Ош шаарындагы N16-Кесиптик лицейинин “Тигүүчү, тигүү жабдууларынын оператору” кесибинин 2-курстарынын арасында Текстилди өнүктүрүү борбору тарабынан уюштурулган “FASHION HACKATHON-2024” аттуу мелдешинин тандоо туру болуп өттү! Анда жалпы 11 окуучу катышып, анын ичинен 2 окуучу тандалып алынып, жогорудагы аталган мелдешке катышууга мүмкүнчүлүк алды
Ош шаарындагы 16 Кесиптик лицейинде 2024 -жылдын 23 – сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата иш чара болуп өттү. Иш чаранын жүрүшүндө Манас айтуу менен башталып , көркөм ырлар, кыргыз бийлери ,макал – лакаптар, акыйнек менен коштолуп жыйынтыкталды. Ар бир тайпа Мамлекеттик тил күнүн даңазалап стенгазета тартышты.
Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейинде окуу корпусунун сырткы фасадын оңдоп-түзөө иштери бүгүнкү күндө кызуу жүрүүдө. Кызматкерлердин жана окуучулардын коопсуздугун сактоо, окуу процессин үзгүлтүккө учуратпай, иш-чараларды өз убагында уюштуруу үчүн лицейдин жетекчилиги учурда иш алып барууда.
2024-жылдын 14-сентябрында КРнын баардык аймактарында республикалык ишембилик. Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейдин окуучулары жана инженердик-педагогикалык кызматкерлери да ишембиликке катышышты. Лицейдин айланасында ошондой эле Касымбеков көчөсүнүн жол жээктеринде таштандылардан тазалоо иретке келтирүү иш-чарасы өткөрүлдү.
Биздин лицейде да бүгүн майрам. Салтанаттуу майрамды лицейдин жетекчиси Нематкан Токобековна ачып, окуучуларды жаңы окуу жылы менен куттуктады, жаңы окуу жылына жаңы дем күч менен билим алууга, кесипкөй инсан болууга, ошондой эле мугалим устаттарга чыгармачылык ийгилик каалады. Окуучулар тарабынан чакан концерттик номерлер аткарылды.
2024-жылдын 21-26-июнь күндөрү бекитилген график боюнча лицейде «Тигүүчү, тигүү жабдууларынын оператору», «Автоунаа каражаттарын оңдоочу слесарь», «Электр жабдууларын оңдоо жана тейлөө боюнча электромонтер», «Электр жана газ менен ширетүүчү», «Кургак курулуш адиси», «Веб жана мультимедиялык тиркемелерди иштеп чыгуучу», «Компьютерди жана кенсе техникаларын оңдоочу жана тейлөөчү устат» «Сантехника слесары» адистиктери боюнча квалификациялык сынактар өткөрүлүп жатат.
Бүгүн 31- май күнү Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейдин мугалим-устаттар жана окуучулар жамааты №113 Кесиптик лицей баштаган “Ош шаарыбызды сактайлы ” аттуу тазалык акциясын Манас -Ата аймагында жайгашкан У.Салиева көчөсүндөгү аллеяны жана “Семетей” кинотеатрдын айланасын таштандылардан тазалоо менен аткардык.
“Ош шаарыбызды сактайлы!” тазалык акциянын максаты: жаштарды тазалыкка, патриоттуулукка, маданияттуулукка тарбиялоо жана жаратылышты сүйүүгө үйрөтүү болуп эсептелет. Ош шаарыбыздын таза жана көрктүү болушуна №16 Кесиптик лицей ар дайым салымыбызды кошуп келгенбиз мындан нары дагы кошобуз.
“Ош шаарыбызды сактайлы!” тазалык акциясын улантып №16 Кесиптик лицей эстафетаны Ош МУнун №12 Кесиптик лицейине узатабыз.
№16 Кесиптик лицей “Таза Ош шаарыбыз үчүн, Ош шаарыбыз баарыбыз үчүн!!!”
2024-жылдын 25-май күнү лицейде “Акыркы коңгуроо” салтанаттуу аземи өткөрүлдү. Акыркы коңгуроо салтанатына лицейдин жетекчилиги, мугалимдер, устаттар, окуучулар, бүтүрүүчүлөр, ата-энелер жана ошондой эле меймандар катышышты. Башында лицейдин директору Акыркы коңгуроо салтанатын ачып берүү менен бүтүрүүчүлөргө куттуктоо сөздөрүн айтып алдыңкы окуучуларга грамоталарды жана ыраазычылык баракчаларын тапшырды.
Салтанатка Ош шаарындагы Орус үйүнүн директору Аврам Д.Н., москвалык акын Соболь Анжелика жана Русский домдун жетектөөчү адиси – Елена Георгиевна катышышты. Алар «Орус үйүнүн» иш-чараларына үзгүлтүксүз активдүү катышкан бүтүрүүчүлөрүн белгилеп ыраазычылык баракчаларын тапшырышты.
РДБнын директору Аврам Д.Н., мугалимдердин активдүү кызматташтыгын белгилеп, лицейде орус тилин жайылтууда көрсөткөн колдоосу үчүн лицейдин директору Н.Т.Абжалиевага ыраазычылык билдирип, мындан аркы кызматташууну каалап кетти.
Майрамдык салтанат окуучулар тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.
Ошондой эле бүтүрүүчүлөр жана ата -энелер мугалим-устаттарга ыраазычылык билдирип жылуу сөздөрүн айтып жана гулдестелерди тартуулап кетишти.
2024-жылдын 30-апрель күнү С. Ибраимов атындагы Ош Улуттук Драма Театрында бош жумуш орундар жана кесиптер жарманкеси болуп өттү.
Жарманкеге Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Куттубек Абдуллаев, JIA бизнес ассоциациясынын өкүлдөрү, ишкерлер, окуу жайлардын студенттери катышышты. Жарманкеде 40тан ашуун ар багытта иш алып барган алдыңкы компаниялар тарабынан 500дөн ашуун бош жумуш орундары сунушталды.
Болуп өткөн бош жумуш орундар жана кесиптер жарманкесине Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейдин жамааты актдивдүү катышты.
26-27-апрель күндөрү Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейинде Ош облусундагы кесиптик лицейлерде окуган улан кыздардын арасында волейбол боюнча облустун биринчилиги болуп өттү.
Бул иш чараны Ош облусунун дене-тарбия жана спорт башкармалыктын башчысы Камалов Айбек Өскөнович, КРнын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу республикалык дене тарбия, спорт жана маданият борборунун Ош облусундагы координатору Сыдыков Турдали Абсалилович ачып беришти.
Облустук биринчиликке жалпы Ош облусунун кесиптик лицейлерде окууган улан кыздар катышышып спорт чеберчилигин көрсөтүштү.
№16 кесиптик лицейинин волейбол боюнча кыздар жана уландар курама командалары 1 -байгелүү орунду багындырып диплом жана кубок менен сыйланышты.