Фестиваль

Бүгүн 23-апрель күнү, DigiKonush Tech Events & Fests 2023 алкагында Ош Мамлекеттик Университетинде масштабдуу E-Bilim Fest болуп өттү! Анда Ош шаарындагы №16-Кесиптик лицейдин окуучулары менен өндүрүштүк окутуунун устаттары да активдүү катышышты.

Ата-энелер чогулушу

Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейинде 2023-жылдын 15-апрель күнү Ата-энелер чогулушу болуп өттү. Алгач эле окуу жайда экскурсия жүргүзүлдү, лицейдин тарыхы, учурдагы абалы жөнүндөгү видеоролик көрсөтүлдү. Негизги маселелердин бири болгон балдардын сабака катышуусу жана өндүрүштүк окутуу боюнча кеӊири маалымат берилди.

Окуучулардын тартиби, жүрүм-туруму боюнча маалымат берүү менен бирге учурдагы коркунучтуу маселе психотроптуу заттардын жайлышы анын ден соолука тийгизген терс жактары жөнүндө ата-энелерге түшүндүрүлдү.

Окуу жайдагы билим берүүнүн ошондой эле бүтүрүүчү курстардын ЖРТга катталышы тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ата-энелер тарабынан өкүл чыгып, окуу жайда эмгектенген мугалим, устаттарга жалпы ата-энелердин атынан ыраазычылктарын билдиришти. Ата-энелер чогулушу окуучулардын колунан тигилген кийимдердин модалык көрүнүшү жана концерттик программа менен жыйынтыкталды.

АЧД боюнча областтык спартакиада

Кыргыз Республикасынын  башталгыч кесиптик билим берүү тармагында окуган уландар арасында АЧД боюнча Республикалык спартакиаданын алкагында, КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин 11.04.2023-ж. №1856/1 буйругун аткаруу максатында «Улуу Ата-Мекендик согуштун жеӊишинин 78 жылдыгына карата» Ош областынын кесиптик окуу жайларда окуган уландар арасында 2023-жылдын 15-16-апрель күндөрү Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейинде облустук спартакиаданын II-этабы өткөрүлдү. Мында Ош областындагы жалпы кесиптик лицейлер катышып, жогорку деӊгээлде өттү

Спартакиаданын жыйынтыгында:

I-орун №16 Кесиптик лицей

II-орун №58 Кесиптик лицей

III-орун №59 Кесиптик лицей

01003 аскер бөлүгүнүн командачылыгына жана 36806 аскер бөлүгүнүн командачылыгына №16 Кесиптик лицейдин курама командасын спартакиадага даярданууга жакындан жардам берип көмөк көрсөткөндүгү үчүн окуу жайдын жетекчилиги ыраазычылык билдирет.

«Сендеги адеп, сени сүйүүгө себеп»

2023-жылдын 31-март күнү Ош МУнун ФТФнын 3-курсунун студенттери Абдумажит кызы Каныкей, Абдылдаева Мырзайым, Калмаматова Жумагүл, Тунубекова Нуркыз өндүрүштүк практика мезгилинде лицейде окуган кыздарга тарбия, адеп, маданият, кыздардын жүрүм туруму, зордук-зомбулук темаларын камтыган тарбиялык саат өтүштү.

Коопсуз миграция

Бүгүн 4-апрель күнү №16 Кесиптик лицейде окуучулар үчүн USAID уюмунун адистери тарабынан коопсуз миграция темасында семинар болуп өттү. Семинар  учурунда окуучулар өздөрүнө пайдалуу маалыматтарды алышты жана турмуш жолунда туура жолду тандоого үйрөнүп кетишти.

Областтык спартакиада

2023-жылдын 17-18-март күндөрү Эмгек резерви жана дене тарбия, спорт борборунун бөлүм башчысы Т. Сыдыковдун демилгеси менен областтагы кесиптик лицейлердин окуучулары үчүн спорттун волейбол түрү боюнча Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейдин базасында мелдеш өткөрүлдү. Мелдештин жыйынтыгында №16 Кесиптик лицейдин балдар командасы I-орунду, кыздар командасы II-орунду багындырышты.

Ишембилик

2023-жылдын 18-март күнү Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейдин инженердик-педагогикалык кызматкерлери жана окуучулары өлкө боюнча жарыяланган ишембиликке активдүү катышып лицей ичиндеги бак дарактарды сырдоо, айлана чөйрөсүн тазалоо, көчөттөрдү отургузушту. Ошону менен бирге Касымбеков көчөсүн тазалоо иштерине да активдүү катышышты.

Аялдардын Эл аралык майрамы

Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейинде 8-март «Аялдардын Эл аралык майрамына карата салтанаттуу линейка өтүлдү.

Салтанаттын жүрүшүндө лицей жетекчилиги куттуктоо сөзүн айтып ачып берди.

Лицейдин окуучу мырзалары тарабынан даярдалган чакан концерт уюштурулуп, кыздарга майрамдык маанай тартуулашты.

«Күчсүз звено»

2023-жылдын 6-март күнү №16 Кесиптик лицейде химия предметинен Юсупова Элнуранын жетекчилиги алдында «Күчсүз звено» интеллектуалдык таймаш өткөрүлдү.

Таймаштын негизги максаты окуучуларды химия сабагына болгон кызыгуусун арттырып, илим билим жолуна карай аракет кылууга чакыруу.

Таймашта 17-ШВ-2022 тайпасынын окуучусу Курбаналиева Жылдызай жеӊүүчү болду.