциясы болуп өттү. Конференцияга жалпы 300 дөн ашуун ата-эне катышып, өзү окуп бүтүп кеткен окуу жайга баласын алып келип тапшырткан ата-энелер дагы бар экени бизди сыймыктандырды. Андан сырткары ата-энелер өздөрүнүн ыраазычылыгын жана ошондой эле балдарынын ишенимдүү колдо экенин билдирип, лицей жамаатына мындан ары талыкпай эмгектенип, кесипкөй жаштарды уядан учура беришине тилектеш экендигин билдиришти.

Күзгү ачык чемпионатта

Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейинин 47-ШВ-2024 тайпасынын окуучусу Ташбаева Феруза Жумабаевна Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын Мэриясы, Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан уюштурулган Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата жеңил атлетика боюнча күзгү ачык чемпионатында, кыздар арасында 100 метрге чуркоо боюнча I орунду, ал эми 400 метрге чуркоодо II орунду ээлеп, I- II- даражадагы диплом жана медал менен сыйланды.

DARYA SCAFFOLD

2024-жылдын апрель айында  Казакстан Республикасынын Астана шаарында өткөрүлгөн  Орто Азия мамлекеттеринин катышуусунда  Кыргызстан, Өзбекстан, Таджикистан, Туркменстан, Казакстан мамлекеттеринин, Евразия фонду тарабынан уюштурулган DARYA SCAFFOLD окутуунун жаңыча формасы боюнча  семинарга Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейинин усулчусу Жылчыева Гулиза Каныбековна катышып, улуттук тренер сертификатына ээ болду.

Күзгү балл

Ош шаарындагы N16-Кесиптик лицейинде Күзгү балл болуп өттү! 1-орунду “Золотой закат” командасы грамота жана “Лаваш” борборуна 2 кишилик жолдомо жана “Күз периси” жана “Күз мырзасы” болду 2-орунду “Фантазия” командасы “Ак буура” эс алуу борборуна 2 кишилик жолдомо, ал эми 3-орунду “Сары жалбырак” командасы ээлеп “Galaxy” кинотеатрына 2 кишилик жолдомо утуп алышты

IT-Кыздар долбоору

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен өткөрүлгөн “IT кыздар” пилоттук долбоору тууралуу маалымат берилген. Долбоорго өлкө боюнча кесиптик лицейлерден тандалып алынган окуучуларды окутуу “Wildberries” компаниясынын өкүлдөрү тарабынан өткөрүлүп, 2,5 ай бою дизайн жана HR жаатында сабактар берилип, эксперттер катышкан.

Ош облусунан долбоорго  катышкан лицейлердин арасынан №16 Кесиптик лицейинин №31 “Тигүүчү” тайпасынын окуучусу Тополонова Дөөлөткан, ал долбоорду ийгиликтүү аяктап, 2024-жылдын 11-октябрында Бишкек шаарында өткөрүлгөн “IT кыздар” пилоттук долбоорунун сыйлоо аземине катышып, сертификат, ноутбук жана башка баалуу сыйлыктар тапшырылды.