«Ийгилик артынан ийгилик»

№16 Кесиптик лицейдин билим берүүдөгү биримдиги: Ош МУнун конференциясындагы жыйынтыктар.

Ош мамлекеттик университетинин Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун Филологиялык билим берүү технологиялары кафедрасы тарабынан уюштурулган “Кыргыз тили жана адабиятын окутууда актуалдуу маселелер” аттуу эл аралык илимий-педагогикалык конференцияга №16 Кесиптик лицейдин директору Абжалиева Нематхон Токобековна жана кыргыз тили жана адабияты мугалими Байтикова Нурайым Батырбековна чакырылып, активдүү катышып келишти. Иш-чарага жогорку окуу жайлардын, орто кесиптик билим берүү уюмдарынын, мектептердин жана №16 Кесиптик лицейинин жетекчилери менен мугалимдери катышты. Конференция жогорку деңгээлде өтүп, учурдагы билим берүү багытындагы актуалдуу маселелер, сунуштар жана ойлор талкууланды. Конференция алкагында жети секция иш алып барып, алардын ар биринде өзүнчө темалар каралды. Айрыкча, кыргыз тили жана адабиятын окутуу, жаңы технологияларды колдонуу жана заманбап окутуу ыкмаларын киргизүү боюнча баяндамаларга өзгөчө көңүл бурулду. Бул иш-чарага 150дөн ашык кесиптештер катышып, өз ара тажрыйба алмашуу, пикир бөлүшүү жана жаңы идеяларды талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. №16 Кесиптик лицейдин директору Абжалиева Нематхон Токобековна лицейдин өнүгүүсү үчүн көптөгөн окуу жайлар жана мекемелер менен кызматташтык келишимдерин түзүп, активдүү иш алып барууда. Конференциянын жыйынтыгында Ош мамлекеттик университетинин Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун Филологиялык билим берүү технологиялары кафедрасы менен №16 Кесиптик лицейдин ортосунда расмий кызматташтык келишими түзүлдү. Жыйынтыктоочу бөлүгүндө уюштуруучулар катышуучуларды келечекте да ынтымакта, максаттуу иштерди улантууга чакырышып, ыраазычылык каттары жана сертификаттар менен сыйлашты.

WorldSkills Кыргызстан – Республикалык чемпионат

2025-жылдын 14–17-апрель күндөрү Бишкек шаарында өткөн “MasterSkills Кыргызстан – Республикалык жумушчу кесиптер чемпионатында” «Технология мода» компетенциясы боюнча Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейдин өндүрүштүк окутуунун устаты Раимберди кызы Перизат I-орунду багынтты.

Мындан сырткары, аталган чемпионаттын алкагында “WorldSkills Kyrgyzstan” жумушчу кесиптер сынагында 31-ШВ-2023 тайпасынын окуучусу Токонова Самара Арстаналиевна жогорку деңгээлдеги кесиптик көндүмдөрүн көрсөтүп,  Сертификат менен сыйланды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы №200 токтому менен бекитилген 2021–2040-жылдары Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү программасынын негизинде, Билим берүү жана илим министрлиги 2025-жылга карата иш-аракеттер планынын алкагында, ошондой эле “Алтын казык” билим берүү системасын трансформациялоо программасын ишке ашыруу максатында, “Worldskills Kyrgyzstan” жумушчу кесиптер боюнча экинчи чемпионаты уюштурулду. Бул иш-чара жаштар арасында кесиптерди жайылтуу жана жумушчу кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатууга багытталган

Жашоо көндүмдөрү жана ишке орношуу

2025-жылдын 8-апрелинен 11-апрелине чейин Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында болуп өткөн Афлатун программасынын «VIBEs» долбоорунун «Жашоо көндүмдөрү жана ишке орношуу» тренингинин жыйынтыгы чыгарууга долбоордун менеджери А.Муратов, долбоордун башкы адиси Р.Исмаилова, Билим берүү жана илим министирлигинин башкы адиси Г.Дж.Абдылдаева, Республикалык илимий-методикалык борбордун директорунун орун басары Н.А.Саттарова жана А.К.Курманалиевна катышып, «Жашоо көндүмдөрү жана ишке орношуу» курсунун мониторинги жүргүзүлүп, анын негизинде мыкты жыйынтык көрсөткөн №16 Кесиптик лицейдин улук устаты Нишанова Кайыргул Алишеровнага окуу жайда көндүмдөрдү жайылтууга жана өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн  баалуу белектер менен сыйланды.

Дүйнөлүк мектептик олимпиада

Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейинин окуучулары Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин мааракесине арналган Дүйнөлүк мектептик олимпиаданын биринчи этабына катышып, сертификаттарга ээ болушту.

Бул олимпиада үч этаптан турат жана онлайн форматта өткөрүлөт. Дүйнөлүк мектептик олимпиаданын финалисти болуу үчүн катышуучулар бардык үч турдан ийгиликтүү өтүшү керек.

Окуучуларыбызга албан ийгиликтерди каалайбыз! Ар бир кадамыңар жеңишке жетелеп, билим сапарыңар дагы да улансын!

Жеңиштериң улана берсин!

Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан өткөрүлгөн Кыз-келиндер күрөшү боюнча чемпионатта  кыздар арасында 1-орунду ээлеген №16 Кесиптик лицейинин 47-ШВ-2023 тайпасынын окуучусу Ташбаева Феруза спорттун «күрөш» түрүндө ийгилик жаратты. Ийгиликтериң мындан ары да уланып, Кыргызстандын желегин желбиреткен кыздардын атын толуктап жүрө бер!

Тюрингияда окутуу жана ишке орноштуруу

2025-жылдын 31-март күнү лицейдин окуучулары Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин башкы имаратында “Тюрингияда кыргызстандыктар үчүн билим берүү” аталышындагы форумга катышып келишти.

