Волейбол боюнча спорттук мелдеш

2023-жылдын 25-26-сетябрь күндөрү Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейде спорттун волебол түрү боюнча тайпалар арасында мелдеш өткөрүлдү. Жеӊүүчүлөр аныкталып жетекчилик тарабынан грамоталар тапшырылды жана облусттук мелдешке жолдомо алышты.

23-сентябрь «Мамлекеттик тил күнү»

2023-жылдын 22-сентябрь күнү Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейде Кыргыз тили мамлекеттик тил деп кабыл алынгандыгына 34 жылдыгын майрамдык иш-чара менен кызуу белгиленди. Анда окуучулар кыргыз тилин даӊазалаган көркөм окуу ырларын, Манас эпосунан үзүндү аткарышты. Ошондой эле кыз-жигит сармердени өткөзүлүп акыйнек, макал-лакап айтышуу, ыр бийлер менен коштолуп турду. Иш –чаранын аягында кесиптик лицейдин жетекчилиги тарабынан куттуктоо сөздөр айтылып кыргыз тилин сактап таза кыргыз тилинде сүйлөөгө чакыруу айтылды. Кыргыз тили майрамына активдүү катышкан окуучуларга ыраазычылык айтылып ардак грамота менен сыйланышты. Майрамдык кече кыргыз тил гимндин жаӊыруусу менен аякталды.

Ички иштер кызматкерлери жана ИДН менен бирдикте жолугушуу өтүлдү

12-сентябрь күнү Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейде окуучулар арасында кылмыштуулукту, зордук зомбулуктун алдын алуу жана окуучулар арасында терроризм тууралуу түшүндүрүү иш чараларын жүргүзүү максатында ички иштер кызматкерлери,

ИДН кызматкери, милициянын ага лейтенанты Эркебаев Дилмурат Жакыпович менен бирдикте жолугушуу өткөрүлдү.

1-сентябрь Билим күнү

Кутмандуу күнүӊүздөр менен!

Бүгүн майрам – Билим күнү! Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейде 2023-2024- жаӊы окуу жылынын башталышы, билим күнүнө карата салтанаттуу линейка өткөрүлдү.

Бардык окууга жаӊы тапшырган студенттерди, бардык мугалимдерди, устаттарды жана студенттерди жаӊы окуу жылы менен куттуктайбыз.

Жалпы ишембилик

10-июнь күнү туристтик сезонго карата даярдык көрүү максатында Ош шаарындагы бардык мекеме-ишканалардын, муниципалдык аймактардын, ички-сырткы көчөлөрүнүн жана имараттардын тазалыгына, жашылдандыруу жумуштары жүргүзүлдү. Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицей да ишембиликке активдүү катышты. Лицейдин айлана чөйрөсү жана Касымбеков көчөсүнүн тротуарларына да тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Мамлекеттик сынак

2023-жылдын 16-июнь күнү кыргыз тили жана орус тили сабактары боюнча мамлекеттик бүтүрүү сынагы болуп өттү. Сынак учурунда окуучулар тестик иш жана жат жазуу жазышты.

2-июнь күнү Кыргыз Республикасында 2022-2023-окуу жылындагы бүтүрүүчүлөргө Кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты сабагынан жазуу түрүндө Мамлекеттик сынак өткөрүлдү.  Кыргыз адабияты сабагынан өткөрүлгөн эссесинде үч теманын негизинде окуучулар эркин ой жүгүртүп жазышты. Эссенин талаптарын так аткарышты.

2 июня по всему КР был письменный экзамен по русской литературе и русскому языку(эссе).
Выпускники с волнением ждали задания и для них были неожиданностью темы эссе, это творческое мышление учащихся ,,Поэзия Расула Гамзатова, Время жить , Баллада о счастье,,.
Порой на первый взгляд темы актуальные, полезные, дают повод для размышлений.
Ученикам трудно было изначально выбрать, но многие написали эссе на тему ,,Время жить,,.
Порой казалось, что эти молодые люди не смогут так глубоко вникнуть в суть темы, но читая некоторые эссе прошибали слезы, порой вчерашние непослушные мальчишки написали так проникновенно, так глубоко, так откровенно, так круто, так душевно!
А, впереди ещё предстоят другие экзамены.
И хочется им пожелать только светлых дорог и успехов!

7-июнь күнү лицейдин бүтүрүүчүлөрү «Алгебра жана анализдин башталышы» сабагынан экзамен тапшырышты.

 

Ак жол сага бүтүрүүчү!

2023-жылдын 25-май күнү “Акыркы коӊгуроо” салтанаттуу аземи болуп өттү. Салтанаттуу аземди окуу жайдын жетекчиси куттуктоо сөзүн айтып ачып берди. Жыл бою окуудагы жетишкендиктери жана коомдук иш чарага активдүү катышкан окуучуларга лицейдин атынан ардак грамоталар жана ата-энелерге ыраазычылык каттар берилди. “Акыркы коӊгуроо” аземи окуучулар тарабынан даярдалган концерттик программа менен уланды. Салтанаттуу аземдин аягында бүтүрүүчүлөр агай-эжекелерге ыраазычылык билдирип гулдестелерди тартуулап жылуу сөздөрүн айтышты. Майрам шаӊдуу музыка менен коштолду. Акыркы коӊгуроонун үнү жаӊырып, бүтүрүүчүлөргө ак жол каалап өттүк.

9-Май Улуу Жеңиш күнү!

2023-жылдын 6-майында саат 10:00дө Москва шаарындагы Белгисиз солдаттын мүрзөсүнө коюлган Өчпөс оттон Ош шаарына салтанаттуу түрдө «Эскерүү оту» тапшырылды.

  Эскерүү отту Ош шаарына Элдик фронттун активисттери: россиялык теле жана радионун алып баруучусу Дарья Ермакова, Биринчи каналдагы Эркек/Аял программасынын туруктуу алып баруучусу Юлия Барановская жана НТВ телеканалынын “Биз жана илим” автордук программасынын белгилүү теле алып баруучусу, блогер, илимдин популяризатору Екатерина Шугаева тапшырышты.

Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин мемориалдык комплексиндеги өчпөс отту Ата Мекендик согуштун ардагери Касымбай Жолдошев күйгүздү.

Иш чарага Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейдин окуучулары, тагыраак айтканда АЧД боюнча облустук спартакиаданын жеңүүчүлөрү катышып келишти.

Дорогие друзья!

В канун Дня Победы с Огнем памяти приехала телеведущая Юлия Барановская из г.Москвы!

Русский дом г.Ош и Росcсотрудничество в КР тепло, радостно и организованно приняли Огонь.

Учащиеся Профессионального лицея №16 во главе с руководителем по Военному делу с О.Аккушевым приняли активное участие в этом мероприятии.

Наши ученики являются победителями в Областном соревновании по военному делу.

Спасибо руководителю Орозу  Аккушеву за патриотическое воспитание учащихся, за любовь к Родине, за память к ветеранам ВОВ и погибших на войне.

Вечная Слава Героям!

Вечная Слава!

Бош иш орундар жана кесиптер жарманкеси

Ош кыргыз драма театрында 2023-жылдын 27-апрель күнү КРнын эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги тарабынан уюштурулган «Бош жумуш орундар» жарманкеси болуп өттү.

Бул иш-чарага №16 Кесиптик лицейдин окуучулары жана эмгек жамааты активдүү катышты. Лицейдин окуучулары тарабынан ыр, бий жана кол өнөрчүлүктөрүн тартуулашты.

Окуучулар тарабынан жасалган улуттук кийимдер, буюмдар, кездемелерди көргөзүштү.