Ачык сабак

2022-жылдын 22-ноябрь күнү маалымат технология мугалими Топчубай кызы Айданек 29-ВР-2022-тайпага “Ылдый түшүүчү тизме элементин үйрөнүү жана колдонуу”

 “Изучение, применение выпадающего списка элемента) темасында ачык сабак өткөрдү

Күзгү бал кечеси

2022-жылдын 17-ноябрь күнү Студенттердин күнүнө карата Күзгү бал кечеси өткөрүлдү. Кечеде студенттер тарабынан даярдалган концерттик ыр-бий жана кол өнөрчүлүгүн көрсөтүштү. Жеӊүүчүлөр аныкталып сыйлыктар тапшырылды.

Мыкты кесиптик лицей-2022

Кыргыз Республикасынын Билим Берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган «Мыкты кесиптик лицей-2022» сынагында Ош шаарындагы №16-Кесиптик лицейи жигердүү катышып, ар тараптан өсүп өнүгүп, мыкты жетишкен жактары менен башка лицейлерден айырмаланып окуу тарбия иштерин жогорку деӊгээлде уюштургандыгы үчүн сертификат менен сыйланды.

Ишембилик

2022-жылдын 12-ноябрь күнү Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейдин окуучулары Ош шаарында айлана-чөйрөнү тазалоо жана ЭКО системаны сактоо максатында ишембиликке активдүү катышып, тазалоо иштерине өз салымдарын кошушту.

Республикада БКББ нын 80 жылдыгына карата 65- спартакиада

Башталгыч кесиптик билим берүү тармагынын 80- жылдыгына карата, «Эмгек резерви» дене тарбия жана спорт боюнча Республикалык борборунун 75 жылдыгына карата, башталгыч кесиптик техникалык окуу жайлар арасында 2022- жылдын 26- октябрь күнү Республикада БКББ нын 80- жылдыгына карата 65- спартакиаданын алкагында спорттун алты түрү боюнча мелдеш өткөрүлдү.Мында биздин окуучулар да четте калбастан мелдешке катышып тогуз коргоол оюну боюнча I- орун, шахмат II – орун, теннис III- орун, улан- кыздар арасындагы волейбол боюнча I – II – орундарды багындырышты. Ош областынын курама команданын жалпы эсеп боюнча II – орунду ээлешип сыйлыктарды алып келишти.

БКББнын 80 жылдыгына карата АЧД боюнча спартакиада

Башталгыч кесиптик билим берүү системасынын түзүлүшүнүн 80 жылдык жана «Эмгек резерви» Дене тарбия жана спорт боюнча Республикалык борборунун маарекелерине арналган жаштарды аскерге чейин даярдоо боюнча Спартакиаданын

I-этапы Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейде тайпалар арасында активдүү өткөрүлүп жеӊүүчүлөр аныкталды.

Спартакиаданын жүрүшүндө окуу жай жетекчилиги жана Ош шаардык аскер комиссариаты жакындан көмөк көрсөтүштү. Жеӊүүчүлөр грамоталар менен сыйланды.

БКББнын 80 жылдыгына карата дилбаян

2022-жылдын 20-октябрь күнү лицей окуучуларына «Башталгыч кесиптик билим берүү тармагынын 80 жылдын жүзү» деген темада эркин түрдө дилбаян жазышты. Тема жөнүндө кыргыз тили мугалимдери кенен маалымат беришип, окуучулар өз ойлорун жазышты.

БКББнын 80 жылдыгына карата фестиваль

№16 Кесиптик лицейде Башталгыч кесиптик билим берүү тармагынын 80 жылдыгына карата фестиваль уюштурулду. Фестивалда мода көрсөтмөсү, кесипти даӊазалаган кол өнөрчүлүктөр жана концерттик программа менен коштолду. Фестивалга лицейдин мугалимдер жамааты да четте турбай чыгармачылыктарын көрсөтүштү.

64-спартакиаданын II -туру

Башталгыч кесиптик билим берүү тармагынын 80 жылдыгына жана Республикалык “Эмгек резерви”дене тарбия жана спорт борборунун 75 жылдык мааракесине карата №16 Кесиптик лицейде 64-спартакиаданын II -туру учурда облусубуздун лицейлер арасында башталды.

Анда спорттун волейбол, футбол, ордо, тогуз коргоол, шахмат жана стол тенниси түрлөрү боюнча мелдеш өткөрүлүүдө.

Жакшы жашоо жакшы жумуштан башталат

Ош шаарындагы Султан Ибраимов атындагы драма театрында 2022-жылдын 18-октябрь күнү «Жакшы жашоо жакшы жумуштан башталат» аттуу  бош иш орундар жарманкесине №16 Кесиптик лицейдин окуучулары катышып келишти.