Ош Мамлекеттик Университетинин Индустриалдык-педагогикалык колледжи менен №16 Кесиптик лицей биргеликте 2019-жылдан тарта “Меморандум” уюштуруп келе жатат.
Лицейдин өндүрүштүк окутуунун устаттары 6 айлык кошумча педагогикалык курсту өтөп келишти. Ал эми ИПКнын “Тигүү” кесибинин студенттери лицейде практика өтөп кетишти.
2022-жылдын 11-июнь күнү “Кесиптер фестивалы” аттуу иш чара Ош Мамлекеттик Университеттин башкы корпусунда өткөрүлдү. Иш чарага №16 Кесиптик лицейнен “Авто унаа каражаттарын оңдоочу жана тейлөөчү слесарь” жана “Тигүүчү” тайпалары устаттары менен биргеликте катышып келишти.
2022-жылдын 9-июнь күнү №16 Кесиптик лицейде бүтүрүүчү студенттер үчүн салтанаттуу аземи өткөрүлдү.
Салтанаттуу аземди лицейдин директору Абжалиева Нематкан Токобековна ачып берип, мамлекеттик сынактарды тапшыруу алдында турган бүтүрүүчү студенттерге ийгилик каалап, келечектеги кесиптеринин мыкты адиси болууга чакырып өттү.
Окуудагы жана иштеги алдыңкы жетишкен студенттерге жана мугалимдерге ардак грамота, ата-энелерине жана мектептерине ыраазычылык баракчалары тапшырылды.
Иш-чара концерттик программа менен коштолуп мугалимдер жана студенттер куттуктоо сөздөрү менен бүтүрүүчүлөргө ак жол каалашты.
2022-жылдын 6-июнунда Ош шаарындагы Орус үйүндө Пушкиндин туулган күнүнө карата «Живое пушкинское слово» “Тирүү Пушкин сөзү” окуу сынагы жана Орус тилинин күнүнө карата «Занимательный русский язык» “Көңүл ачуучу орус тили” викторинасы болуп өттү.
Сынакка 30дан ашык мектептин жана лицейдин окуучулары катышып, алар калыстар тобуна жана көрүүчүлөргө Пушкиндин жомокторунан, ырларынан, романдарынан үзүндүлөрдү тартуулашты. Сүйүү, табият, акындын орду, коомдогу орду тууралуу лирикалык чыгармалар келгендерди улуу акындын жагымдуу саптары дүйнөсүнө кайрадан сүңгүп кирди. Балдар орус генийинин өмүр баянынан жаңы фактыларды үйрөнүштү. Айрыкча акындын бала кездеги окуясы кызыгууну жаратты.
Викторинага башталгыч класстын окуучулары катышты, бирок бардык көрүүчүлөр алар менен сунушталган тапшырмаларды чечүүгө кубанычта болушту. Күлкүлүү чараддар, орусча фразеологиялык бирдиктердин калейдоскобу, макал-лакаптар жана башка көптөгөн кызыктуу сынактар балдарды күлдүрүп, кубанычка бөлөп, жаңы нерселерди үйрөнүүгө, сөз байлыгын кеңейтүүгө, туура жана кооз сүйлөөгө үйрөнүүгө умтулушту.
Ош шаарындагы No16 лицейдин жана № 6 А.С. Макаренко мектебинин окуучулары көрүүчүлөр алдында А.С.Пушкиндин өлбөс-өчпөс чыгармаларынан: «Евгений Онегин», «Падыша Салтан жөнүңдө жомок…» жана «Дубровскийден» үзүндүлөрдү ойноду.Жеңүүчүлөргө жана байге ээлерине Ош шаарындагы Орус үйүнүн атынан дипломдор жана белектер тапшырылды. Мындан тышкары сынактын бардык катышуучулары эстелик катары орус классиктеринин чыгармалары камтылган китептерди алышты.
2022-жылдын 31-май күнү Ош шаарында жаштар үчүн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты, Билим берүү жана илим министрликтери, Салымбеков университети жана Ulut_kyrgyzstan медиа тиркемеси тарабынан уюштурулган “Туура кесип – Келечек кепилдиги” форуму өткөрүлдү. Форумга №16 Кесиптик лицейдин окуучулары жана инженердик-педагогикалык жамааты да катышып лицей жөнүңдө маалымат берип окуучулардын өз колунан жаралган кол өнөрчүлүк көргөзмөсүн көрсөтүштү.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Республикалык илимий-методикалык борбору тарабынан уюштурулган башталгыч кесиптик билим берүү системасынын кесиптик лицейлердин арасында «Мыкты кесиптик лицей» Республикалык кароо сынагы болуп өттү.
