2023-жылдын 17-ноябрь күнү Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагынын «Коомдук алдын алуу борбору» тарабынан уюштурулган маалымат жолугушуусуна №16 Кесиптик лицейинин өндүрүштүк окутуунун устаттары Хакимова Феруза жана Арзалиев Бексултан, окуучулары Абсаттарова Даткайым жана Полотбеков Элбурс катышып лицей жөнүндө маалымат берип, кесипке багыт иштерин жүргүзүштү.
РНМЦнын квалификациясын жогорулатуу боюнча иш планына ылайык «Эмгек резерви» Республикалык дене-тарбия жана спорт борбору менен биргеликте Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейинде 2023-жылдын 13-ноябрынан 18-ноябрына чейин Башталгыч кесиптик билим берүү мекемесинин жаштарды аскерге чейинки даярдоо жетекчилерин квалификациясын жогорулатуу курсу өткөрүлүүдө.
2023- жылдын 1- ноябрь күнү Ош шаарындагы 16 Кесиптик лицейдин “Жаштык” жатаканасында “Тазалык – ден соолуктун булагы” аттуу темада иш чара болуп өттү. Окуу өндүрүштүк окутуунун устаты Хакимова Феруза жана 17-ШВ-2022 тайпасынын окуучуларынын катышуусунда болду. Иш чаранын жүрүшүндө тазалык тууралуу видеороликтер, тамашалуу көрүнүштөр көрсөтүлдү.
Жыйынтыгында командаларга ыраазычылык билдиришип, достук жеӊерин белгилеп кетти жатакана жетекчиси.
2023-жылдын 28-октябрь күнү Ош шаарындагы №38 «Барпы Алыкулов» атындагы орто мектебинде «Araket» швейцария долбоору тарабынан өткөрүлгөн «Бирге өнүгөбүз» маданий фестивалына биздин лицейдин таланттуу окуучулары 17-ШВ-2022-тайпасынын окуучусу Анарбекова Самира; 31-ШВ-2023-тайпасынын окуучулары Дооранбекова Мээрзат, Акимжанова Сезим, Тополонова Доолоткан; 37-ЭМ-2023-тайпасынын окуучусу Жолдошев Абдулборий; 21-ЭМ-2022-тайпасынын окуучусу Камилов Назимжан катышышып II-орунга ээ болушуп грамота жана сыйлыкка приз алышты.
2023-жылдын 23-октябрь күнү Күз жарманкеси жана 27-октябрь күнү №16 Кесиптик лицейде тайпалар арасында Күз майрамына карата «Күзгү бал» сынагы өткөрүлдү. Сынакка окуучулардын жакшы даярдангандыгы аткарган ыр, бий интермедияларынан көрүнүп турду. Сынактын акырында Күз мырзасы жана Күз периси белгиленип жеӊүүчүлөргө грамота жана сыйлыктар тапшырылды.
Урматтуу мугалимдер, билим берүү тармагына өмүрүн арнаган агай-эжекелер, Сиздерди бүгүнкү 5-октябрь Мугалимдер күнү мененкуттуктайбыз. Ден соолугуӊуздар чыӊ болуп, ишиӊиздерди ийгиликтер коштосун!
№16 Кесиптик лицейде мугалимдер күнү белгиленипокуучулар тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду. Жетекчилик тараптан куттуктоолор айтылып жыйынтыкталды.
2023-жылдын 2- октябрь күнү Ош шаарындагы 16 Кесиптик лицейде адаттагыдай эле «Карыялар күнүнө» карата бир топ жыл үзүрлүү эмгектенген ардагерлерди лицей жетекчилиги куттуктап, аларга ден соолук каалап өттү. Мугалимдик кесипти аркалап сый тапкан биздин кесип ээлерин кызуу куттуктады.
2023-жылдын 25-26-сетябрь күндөрү Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейде спорттун волебол түрү боюнча тайпалар арасында мелдеш өткөрүлдү. Жеӊүүчүлөр аныкталып жетекчилик тарабынан грамоталар тапшырылды жана облусттук мелдешке жолдомо алышты.
2023-жылдын 22-сентябрь күнү Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейде Кыргыз тили мамлекеттик тил деп кабыл алынгандыгына 34 жылдыгын майрамдык иш-чара менен кызуу белгиленди. Анда окуучулар кыргыз тилин даӊазалаган көркөм окуу ырларын, Манас эпосунан үзүндү аткарышты. Ошондой эле кыз-жигит сармердени өткөзүлүп акыйнек, макал-лакап айтышуу, ыр бийлер менен коштолуп турду. Иш –чаранын аягында кесиптик лицейдин жетекчилиги тарабынан куттуктоо сөздөр айтылып кыргыз тилин сактап таза кыргыз тилинде сүйлөөгө чакыруу айтылды. Кыргыз тили майрамына активдүү катышкан окуучуларга ыраазычылык айтылып ардак грамота менен сыйланышты. Майрамдык кече кыргыз тил гимндин жаӊыруусу менен аякталды.
2023-жылдын 16-сентябрь ишемби күнү Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейде ишембилик өткөрүлдү. Ишембиликте лицейди камтыган аймактар жана ошондой эле Касымбеков көчөсү Айкөл Манас эстелигине чейин тазаланды.