“Эне тилим – менин дилим”

2022-жылдын 21-февраль күнү Ош шаарындагы №16-Кесиптик лицейде бүткүл эл аралык эне тил күнүнө карата “Эне тилим- менин дилим” аттуу ШТК өткөрүлдү. Таймаштын негизги максаты дүйнө тилдери менен катар келе жаткан эне тилин мындан ары да колдонуу жана жайылтуу. Ал эми лицейдин окуучулары тарабынан көркөм ырлар, Манас айтуу, улуттук бийлерди, фольклордук чыгармаларды эске салуу менен иш чара уланып. Жыйынтыгында өнөрлөрү бааланып орундар берилип, жетекчи тарабынан окуучуларга ыраазычылык сөздөр айтылды.

Өрт тилсиз жоо

21-февраль күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгы жана №16 Кесиптик лицейдин жетекчилиги тарабынан уюштурулган техногендик жана жаратылыш кырсыктарын алдын алуу боюнча иш чара өткөрүлдү. Иш чарада ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын кызматкерлери окуучуларга “Ишкана, мекеме, уюмдарда жана коомдук жайларда өрт коопсуздук эрежелерин сактоо” темасында лекция өтүштү.

23-февраль «Ата-Мекенди коргоо» күнү

1918-жылы дал ушул күнү Кызыл Гвардия отряды Германиянын аскерлерин Псков жана Нарва аймагынан алгачкы жолу жеңип алган. Бул алгачкы жеңиш “Кызыл Армиянын туулган күнү” деп аталып калган.
1922-жылдан бери СССРде бул дата салттуу түрдө жыл сайын “Кызыл Армиянын күнү”, 1946-жылдан бери “Советтик Армиянын күнү”, 1949-жылдан 1992-жылга чейин “Советтик Армиянын жана Аскер-Дениз Флотунун күнү” катары белгиленип келген.

2003-жылдын 20-январында №17-токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн “23-февраль — Ата Мекенди коргоо күнү болуп аныкталсын” деп жарыяланган. Ошондон бери Кыргызстанда бул күн элдик майрам катары Ата Мекенди коргоочулардын күнү деп белгиленип келет.

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди “Ата-Мекенди коргоочулар” күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Ата-Мекенди коргоочулар күнү – биздин тарыхыбыздын маанилүү майрамы. Ушул күнү чын жүрөгүбүздөн ар бир үй-бүлөгө бакыт-таалай, ынтымак, береке жана бакубатчылык каалайбыз!

23-февраль «Ата-Мекенди коргоо» күнүнө карата лицейдин орус тили жана адабияты сүйүүчүлөр клубу тарабынан иш чара өткөрүлдү.

Давлетшина Расима Шайхуловна, окуу өндүрүштүк окутуунун устаты Хакимова Феруза Фанильевнанын жетектөөсүндө студенттердин катышуусунун негизинде иш чара жогорку деӊгээлде өткөрүлдү.

23-февраль «Ата-Мекенди коргоо» күнүнө карата лицейде тайпалар арасында спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш өткөрүлдү. Жеӊүүчүлөр аныкталып ардак грамоталар тапшырылды.

«Ата-Мекенди коргоо» күнүнө карата лицейдин «Жаштык» жатаканасында да иш чара өткөрүлдү

2023-жылдын 6-февраль күнү №16 Кесиптик лицейде 17-ШВ-2022 тайпасына химия предметинен Юсупова Элнуранын жетекчилиги алдында «Самын. Кир кетирүүчү каражаттар» темасында ачык сабак өткөрүлдү. Сабактын максаты: химиядан алган билимдерин турмушта туура колдоно билүүгө үйрөтүү.

«Алина дистрибьюшн» компаниясы

Лицейдин өнөктөшү  «Алина дистрибьюшн» компаниясы

2023-жылдын 3 февраль күнү лицейдин өнөктөшү  «Алина дистрибьюшн» компаниясынын кызматкери  Хожамуратов Кубаныч  «Алинекс» продукциялары дубалдарды жана полдорду тегиздөөчү кургак аралашмаларынын колдонуунун технологиясын «Кургак курулуш адистиги» тайпасынын окуучуларына практика жүзүндө көрсөтүп кетти.

«Алина дистрибьюшн» компаниясы кесиптик лицей менен ар дайым кызматташып келгендиги үчүн тереӊ ыраазычылык билдиребиз.

Мэрдин балы

2022-жылдын 28-декабрь күнү Ош шаардык Мэри тарабынан уюштурулган Жаӊы-жылдык кечеге лицейдин “Тигүүчү” адистиги 1-ШВ-2021-тайпасынын окуучусу Эргешбаева Нурия Анарбаевна катышып окуудагы жетишкендиктери, коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн 100 доллар акчалай сыйлык жана Ош шаарынын мэринин стипендиянты наамы ыйгарылды.

Ала-Тоодон ааламга үн салган – Айтматов

12-декабрь Улуттук адабият күнүнө карата №16 Кесиптик лицейде «Ала-Тоодон ааламга үн салган – Айтматов» аттуу поэзия кечеси болуп өттү.
Мындагы негизги максат:
Улутубуздун сыймыгы болгон белгилүү жазуучу Ч. Айтматов боюнча маалыматтарын кеӊейтүү, окуучулардын сүйлөө көндүмдөрүн калыптандыруу, чыгармачыл жөндөмүн өстүрүү.
Адабият сабагы «Ыймандын жетилүү сабагы» деп бекеринен айтылбагандыр. Адабият сабагында, айрыкча улуу жазуучубуздун чыгармалары менен окуучуларды адамгерчиликке, адеп-ахлакка тарбиялоо.
Чыӊгыз Айтматовдун көркөм дүйнөсү – доорубуздун чыныгы сүрөткеринин түбөлүктүүлүктүн ички сырын өзүнө сыйдырган дүйнөлүк деӊгээлдеги чыгармалары элибиздин руханий кенчи тиреги.
Жазуучунун туулган күнүнө карата өткөрүлгөн адабий кечеде окуучулар тарабынан төмөндөгүлөр аткарылды: көркөм ырларын, чыгармаларынан үзүндү, обонго салынган ырларын, суроо – жооп бөлүмү менен жыйынтыкталды.

“Элдердин достугу” фестивалы

Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек университетинде Россиянын билим жана маданият борбору тарабынан уюштурулган “Элдердин достугу” аттуу фестивалы өткөрүлдү. Фестивалга жогорку окуу жайлардын студенттери, музакалык мектептердин окуучулары жана лицей окуучулары чакырылган. №16 Кесиптик лицейдин 2-ШВ-2021 тайпасынын “Тигүүчүлүк” кесибинин студенттери кыргыз эл бийи менен өнөрлөрүн көрсөтүштү. 2- тайпанын студенти Келдибекова Канзада “Миллион алых роз” аттуу ыр менен катышты. Жыйынтыгында Кесиптик лицейге ыраазычылык грамота тапшырылды.

Ачык сабак

2022-жылдын 22-ноябрь күнү маалымат технология мугалими Топчубай кызы Айданек 29-ВР-2022-тайпага “Ылдый түшүүчү тизме элементин үйрөнүү жана колдонуу”

 “Изучение, применение выпадающего списка элемента) темасында ачык сабак өткөрдү