Спартакиада

26-27-апрель күндөрү Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейинде Ош облусундагы кесиптик лицейлерде окуган улан кыздардын арасында волейбол боюнча облустун биринчилиги болуп өттү.
Бул иш чараны Ош облусунун дене-тарбия жана спорт башкармалыктын башчысы Камалов Айбек Өскөнович, КРнын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу республикалык дене тарбия, спорт жана маданият борборунун Ош облусундагы координатору Сыдыков Турдали Абсалилович ачып беришти.
Облустук биринчиликке жалпы Ош облусунун кесиптик лицейлерде окууган улан кыздар катышышып спорт чеберчилигин көрсөтүштү.
№16 кесиптик лицейинин волейбол боюнча кыздар жана уландар курама командалары 1 -байгелүү орунду багындырып диплом жана кубок менен сыйланышты.

Ачык эшиктер күнү-2024

Түштүк регионундагы эң чоң  лицей деп аталган Ош шаарындагы № 16 Кесиптик лицейде жыл сайын салттуу өтүлүүчү мектептин бүтүрүүчүлөрү үчүн 2024-жылдын 25-апрелинде «Ачык эшиктер» күнү болуп өттү. Ага орто мектептердин мугалимдери, бүтүрүүчү окуучулар, алардын ата-энелери,  шаардагы  №52, №7, №38, №6, №11, №3,  мектептердин жетекчилери, Кара-Суу районундагы №46, №81, №3, №89, №23, №86, №105, №57, №94, №86, №96, №66 мектептердин жетекчилиги жана каалоочулар катышты. Кесиптик лицейге мектептен келген конокторду лицей жамааты шаӊдуу музыкалар менен көӊүлдүү тосуп алышты.

Ачык эшиктер күнүнө карата лицей окуучуларынын колдорунан чыккан кол өнөрчүлүк көргөзмөсү көрсөтүлдү.

Келген коноктор кесиптик лицейдин материалдык-техникалык базасы менен кеӊири таанышышты. Мектеп окуучулары кызыгуу менен экскурсияга катышып, кызыккан суроолоруна жооп алышты.

Ошондой эле окуу жайдын окуучулары тарабынан даярдалган заманбап улуттук колориттеги, традициялуу эмес, униформа, аялдардын жана эркектердин сырткы кийимдеринин көрсөтмөсү тартууланды. Аталган кесиптик лицейдин жетекчиси Абжалиева Нематхон Токобековна эмгек рыногунун  талабы – женил өнөр жайында өтө муктаждыкты талап кылып жаткандыгын белгилеп, учурда лицейдин 80ден ашуун окуучулары шаарыбыздагы ар кандай тигүү ишканаларына өндүрүштүк практикага чыкканын айтып, лицейдин бутүрүүчүлөрү жүз пайыз иш менен камсыз болорун айтып өттү. Ачык эшиктер күнүнө жалпысынан 440 адам катышты.

Кесиптик лицейдин жамааты мектеп бүтүрүүчүлөрүнө жакшы насаат сөздөрүн айтып, ачык эшик күнүнө мектептен келген мугалим окуучуларына жана жетекчилерине терең ыраазычылык билдирүү менен узатышты.

Ишембилик

2024-жылдын 20-апрель күнү жалпы лицейдин кызматкерлери менен окуучулары ишембиликке чыгып, айлана-чөйрөнү тазалоого активдүү катышышты. Окуу жайыбыздын айланасын санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча ишемби күндөрү, ишембиликке чыгуу жакшы салтка айланды.

Ишембилик

Бүгүн, 13-апрель күнү лицейдин кызматкерлери, мугалим, устаттар жамааты окуучулар менен ишембиликте:  лицейдин айланасындагы жана Касымбеков көчөсүндөгү  арыктар тазаланып, таштандылар чыгарылды.

Ош шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 27- февралындагы “Ош шаарын жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитарнык тазалоо боюнча жазгы үч айлыкты жарыялоо токтомунун негизинде жана КР ББИМнин тарабынан жарыяланган “Бир окуучу -бир дарак” акциянын алкагында , Республикада 6-апрель көчөт отургузуу күнүнө карата Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейдин окуучулары жана мугалим-устаттары жалпы шаардык ишембиликке активдүү катышышты. Окуу жайдын айланасын тазалоо актап-сырдоо иштерин жана бак тигүү, көчөт отургузуу иштерин  мыкты аткарышты. №16 Кесиптик лицейдин жамааты таза жана жашыл Ош шаар үчүн!!!

Аккредитация

Беш жылдык аккредитациядан өтүү мөөнөтү келгендигине байланыштуу Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейи 2024-жылдын 29-март күнү төрт кесип:

  1. “Автотранспорт каражаттарын оңдоочу слесарь”
  2. “Электр-газ менен ширетүүчү”
  3. “Тигүүчү, тигүү жабдууларынын оператору”
  4. “Кургак курулуш иштеринин устаты”

 “Эл баасы” аккредитациялоо агенттигинин беш жылга аккредитациядан өттү.

Нооруз майрамы

Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейде Нооруз майрамы өткөрүлдү. Нооруз майрамында  арча түтөтүп, айлананы жамандыктан тазалоо менен окуучулар кыргыз элинин каада салтын, урп адатын чагылдырып, улуттук оюндары ойнотулуп, ыр бий менен коштолду.

Өндүрүштүк практика

Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейи  “Байка Текстиль” Жоопкерчилиги чектелген коому менен түзүлгөн келишимдин негизинде 2024-жылдын 18-мартынан 16-17-ШВ-2022-тайпалары өндүрүштүк практикага чыгышты.

Өндүрүштүк практиканын максаты: эмгек рыногунун талабына ылайык теориялык алган билимдерин практикада жогорулатуу менен компетенттүү адис болуу.

Математикалык таймаш

2024-жылдын 12-март күнү Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейде I-курста окуган тайпалар арасында математикалык таймаш өткөрүлдү.

Оюндун жүрүшү 5 турдан турат:

математикалык макалдар;

“Филворд”;

сандардын пирамидасы;

“Фортуна” айлампасы;

капитандардын таймашы.

Окуучулар өзүнүн математикалык билимин көрсөтүп, натыйжада, орундарды ээлеген окуучулар сыйлуу белектер менен сыйланышты.

Уюштуруучулар- математика мугалимдери Аликулова Гульмира Молдоматовна жана Алимбаева Гулбарчын Жакшыбаевна.

8-март Аялдардын Эл аралык майрамы

Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейде 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү.

Иш чарада лицейдин директору мугалим эжекелерди жана окуучу кыздарды майрамы менен куттуктап, майрамга карата кыздар арасында спорттун волейбол түрү боюнча өткөрүлгөн мелдештин жеңүүчүлөрүнө грамоталарды тапшырды. Окуучулар тарабынан уюштурулган концерттик программа тартууланды.

Брейн-ринг интеллектуалдык акыл-таймашы

Ош мамлекеттик университетинин физика-техника факультетинин ФЕ(б)-1-20 тайпасынын студенттери:

Абдулмажи кызы Каныкей

Калмаматова Жумагүл

Апсаматова Тумариза

Сталбек кызы Айзат

Тунубек кызы Нуркыз

29-январдан 9-мартка чейин Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейде практика өтөштү.

Практика учурунда 5-март күнү Брейн-ринг интеллектуалдык акыл-таймашын өткөрүштү.