8-март Аялдардын эл аралык күнү

Кымбаттуу айымдар!

Сиздерди жаздын эң жарык, эң жылуу майрамы – Аялдардын эл аралык күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Бул күн сиздерге кубаныч, бакыт, сүйүү жана гармония алып келсин. Ар дайым жүзүңүздөн жылмаюу кетпесин, жүрөгүңүз тынчтыкта болсун, өмүрүңүз жаркыраган күндөргө, жагымдуу көз ирмемдерге толсун!

Сиздер – бул дүйнөнүн көркү, жашоонун жылуулугу, үй-бүлөнүн куту жана коомдун таянычысыздар! Жарык дүйнөгө жылуулук тартуулаган назиктигиңиздер, мээримиңиздер жана акылмандыгыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.

Жашооңуздар сүйүү жана бакытка толуп, ар бир күнүңүздөр жакшы кабар, ийгилик жана жаңы мүмкүнчүлүктөр менен коштолсун!

Майрамыңыздар кут болсун

“Убакытка баш ийбейт” ийирими

Саламатсыздарбы, достор!

8-Март – Эл аралык аялдар күнүнүн алдында менин активдүү ийримчилерим “Время неподвластно” Оштогу Орус үйүнө чакырылышты. Биз бул уюм менен көп жылдан бери кызматташып келе жатабыз.

Менин кыздарым өз алдынча, жоопкерчиликтүү болушкандыктан, майрамга өздөрү барышты жана бүгүн саат 13:00дө Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган Олимпиадага катышышат.

Аларга ийгилик каалайм! Алар бизди уят кылбайт деп билем жана биздин лицейдин – түштүктүн алдыңкы окуу жайынын – желегин, билимин жана наамын дагы да бийик көтөрүшөт!

Дайыма тынчтыкта жана жакшылыкта жашагыла!

5-март – Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү

Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейде 5-март – Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү өзгөчө шаң менен белгиленди. Иш-чаранын алкагында лицейдин студенттери кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын даңазалоо максатында түрдүү маданий жана патриоттук иш-чараларды өткөрүштү.

Лицейдин ак калпакчан жигиттери улуу мурасты урматтоо иретинде салтанаттуу жөө жүрүш жасашты. Алардын улуттук кийимдери, көкүрөктөгү мекенчилдик деми айлана-чөйрөгө өзгөчө руханий атмосфера тартуулады

Бул иш-чара жаш муундун улуттук аң-сезимин көтөрүп, маданий мурастарды даңазалоого чоң салым кошту. Лицейдин жетекчилиги жана окутуучулар жигердүү катышып, студенттерге мекенчилдиктин, улуттук биримдиктин маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Мындай иш-чаралар улуттун маданий өзгөчөлүгүн сактоо менен бирге, жаштардын руханий өнүгүүсүнө да чоң өбөлгө түзөрү шексиз

Биз бангизатка каршыбыз

Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейде 4-март күнү “Биз баңгизатка каршыбыз” аттуу маанилүү иш-чара болуп өттү. Бул иш-чарага  КР ИИМ Бангизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын алдын алуу жана коомчулук менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн ыкчам өкүлү, милициянын подполковниги Жапакова Гулмира Жузубалыевна, катышып, баңгизаттын адам баласына тийгизген терс таасирлери, анын кесепеттери жана алдын алуу жолдору тууралуу кеңири маалымат берди.

Иш-чаранын алкагында студенттер арасында дубал газеталар боюнча чыгармачыл конкурс уюштурулду. Ар бир тайпа өздөрүнүн эмгектерин тартуулап, анда баңгизатка каршы күрөштүн маанисин сүрөт, ураан жана тексттер аркылуу чагылдырды. Катышуучулар өз эмгектерин талдап, идеяларын түшүндүрүп беришти.

Конкурстун жыйынтыгында калыстар тобу мыкты деп тапкан иштерди тандап, жеңүүчүлөргө баалуу белектер ыйгарылды. Бул иш-чара студенттердин баңгизат тууралуу маалыматын арттырып гана тим болбостон, аларды сергек жашоого үндөгөн маанилүү иш-чаралардын бири болуп калды

3-март Мамлекеттик Туу күнү

Бүгүн, 3-март – эгемендүү өлкөбүздүн Туусу кабыл алынган күн. Бул маанилүү датага карата №16-кесиптик лицейинде чакан иш-чара уюштурулуп, Кыргыз Республикасынын Туусу салтанаттуу түрдө көтөрүлүп, Гимн жаңырды.

Кыргыз мамлекетинин туусу – бир түстүү кызыл, ал эрдиктин, тайманбастыктын жана элибиздин биримдигинин символу болуп саналат. Туунун борборундагы жаркыраган алтын күн – бейпилдикти жана бакубат жашоону чагылдырат. Мамлекеттик символубузга аяр мамиле кылуу ар бир Кыргызстандын жараны үчүн ыйык милдет.

Иш-чаранын жүрүшүндө окуучуларга Кыргызстандын Туусунун кабыл алынган күнү, анын тарыхы жөнүндө кеңири маалымат берилип, ошондой эле туунун авторлорунун өмүр баяндары менен тааныштырылды. Мындан тышкары, жаңыланган Туу боюнча да кошумча маалымат берилди.

Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү

2025-жылдын 28-февралында Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейинде жаркын маанайда жана көтөрүңкү шаң менен “Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү” белгиленди. Майрамдык иш-чара көрүүчүлөргө унутулгус таасир калтырып, чыныгы маданий майрамга айланды.

Иш-чарада лицейдин чыгармачыл жана таланттуу окуучулары дүйнө элдеринин көп түрдүүлүгүн даңазалаган улуттук бийлерди шыктануу менен аткарып, ар улуттун өзгөчө обондорун чеберчилик менен тартуулашты. Сахнада ар түрдүү элдердин маданиятынын түстүү көрүнүштөрү чагылдырылып, ар бир өнөр чыгармасы көпчүлүктүн купулуна толуп, ысык кол чабууларга ээ болду.

Бул майрамды белгилөө лицейдин окуучулары жана мугалимдери үчүн зор мааниге ээ болду, анткени ар бир улуттун тили, маданияты жана каада-салты кайталангыс баалуулукка ээ экендигин дагы бир жолу эске салып өттү. Иш-чаранын негизги максаты — ар түрдүүлүктү урматтоо, улуттар аралык достукту чыңдоо жана башка элдердин тилин, каада-салтын жана маданиятын сыйлоо духунда жаш муундарды тарбиялоо болду.

Майрамдык иш-чара ыйык тилге болгон сүйүүнү даңазалап, ар бир катышуучунун жүрөгүндө биримдикти, достукту жана тилдердин ажайып дүйнөсүн баалоо сезимин жаратты.

Улуу жеңиштин тарыхын бил

№16 Кесиптик лицейдин 1-курстун кыздары, «Убакытка баш ийбейт!» адабий салонунун мүчөлөрү, бүгүн, 25-февралда, Оштогу Орус үйүндө өткөн Эл аралык агартуу акциясына – «Улуу Жеңиштин тарыхын бил» онлайн-тестине катышып, жакшы жыйынтыктарды көрсөтүштү: 80-83 балл алышты.
Баардык катышуучуларга электрондук сертификаттар берилет.

Алардын алдыга умтулуп, билимдерин текшерип, келерки жылы Россиянын жогорку окуу жайларына тапшырууга аракет кылып жатышканы мени абдан кубандырат.
Бул кыздар Ош шаарындагы Орус үйү өткөргөн бардык иш-чараларга, анын ичинде диктанттарга да активдүү катышып келишет.
Бардык иш-чаралар Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган.

Суроолордун ичинде Борбордук Азия элдеринин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке кошкон салымдары тууралуу да болду.
Биз согуш талаасында калган баатырларды эскеребиз жана алар менен сыймыктанабыз.
Аларга түбөлүк даңк!

Улуу Жеңишке 80 жыл

Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейинде Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата 2025-жылдын 17-февралынан 21-февралына чейин атайын иш-чаралар жумалыгы өткөрүлдү. Иш-чарага окуу жайдын педагогикалык жамааты жана окуучулар активдүү катышып, өздөрүнүн таланттарын жана жөндөмдөрүн тартуулашты.

Иш-чаралардын жүрүшүндө Улуу Ата-Мекендик согуштун башталышынан тартып, анын жеңиш менен аяктаганга чейинки маанилүү эпизоддору чагылдырылып, көрүүчүлөргө таасирлүү сценалар көрсөтүлдү. Бул көрүнүштөр жаңы муундун жүрөгүндө патриоттук сезимдерди ойготуп, тарыхый окуяларды тереңирээк түшүнүүгө чоң таасир этти.

Ар дайым элибиздин бейпилдиги сакталып, заманыбыз тынч болсун деп тилек кылабыз!

Кесиптер парады

Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейинде кесипти даңазалоо максатында “Кесиптер парады” уюштурулду, бул иш-чарада окуучулардын колунан жаралган кол өнөрчүлүктөрү жана колунан көөрү төгүлгөн ууз-чебер кыздарыбыз тарабынан тигилген кийимдерине мода көргөзмөсү өткөрүлдү. Ошондой эле ар бир кесип өзүнүн кесибин даңазалап, жасаган буюмдарын алып чыгышты

Жашоо көндүмдөрү жана ишке орношуу

Ош шаарындагы N 16 Кесиптик лицейинде 14-февраль күнү болуп Афлатун программасынын “VIBEs” долбоорунун “Жашоо көндүмдөрү жана ишке орношуу” боюнча тренинг уюштурулуп, тренингге VIBEs долбоорунун эксперти Исмаилова Рахат жана Республикалык илимий-методикалык борбордун директорунун орун басары Саттарова Алымкан Ногойбековна катышып, “Жашоо көндүмдөрү жана ишке орношуу” боюнча тренер, Кесиптик лицейдин ага устаты Нишанова Кайыргул Алишеровнанын тренерлик жөндөмүнө жогору баа берилип, окуучулардын көндүмдөрүн мындан ары дагы уланта берүүсүн жана ишке орношуудагы кыйынчылыктарды жоюуда көндүмдөрүн өнүктүрө берүү керектигин баса белгилеп кетишти.