2025-жылдын 3–4-октябрь күндөрү Ош шаарындагы №16 кесиптик лицейинде ата-энелер конференциясы уюштурулду. Бул иш-чаранын негизги максаты – окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу, алардын окууга үзгүлтүксүз катышуусун жакшыртуу жана ата-энелер менен тыгыз кызматташтыкты чыңдоо болду.
Конференциянын ишин лицейдин директору Нематкан Токтобековна Абжалиева ачып берип, ата-энелерге маанилүү маселелер боюнча кайрылуу жасады. Өз сөзүндө ал жаш өспүрүмдөрдүн тагдыры коомдо ар кандай жагымсыз кырдаалдар менен коштолуп жатканын белгилеп, төмөнкүдөй чакырык таштады:
«Бүгүнкү күндө жаш эле балдарыбыздын тагдыры аянычтуу окуялар менен аяктап жаткан учурлар арбын кездешет. Урматтуу ата-энелер, сырттан келип окуп жаткан балдарыңызды сабактан кийин да көзөмөлдөп туруңуздар. Класс жетекчилер жана устаттар менен тыгыз байланышта болуп, ар бир кадамында колдоо көрсөтүңүздөр. Балдардын тагдырына кайдыгер мамиле кылбайлы. Чет жакка окуусун бүтүрүп, колуна диплом же аттестат алгандан кийин гана жөнөтүү туура. Азыр жашы жетпей туруп, убактылуу жумушка арзыбаган айлыкка иштетүү – алардын келечегин жок кылууга барабар. Балдар – биздин келечегибиз. Алардын билим алып, кесип үйрөнүүсүнө шарт түзүү – ар бирибиздин ыйык милдетибиз».
Конференциянын жүрүшүндө ата-энелер да өз ойлорун билдиришти. Алардын бири:
«Менин балам лицейдин 2-курсунда окуйт. №16 кесиптик лицейдин жетекчилигине жана мугалимдерине ыраазычылык билдирем. Ар дайым балдардын кызыкчылыгын эске алып, билим берип, кесипке үйрөтүп келатасыздар. Ошондой эле педагогикалык жамаатты кесиптик майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм» – деп өзүнүн ыраазычылыгын билдирди.
Иш-чаранын алкагында окуучулар тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланып, ыр-бий жана ар түрдүү чыгармачыл көрсөтүүлөр катышуучуларга жагымдуу маанай тартуулады. Ошондой эле көргөзмө бурчтары уюштурулуп, ата-энелер лицейдин окуучуларынын ийгиликтери менен таанышты.
Жыйынтыгында лицейдин жамааты конференцияга келип катышкан бардык ата-энелерге чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, мындан ары да мындай жолугушуулар үзгүлтүксүз улантылаарын белгиледи.
