2023-жылдын 17-18-март күндөрү Эмгек резерви жана дене тарбия, спорт борборунун бөлүм башчысы Т. Сыдыковдун демилгеси менен областтагы кесиптик лицейлердин окуучулары үчүн спорттун волейбол түрү боюнча Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейдин базасында мелдеш өткөрүлдү. Мелдештин жыйынтыгында №16 Кесиптик лицейдин балдар командасы I-орунду, кыздар командасы II-орунду багындырышты.
2023-жылдын 18-март күнү Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейдин инженердик-педагогикалык кызматкерлери жана окуучулары өлкө боюнча жарыяланган ишембиликке активдүү катышып лицей ичиндеги бак дарактарды сырдоо, айлана чөйрөсүн тазалоо, көчөттөрдү отургузушту. Ошону менен бирге Касымбеков көчөсүн тазалоо иштерине да активдүү катышышты.
16-март күнү өндүрүштүк окутуунун устаты Раимберди кызы Перизат тарабынан өндүрүштүк окуу боюнча 2-ШВ-2021 тайпасына “Жаш кыздардын көйнөгүнүн моделин тандоо, өлчөм алуу, үлгү даярдоо” атту темада ачык сабак өткөрдү.
Бүгүн №16 Кесиптик лицейде Ак калпак күнү белгиленди жана ошондой эле лицейдин устаттары окуучулар менен биргеликте шаардык майрамдык иш чарага катышып келишти.
Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейде 2023-жылдын 3-март күнү Мамлекеттик Туу күнүн белгилөө максатында салтанаттуу линейка өткөрүлдү. Линейкада лицей жетекчилиги мамлекеттик туу күнү менен кызуу куттуктады. Иш чаранын жүрүшүндө лицейдин тарых мугалими мамлекеттик туунун түптөлүшү жөнүндөгү тарыхый маалыматтарды айтып өттү. Окуучуларды патриоттук сезимин ойготуучу сөздөрдү айтып мекенди сүйүүгө чакырды.
Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейдин 17-ШВ-2022 “Тигүүчү” тайпасына, 3-март күнү өндүрүштүк окутуунун устаты Хакимова Феруза Фанильевна “Каптал тигиштеги чөнтөк” деген темада ачык сабак өттү.
2022-жылдын 21-февраль күнү Ош шаарындагы №16-Кесиптик лицейде бүткүл эл аралык эне тил күнүнө карата “Эне тилим- менин дилим” аттуу ШТК өткөрүлдү. Таймаштын негизги максаты дүйнө тилдери менен катар келе жаткан эне тилин мындан ары да колдонуу жана жайылтуу. Ал эми лицейдин окуучулары тарабынан көркөм ырлар, Манас айтуу, улуттук бийлерди, фольклордук чыгармаларды эске салуу менен иш чара уланып. Жыйынтыгында өнөрлөрү бааланып орундар берилип, жетекчи тарабынан окуучуларга ыраазычылык сөздөр айтылды.
21-февраль күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгы жана №16 Кесиптик лицейдин жетекчилиги тарабынан уюштурулган техногендик жана жаратылыш кырсыктарын алдын алуу боюнча иш чара өткөрүлдү. Иш чарада ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын кызматкерлери окуучуларга “Ишкана, мекеме, уюмдарда жана коомдук жайларда өрт коопсуздук эрежелерин сактоо” темасында лекция өтүштү.