Форумдун жүрүшүндө Германиялык адистер тарабынан “Германиядагы дуаллдык билим берүүнүн мисалында заман талабына жараша билим берүү менен бизнестин ортосундагы карым-катыштын жаңы моделдери” жана “Кыргызстандыктар үчүн билим берүү жана жумушка жайгаштыруу” багытындагы мүмкүнчүлүктөр тууралуу презентация болду. Окуучулар кызыккан  суроолорун берип жооп алышты.

WorldSkills Кыргызстан – жумушчу кесиптер чемпионаты

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы №200 токтому менен бекитилген 2021–2040-жылдары Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү программасынын негизинде, Билим берүү жана илим министрлиги 2025-жылга карата иш-аракеттер планынын алкагында, ошондой эле “Алтын казык” билим берүү системасын трансформациялоо программасын ишке ашыруу максатында, “Worldskills Kyrgyzstan” жумушчу кесиптер боюнча экинчи чемпионаты уюштурулду. Бул иш-чара жаштар арасында кесиптерди жайылтуу жана жумушчу кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатууга багытталган.

2025-жылдын 26-Март күнү Ош шаарындагы №12 Кесиптик лицейинде өткөрүлгөн регионалдык WorldSkills Кыргызстан – жумушчу кесиптер чемпионатында №16 Кесиптик лицейдин технология мода боюнча катышуучусу № 31-ШВ-2023 тайпасынын окуучусу Токонова Самара Арстаналиевна I орунду ээлеп, Республикалык турга жолдомо алды. Ширетүү технологиясы боюнча № 53-СВ-2024 тайпасынын окуучусу Тажидинов Ахрорбек Акмалжанович II орунду ээледи.

Нооруз майрамы

Баарыңыздарды жаздын Нооруз майрамы  менен куттуктайбыз!

№16 Кесиптик лицейде Нооруз майрамына карата иш – чара өткөрүлдү.

Лицейдин директору Нематкан Токобековна Нооруз майрамы – жаздын келишин жана жаңы жашоонун башталышын белгилеген майрам экенин баса белгиледи. Ал бул жыл берекенин, молчулуктун, токчулуктун жана тынчтыктын жылы болушун каалап, майрамдык иш-чараны ачып берди.

Бүгүн биздин таланттуу окуучуларыбыз майрамдык кечеде концерттик программасы менен майрамдык маанайды түзүштү.

Нооруз майрамына арналган иш-чарабыз  аркан тартыш, 24 кг салмактагы гир көтөрүү,  кол күрөш жана башка улуттук оюндар менен коштолду.

Окуу жайдын окуучулары активдүү катышты.

Кыргыз элинин улуттук тамак-аштарын жана улуттук оюндарын кийинки муунга өткөрүп берүүдө окуу жайдын жалпы жамаатынын жана окуучуларынын салымы чоң.

15-март Аталар күнү!

№16 Кесиптик лицейинде Аталар күнүнө карата атайын “Аталар – үй-бүлөнүн тиреги, коомдун таянычы!” деген темада тарбиялык саат өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты – окуучуларга аталардын үй-бүлөдөгү, коомдогу орду жана алардын тарбиялоодогу маанилүү ролу жөнүндө түшүнүк берүү болду.

Бул тарбиялык сааттын милдеттери:

  • Окуучуларга аталардын үй-бүлөдөгү жана коомдогу орду жөнүндө түшүнүк берүү.
  • Аталарга болгон урмат-сыйды арттыруу, ыймандуулукка, адамгерчиликке тарбиялоо.
  • Үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоо жана муундар ортосундагы байланышты бекемдөө.
  • Окуучуларды ата-энени сыйлоого, жоопкерчиликке жана ата жолун улантууга үндөө.

Тарбиялык саат жылуу маанайда өтүп, окуучуларга терең таасир калтырды.

Урматтуу Аталар!

Сиздер – үй-бүлөнүн тиреги, коомдун таянычы, балдарыңыз үчүн жаркын келечекти куруучулардын башында турасыздар! Акылыңыздар, мээримиңиздер жана түйшүгүңүздөр менен үй-бүлөнү бекемдеп, туруктуулуктун, чыдамкайлыктын жана чыныгы эрдиктин үлгүсүн көрсөтүп келесиздер.

Ар бир күнүңүздөр кубанычка, урмат-сыйга жана үй-бүлөлүк жылуулукка толсун! Ден соолугуңуздар бекем, өмүрүңүздөр узун, иштериңиздер ийгиликтүү болсун! Балдарыңыздын сыймыгы, үй-бүлөңүздөрдүн бактысы болуп жүрө бериңиздер!

Аталар күнүңүздөр кут болсун!

8-март Аялдардын эл аралык күнү

Кымбаттуу айымдар!

Сиздерди жаздын эң жарык, эң жылуу майрамы – Аялдардын эл аралык күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Бул күн сиздерге кубаныч, бакыт, сүйүү жана гармония алып келсин. Ар дайым жүзүңүздөн жылмаюу кетпесин, жүрөгүңүз тынчтыкта болсун, өмүрүңүз жаркыраган күндөргө, жагымдуу көз ирмемдерге толсун!

Сиздер – бул дүйнөнүн көркү, жашоонун жылуулугу, үй-бүлөнүн куту жана коомдун таянычысыздар! Жарык дүйнөгө жылуулук тартуулаган назиктигиңиздер, мээримиңиздер жана акылмандыгыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.

Жашооңуздар сүйүү жана бакытка толуп, ар бир күнүңүздөр жакшы кабар, ийгилик жана жаңы мүмкүнчүлүктөр менен коштолсун!

Майрамыңыздар кут болсун