Сынакта окуу-методикалык иштери жана кесиптик-педагогикалык чеберчиликти жакшыртууга, окутуучулардын жана өндүрүштүк окутуу устаттардын кесипкөйлүк деңгээлин аныктоого, чыгармачыл дараметин өнүктүрүүгө, билимдерин жогорулатууга түрткү берүүгө окуу жайлардын таланттуу жана жогорку кесипкөй инженердик-педагогикалык кызматкерлерин колдоого жана көтөрмөлөөгө багытталган.
Сынак 3 этаптан өткөрүлөт: тандоо, облустук, республикалык.
№16 Кесиптик лицейдин кесиптик-педагогикалык жамааты өз билимдерин, чеберчиликтерин, иштеп жаткан эмгегин мыкты көрсөтүүдө, теориялык жана өндүрүштүк окутуу сабактарын, методикалык иштерин, өздүк нормативдик документтерин, ошондой эле өндүрүштүк материалдык-техникалык базасын жогорку деңгээлде көрсөтүү менен сынактын тандоо турунан 467 балл менен I орунга ээ болду.
Экинчи кароо сынагына катышып, ар бир берилген критерийлерине таянып айтылган суроо талаптар боюнча так, жигердүү аткарышып, ар бир сабак жана лицей документтери, видеороликтери мыкты даярдалып облустук турунан 498 балл менен I орунга ийгиликтүү жетишти.
Кийинки боло турган Республикалык сынакка жолдомо берилди.
2022-жылдын 21-май күнү Ош шаарында жайгашкан №16 кесиптик лицейге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Байсалов Эдил Жолдубаевич, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Мамбетакунов Уланбек Эсенбекович, Ош шаарынын вице –мэри Рыскулова Венера Кадышевна келип жалпы өндүрүштүк окуу базалары менен таанышты.
Андан соң мугалимдер жамааты менен жолугуп, №16 Кесиптик лицейдин директору Абжалиева Нематкан Токобековна жалпы жаамат менен тааныштырып, эң жогорку жетишкендиктерге жетишип, талыкпай эмгектенгендигин, ошону менен катар лицейдин көйгөйлүү маселелерин белгилеп кетти.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Мамбетакунов Уланбек Эсенбекович акыркы учурда кесиптик окуу жайларга көңүл бурулуп жаткандыгын жана ушул көйгөйлүү маселелерди карап иштешип жаткандыгын айтты.
Жолугуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Байсалов Эдил Жолдубаевич билим берүү тармагына көңүл бөлүнөрү, келечек ээлерине жана учурда өсүп келе жаткан муундарга билим алууда шарттарды түзүп берүүнү ошондой билим деңгээлин жогорулатууга, бүтүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнө өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи. Лицейдин коллективинин иштерине ийгилик каалап, талыкпай эмгектенүүгө чакырды.
Ош шаарындагы Токтогул атындагы Ош сейил багында 2022-жылдын 29-апрель күнү КРнын эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги тарабынан уюштурулган «Бош жумуш орундар» жарманкеси болуп өттү.
Жарманкеде жумушсуз жүргөндөргө жакынкы жана алыскы мамлекеттерде бюджеттик билим берүүгө чакыруу, буклеттери берилди.
Бул иш-чарага №16 Кесиптик лицейдин окуучулары жана эмгек жамааты активдүү катышты. Лицейдин окуучулары кол өнөрчүлүгүн тартуулашты.
Окуучулар тарабынан жасалган улуттук кийимдер, буюмдар, кездемелерди көргөзүштү.
Ош шаарынын конокторуна жана тургундарына вице-мэр Рыскулова Венера Кадышевна, эмгек министрлигинин бөлүм башчысы Абдуллаев Куттубек Абдибакыевич
төмөнкүлөргө токтолду.
Бул иш-чара жыл сайын өткөрүлүп, жумушсуздарга жумуш орундарын камсыз кылып берүүгө жана кошумча билим алууга мүмкүнчүлүк түзүп берерин айтып өттү.
№16 Кесиптик лицейдин табигый предметтердин усулдук бирикмесинин жалпы мүчөлөрү өзүнүн предметтеринин (физика, математика, биология, география, химия) негизинде иш чара уюштурулду. Мында ар бир мугалимдер өздөрүнүн чеберчилиги менен «Ачык сабактар», «Акыл ордо», «Математикалык викторина» өткөрүштү. Студенттер сабактарга активдүү катышып, ардак грамоталар менен сыйланышты.