Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейи билим берүү процессинде инновациялык методдорду ишке ашыруу иштерин улантууда. Лицейдин мугалимдери пилоттук долбоорлордун алкагында SCAFFOLD методикасын активдүү өздөштүрүп, аны теориялык жана практикалык сабактарда колдонуп башташты.
Жакында химия мугалими Юсупова Элнура SCAFFOLD методикасынын негизги аспаптарынын бири болгон SCAFFOLD карталар топтомун колдонуп, ачык сабак өткөрдү. Сабактын жүрүшүндө окуучулар татаал темаларды өз алдынча өздөштүрүү үчүн уюшкан жана натыйжалуу ыкмалар менен иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Бул сабак инновациялык ыкмалардын натыйжалуулугун жана окуучулардын сабакка кызыгуусун арттыра тургандыгын көрсөттү. SCAFFOLD карталары окуучулардын түшүнүгүн тереңдетүү, аналитикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү жана өз алдынча иштөө көндүмдөрүн жакшыртуу үчүн пайдалуу курал катары өзүн далилдеди.
