Ош мамлекеттик университетинин Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунун Филологиялык билим берүү технологиялары кафедрасы тарабынан уюштурулган «Студенттер күндөлүгү» аттуу мотивациялык-семинарга Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейдин студенттери активдүү катышып кайтышты.
Семинарды белгилүү акын, жазуучу, педагог, Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча атайын долбоордун башкы адиси, Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин окутуучусу Бектурали Исамидин уулу алып барды.
Иш-чаранын жүрүшүндө Бектур мырза заманбап жашоодогу креативдүүлүктүн мааниси, ааламдашууда адамдын орду, маалымат булагы катары колдонулган телефон жана анын пайдасы менен зыяны тууралуу терең ой бөлүштү. Ошондой эле, кеп чеберчилиги, күндөлүк жазуу маданияты жана анын жашоодогу ролу жөнүндө таасирдүү баяндама жасады. Айрыкча, күндөлүк жазууда ой-тилек, максат жана жетишкендиктерди кагаз бетине түшүрүү адамга чоң мотивация бере турганын белгилеп, жеке тажрыйбасынан мисалдар менен бөлүштү.
Семинардын жүрүшүндө студенттер менен жандуу пикир алышуу болуп, катышуучулар ар түрдүү суроолорду берип, пайдалуу жоопторду алышты. Өзгөчө активдүүлүк көрсөткөн жана суроолорго туура жооп берген студенттерге белектер тапшырылып, дем берүүчү жагымдуу атмосфера түзүлдү.
Бул семинар студенттер үчүн терең таасир калтырган, мотивация жана ой жүгүртүү жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган маанилүү иш-чара болду. Катышуучулар жаңы билимге, чыгармачылыкка жана максаттуу жашоого шыктанышып, чоң таасир менен кайтышты
