№16 Кесиптик лицейинде Аталар күнүнө карата атайын “Аталар – үй-бүлөнүн тиреги, коомдун таянычы!” деген темада тарбиялык саат өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты – окуучуларга аталардын үй-бүлөдөгү, коомдогу орду жана алардын тарбиялоодогу маанилүү ролу жөнүндө түшүнүк берүү болду.
Бул тарбиялык сааттын милдеттери:
- Окуучуларга аталардын үй-бүлөдөгү жана коомдогу орду жөнүндө түшүнүк берүү.
- Аталарга болгон урмат-сыйды арттыруу, ыймандуулукка, адамгерчиликке тарбиялоо.
- Үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоо жана муундар ортосундагы байланышты бекемдөө.
- Окуучуларды ата-энени сыйлоого, жоопкерчиликке жана ата жолун улантууга үндөө.
Тарбиялык саат жылуу маанайда өтүп, окуучуларга терең таасир калтырды.
Урматтуу Аталар!
Сиздер – үй-бүлөнүн тиреги, коомдун таянычы, балдарыңыз үчүн жаркын келечекти куруучулардын башында турасыздар! Акылыңыздар, мээримиңиздер жана түйшүгүңүздөр менен үй-бүлөнү бекемдеп, туруктуулуктун, чыдамкайлыктын жана чыныгы эрдиктин үлгүсүн көрсөтүп келесиздер.
Ар бир күнүңүздөр кубанычка, урмат-сыйга жана үй-бүлөлүк жылуулукка толсун! Ден соолугуңуздар бекем, өмүрүңүздөр узун, иштериңиздер ийгиликтүү болсун! Балдарыңыздын сыймыгы, үй-бүлөңүздөрдүн бактысы болуп жүрө бериңиздер!
Аталар күнүңүздөр кут болсун!
