АЧД жетекчилеринин квалификациясын жогорулатуу курсу

РНМЦнын квалификациясын жогорулатуу боюнча иш планына ылайык «Эмгек резерви» Республикалык дене-тарбия жана спорт борбору менен биргеликте Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейинде 2023-жылдын 13-ноябрынан 18-ноябрына чейин Башталгыч кесиптик билим берүү мекемесинин жаштарды аскерге чейинки даярдоо жетекчилерин квалификациясын жогорулатуу курсу өткөрүлүүдө.

Тазалык – ден соолуктун булагы

2023- жылдын 1- ноябрь күнү Ош шаарындагы 16 Кесиптик лицейдин “Жаштык” жатаканасында “Тазалык – ден соолуктун булагы” аттуу темада иш чара болуп өттү. Окуу өндүрүштүк окутуунун устаты Хакимова Феруза жана 17-ШВ-2022 тайпасынын окуучуларынын катышуусунда болду. Иш чаранын жүрүшүндө тазалык тууралуу видеороликтер, тамашалуу көрүнүштөр көрсөтүлдү.

Жыйынтыгында командаларга ыраазычылык билдиришип, достук жеӊерин белгилеп кетти жатакана жетекчиси.

«Бирге өнүгөбүз» маданий фестивалы

2023-жылдын 28-октябрь күнү Ош шаарындагы №38 «Барпы Алыкулов» атындагы орто мектебинде «Araket» швейцария долбоору тарабынан өткөрүлгөн «Бирге өнүгөбүз» маданий фестивалына биздин лицейдин таланттуу окуучулары 17-ШВ-2022-тайпасынын окуучусу Анарбекова Самира; 31-ШВ-2023-тайпасынын окуучулары Дооранбекова Мээрзат, Акимжанова Сезим, Тополонова Доолоткан; 37-ЭМ-2023-тайпасынын окуучусу Жолдошев Абдулборий; 21-ЭМ-2022-тайпасынын окуучусу Камилов Назимжан катышышып II-орунга ээ болушуп грамота жана сыйлыкка приз алышты.

Күз майрамы

2023-жылдын 23-октябрь күнү Күз жарманкеси жана 27-октябрь күнү №16 Кесиптик лицейде тайпалар арасында Күз майрамына карата «Күзгү бал» сынагы өткөрүлдү. Сынакка окуучулардын жакшы даярдангандыгы аткарган ыр, бий интермедияларынан көрүнүп турду. Сынактын акырында Күз мырзасы жана Күз периси белгиленип жеӊүүчүлөргө грамота жана сыйлыктар тапшырылды.

Мугалимдер күнү

Кесиптик майрамыӊыздар менен!

Мугалим-өнөр ээси үлгү берээр,

Мугалим эрктүү адам баарын жеӊээр.

Шакиртин кыйын таптап өзүнөн да,

Адамдык сапаты артык жоомарт, чебер.

Урматтуу мугалимдер, билим берүү тармагына өмүрүн арнаган агай-эжекелер, Сиздерди бүгүнкү 5-октябрь Мугалимдер күнү менен куттуктайбыз. Ден соолугуӊуздар чыӊ болуп, ишиӊиздерди ийгиликтер коштосун!

№16 Кесиптик лицейде мугалимдер күнү белгиленип окуучулар тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду. Жетекчилик тараптан куттуктоолор айтылып жыйынтыкталды.

Карыялар күнү

2023-жылдын 2- октябрь күнү Ош шаарындагы 16 Кесиптик лицейде адаттагыдай эле «Карыялар күнүнө» карата бир топ жыл үзүрлүү эмгектенген ардагерлерди лицей жетекчилиги куттуктап, аларга ден соолук каалап өттү. Мугалимдик кесипти аркалап сый тапкан биздин кесип ээлерин кызуу куттуктады.

Волейбол боюнча спорттук мелдеш

2023-жылдын 25-26-сетябрь күндөрү Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейде спорттун волебол түрү боюнча тайпалар арасында мелдеш өткөрүлдү. Жеӊүүчүлөр аныкталып жетекчилик тарабынан грамоталар тапшырылды жана облусттук мелдешке жолдомо алышты.

23-сентябрь «Мамлекеттик тил күнү»

2023-жылдын 22-сентябрь күнү Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейде Кыргыз тили мамлекеттик тил деп кабыл алынгандыгына 34 жылдыгын майрамдык иш-чара менен кызуу белгиленди. Анда окуучулар кыргыз тилин даӊазалаган көркөм окуу ырларын, Манас эпосунан үзүндү аткарышты. Ошондой эле кыз-жигит сармердени өткөзүлүп акыйнек, макал-лакап айтышуу, ыр бийлер менен коштолуп турду. Иш –чаранын аягында кесиптик лицейдин жетекчилиги тарабынан куттуктоо сөздөр айтылып кыргыз тилин сактап таза кыргыз тилинде сүйлөөгө чакыруу айтылды. Кыргыз тили майрамына активдүү катышкан окуучуларга ыраазычылык айтылып ардак грамота менен сыйланышты. Майрамдык кече кыргыз тил гимндин жаӊыруусу менен аякталды.

Ички иштер кызматкерлери жана ИДН менен бирдикте жолугушуу өтүлдү

12-сентябрь күнү Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейде окуучулар арасында кылмыштуулукту, зордук зомбулуктун алдын алуу жана окуучулар арасында терроризм тууралуу түшүндүрүү иш чараларын жүргүзүү максатында ички иштер кызматкерлери,

ИДН кызматкери, милициянын ага лейтенанты Эркебаев Дилмурат Жакыпович менен бирдикте жолугушуу өткөрүлдү.