Химия жана ден соолук генетиканын бузулушу

2024-жылдын 15-февраль күнү №16 Кесиптик лицейде химия мугалимдери Юсупова Элнура жана Муктаров Абдыганы тарабынан Химия жана ден соолук генетиканын бузулушу аттуу темада иш чара өткөрүлдү.

Иш чаранын максаты: учурда колдонулуп жаткан химиялык каражаттардын ден-соолукка тийгизген терс жактары, ошондой эле экологиянын бузулушу, психотроптук заттардын адам өмүрүнө коркунуч алып келиши тууралуу түшүндүрүп жеткирүү.

Иш чаранын жүрүшүндө ар бир катышуучу тайпа өздөрүнө бөлүнгөн тапшырмаларды коргоп айтып беришти.

Уюштуруучулар тарабынан суроо жооп берилип эӊ жакшы жооп берген окуучулар белектерди алышты. Иш чаранын соӊунда жетекчилик тарабынан жылуу сөздөр айтылды.

 

Эки мамлекет ортосундагы кызматташуу

Бүгүн 2024-жылдын 15-февраль күнү Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейи, Кыргызстан жана Кореянын Геоиже Университети менен эки тараптын ортосундагы достук мамилелерди чыӊдоо максатында, өз мамлекеттердин суверенитетинин жана теӊ укуктуулугунун кызматташтыкты чыӊдоо максатында меморандуму түзүлдү.

“Кыргыз Текстиль”ге экскурсия

Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейинин  “Тигүүчү, тигүү жабдууларынын оператору” кесибинин 31-ШВ-2023 тайпасы Ош шаарындагы Кен-Сай массивинде жайгашкан “Кыргыз Текстиль ЛТД” ЖЧК тигүү фабрикасына өндүрүштүк окуу сабагы учурунда экскурсияга чыгып, өздөрүнүн билим куржунуна керектүү  маалыматтарды алып келишти.

Академиялык мобилдүүлүк

Ош шаарындагы 16 Кесиптик лицейинин “Тигүүчү, тигүү жабдууларынын оператору” кесибинин 1-курстун  окуучулары 2019-жылы түзүлгөн Меморандумдун негизинде  “Академиялык мобилдүүлүк” боюнча Ош шаарындагы 12-Кесиптик лицейинде тажрыйба алмашууда

Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылышынын 35 жылдыгына карата

2024-жылдын 15-февраль күнү Ош шаарындагы Токтогул атындагы сейил багында Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылышынын 35 жылдыгына карата Ооган согушунда курман болгон аскерлердин эстелигине гүл коюу аземи болуп өттү. Бул иш чарага №16 Кесиптик лицейдин мугалимдери жана окуучулары активдүү катышып келишти.

Жолугушуу кечеси

Ош облустук Рыспай Абдыкадыров атындагы филармониянын акындары Шамырбек Тургунбаев , Торобай Арзыбаев жана белгилүү ырчы Курманбек Карабаев №16 Кесиптик лицейдеги окуучулар менен жолугушуу кечесин өткөрүштү. Жолугушуу кечеде окуучуларга концерттик программасын тартуулашты. Акын Шамырбек Тургунбаев “Бутун турсун жер шаары” аттуу китебинин бет ачарын өткөрдү.

Алишер Навоинин 583 жылдыгына карата

Алишер Навои

9-февраль 1441-1501-жыл

Бүгүн Алишер Навоинин 583 жылдыгына карата арналган иш чарага Ош шаарындагы

№16-Кесиптик лицейдин 17-ШВ-2022 жана 20-СВ-2022-тайпаларынын окуучулары

катышып келишти.

Педагогикалык билим алуу

ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжи менен түзүлгөн меморандумдун негизинде Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейде №16, №12, №112, №113-Кесиптик лицейлердин техникалык билими бар атайын предмет мугалимдери жана өндүрүштүк окутуунун устаттары педагогикалык билим алууда.

Мастер класс

Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейдин ширетүүчү тайпаларынын окуучуларына Ош шаарындагы “Кыргыз мед.тех.стандарт” ишканасынын устаты Жетибаев Мухаммед аргон менен ширетүү боюнча мастер-класс өтүп берди жана келечек муунду тарбиялоодо, мыкты ширетүүчүлөрдү даярдоодо тыгыз иш алып барууга көмөктөшө турганын билдирип кетти.

Педагогикалык окуу

Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейде педагогикалык жамаатка  педогагогикалык окуу жүрүп жатат. Педагогикалык окуу учурунда жалпы  мугалим-устаттар заманбап мугалимдин талаптарына туура келген маалыматтар, инновациялык усулдар менен болүшүүдө. Педагогикалык жамаат үчүн педагогикалык окуу жемиштүү өтүлүүдө.