Урматтуу Ата Мекенди коргоочулар! Сиздерди 23-февраль – Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Жергебизде ар дайым тынчтык өкүм сүрүп, гүлдөп өсө берсин! Сиздерге бекем ден-соолук, узун өмүр, бакубат турмуш каалап, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө арналган кызматыңыздарда ийгиликтер арта берсин. Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейдин окуучу кыздары 23-февраль Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата майрамдык маанай тартуулашты.
23-февраль «Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата 16-17- февраль күндөрү №16 Кесиптик лицейде тайпалар арасында спорттун волейбол түрү боюнча спорттук мелдеш өткөрүлдү. Жеӊүүчүлөр аныкталып, сыйлыктар тапшырылды.
2024-жылдын 15-февраль күнү №16 Кесиптик лицейде химия мугалимдери Юсупова Элнура жана Муктаров Абдыганы тарабынан Химия жана ден соолук генетиканын бузулушу аттуу темада иш чара өткөрүлдү.
Иш чаранын максаты: учурда колдонулуп жаткан химиялык каражаттардын ден-соолукка тийгизген терс жактары, ошондой эле экологиянын бузулушу, психотроптук заттардын адам өмүрүнө коркунуч алып келиши тууралуу түшүндүрүп жеткирүү.
Иш чаранын жүрүшүндө ар бир катышуучу тайпа өздөрүнө бөлүнгөн тапшырмаларды коргоп айтып беришти.
Уюштуруучулар тарабынан суроо жооп берилип эӊ жакшы жооп берген окуучулар белектерди алышты. Иш чаранын соӊунда жетекчилик тарабынан жылуу сөздөр айтылды.
Бүгүн 2024-жылдын 15-февраль күнү Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейи, Кыргызстан жана Кореянын Геоиже Университети менен эки тараптын ортосундагы достук мамилелерди чыӊдоо максатында, өз мамлекеттердин суверенитетинин жана теӊ укуктуулугунун кызматташтыкты чыӊдоо максатында меморандуму түзүлдү.
Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейинин “Тигүүчү, тигүү жабдууларынын оператору” кесибинин 31-ШВ-2023 тайпасы Ош шаарындагы Кен-Сай массивинде жайгашкан “Кыргыз Текстиль ЛТД” ЖЧК тигүү фабрикасына өндүрүштүк окуу сабагы учурунда экскурсияга чыгып, өздөрүнүн билим куржунуна керектүү маалыматтарды алып келишти.
Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейинин “Тигүүчү, тигүү жабдууларынын оператору” кесибинин 1-курстун окуучулары 2019-жылы түзүлгөн Меморандумдун негизинде “Академиялык мобилдүүлүк” боюнча Ош шаарындагы 12-Кесиптик лицейинде тажрыйба алмашууда
2024-жылдын 15-февраль күнү Ош шаарындагы Токтогул атындагы сейил багында Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылышынын 35 жылдыгына карата Ооган согушунда курман болгон аскерлердин эстелигине гүл коюу аземи болуп өттү. Бул иш чарага №16 Кесиптик лицейдин мугалимдери жана окуучулары активдүү катышып келишти.
Ош облустук Рыспай Абдыкадыров атындагы филармониянын акындары Шамырбек Тургунбаев , Торобай Арзыбаев жана белгилүү ырчы Курманбек Карабаев №16 Кесиптик лицейдеги окуучулар менен жолугушуу кечесин өткөрүштү. Жолугушуу кечеде окуучуларга концерттик программасын тартуулашты. Акын Шамырбек Тургунбаев “Бутун турсун жер шаары” аттуу китебинин бет ачарын өткөрдү.
ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжи менен түзүлгөн меморандумдун негизинде Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейде №16, №12, №112, №113-Кесиптик лицейлердин техникалык билими бар атайын предмет мугалимдери жана өндүрүштүк окутуунун устаттары педагогикалык билим алууда.
Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейдин ширетүүчү тайпаларынын окуучуларына Ош шаарындагы “Кыргыз мед.тех.стандарт” ишканасынын устаты Жетибаев Мухаммед аргон менен ширетүү боюнча мастер-класс өтүп берди жана келечек муунду тарбиялоодо, мыкты ширетүүчүлөрдү даярдоодо тыгыз иш алып барууга көмөктөшө турганын билдирип кетти.